Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 18.01.2019

HWR: Кыргызстанда адам укугу жаатында жылыш аз

Azattyk.org 

"Хьюман Райтс Уотч" уюму адам укугун коргоо жаатындагы жылдык баяндамасын жарыялады. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укугу жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн көйгөйлөр сакталып жатканы айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноолор үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизмге шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу уланып жатканы белгиленет. Эл аралык уюм өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке чыгарылбаганын да өлкөдө бул... Читать дальше...

"Фeйсбук" жалганды жазган баракчаларды жапты

Azattyk.org 

"Фейсбук" компаниясы мурдагы советтик мейкиндикти бутага алган жалган маалымат таратуу операциясынын алкагында "Фeйсбук" жана "Инстаграммдагы" жүздөгөн баракча, топ жана аккаунттарды жапты.

HRW: автократтарга туруштук берүү күч алды

Azattyk.org 

Дүйнөдө автократ саясатчылардын адам укуктарына жасаган кол салуусуна туруштук берүү күч алды. Бул тууралуу «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган жылдык баяндамасында белгиленген.

Бишкекте журналисттердин укугун коргогон акция уюштурулду

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына "Супер инфо" гезити менен "Next TV" телеканалынын журналисттери пикетке чыгышты. 18-январдагы акциянын катышуучулары колдоруна "Мен милициянын зөөкүрлүгүнө каршымын", "Тикелей милдетин аткарып жаткан журналистти байлап кетүү жарабайт!" деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.  17-январда Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын өлкөдөн чыгарууну көздөп Ала-Тоо аянтына чыккандардын арасынан айрымдарын милиция алып кеткен. Арасында... Читать дальше...



Албек Ибраимов дагы бир коррупциялык ишке шектелүүдө

Azattyk.org 

Экс-мэр "ТНК "Дастан" ишканасына тиешелүү "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шек саналып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш тууралуу Ибраимовдун өзүнө 17-январда билдирген. Ага ылайык, Ибраимов Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча шектелүүдө. УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппарат башчысынын... Читать дальше...

Алматыга жакын жерде тик учак кулады

Azattyk.org 

17-январда Алматыга жакын жерде жеке компанияга таандык тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкуч мерт болду. Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. "Sky Service" авиакомпаниясына таандык "Eurocopter-130" үлгүсүндөгү тик учак "Алатау" санаториясынын аймагына кулаган. Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учактын бортунда бир гана учкуч – аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Читать дальше...

Азия кубогу: 1/8 бөлүктөгү атаандаштар аныкталды

Azattyk.org 

Бириккен Арап Эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча биринчиликтин тайпалык оюндары аяктады. 17-январда акыркы тайпада Өзбекстан футболчулары Жапонияга 2:1 эсебинде утулуп калды. Ошого карабай Өзбекстан менен Жапония кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышты. Бүгүн жана эртең командалар үчүн эс алуу күнү. Ал эми жекшемби күндөн тарта 1/8 финалдык оюндар башталат. Ойной турган командалардын жуптары төмөндөгүдөй аныкталды: 20-январь: Иордания – Вьетнам Таиланд – Кытай Иран – Оман 21-январь... Читать дальше...

Милиция митингде кармалгандарды айыпка жыкты

Azattyk.org 

Январдын башында күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, Биринчи май райондук милициянын башчысы Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 17-январдагы митинг учурунда кармалгандарга айып пул салды.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган кодексте айып пулду ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси аныктай турганы жазылган.   Митингде кармалган 21 жарандын баарына мыйзамда жазылгандай "коомдук тартипти бузду" деген негизде 3000 сомдон айыппул салынып... Читать дальше...

Хакерлер 770 миллиондон ашык электрондук даректерди бузушту

Azattyk.org 

Хакерлер 770 миллиондон ашуун электрондук даректер менен 21 миллион колдонуучунун сыр сөздөрүн бузушту. Батыштын басма сөз каражаттары киберкоопсуздук боюнча эксперттерге шилтеме берип билдиришкендей, "Mega" сервисинин маалымат базасы ачык болуп калган. Андан кийин сайттын шилтемеси хакерлердин белгилүү форумдарынын биринде жарыяланган. Жарыяланып кеткен маалымат базасында Интернет колдонуучулардын кредиттик карталары жана башка жеке финансы тууралуу маалыматтары бар-жогу такталып жатат. Орусиядагы... Читать дальше...

Трамп спикердин чет өлкөгө сапарын кийинкиге жылдырды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс спикери Нэнси Пелоси Брюссель, Египет жана Ооганстанга белгиленген сапарларын кийинкиге жылдырышы керектигин билдирди. Трамптын катынын көчүрмөсү Ак үйдүн "Твиттердеги" баракчасына жарыяланды. Анда президент спикер «шатдаун» аяктагандан кийин аталган өлкөлөргө  барса болорун белгилеген. 29-январда Трамп Конгресске жылдык кайрылуусу менен чыгышы керек. 16-январда Пелоси «шатдаунга» байланыштуу президенттен кайрылуусун кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. "CNN" телеканалы... Читать дальше...

КСДП майыптардын укуктары боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Azattyk.org 

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясы (КСДП) фракциясы бүгүн, 18-январда майыптардын укуктарын камсыздоо боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү министрлик, мекемелердин жетекчилери чакырылган. Кыргызстанда ушу тапта мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптар үчүн шарттын жоктугу негизги маселелердин бири.​ Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Читать дальше...

Путин Косовонун армия түзүү чечимин сындады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Сербиядагы сапары учурунда Косовонун армия түзүү чечимин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди. Орусия лидери 17-январда Белградда Сербия президенти Александр Вучич менен жолугушкандан кийин тараптар биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Путин Косовонун акыркы кадамы Сербия менен мамиленин чыңалышына алып келгенин жана аймактагы туруктуулукка таасир этиши мүмкүндүгүн айтты.  Косово бийлигинин чечимин провакациялык кадам катары сыпаттап, ал БУУнун Коопсуздук... Читать дальше...

Дин кызматкерлери эмдөө маселесин талкуулайт

Azattyk.org 

Ошто бүгүн, 18-январда өтө турган талкууда ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрү, Саламаттык сактоо министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана кесепеттери ортого салшат. Ушундай жыйын 16-январда Бишкекте өткөн. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурган. Кыргызстанда кызылча, кызамык сыяктуу жугуштуу ооруларга каршы эмдөө мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат. Бала төрөлгөндөн тартып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *