“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын абалы тууралуу талкуу болот
Маселе Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 15-январдагы жыйынында каралат. Жыйында Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси баяндама жасайт. Күн тартибине Кыргызстандагы авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы жөнүндө маселе да киргизилген. Ага Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги чакырылган. Буга чейин “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик ишканасынын акцияларынын 49 пайызы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган. Читать дальше...