Мурзаев: «Алга, кыргыз» деген сөздөр дем берди
Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев менен Бириккен Араб Эмираттарындагы оюндан кийинки маек.
Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев менен Бириккен Араб Эмираттарындагы оюндан кийинки маек.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Берлинде туруп айтканына караганда, бул - өзбек президентинин Германияга 18 жылдан берки биринчи сапары. Ал 21-январда Берлинде немис канцлери Ангела Меркел, президент Франк-Вальтер Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Меркел өзбек президентин өлкөсүндө жасалып жаткан реформаларды улантууга чакырды. Мирзиёевдин Меркел менен жолугушууда айтканына караганда, былтыр эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 700 миллион еврону... Читать дальше...
Транспорт жана жол министрлиги менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) машиненин маңдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөн 94 жаранга протокол толтурушту. Бул иш эки жарым сааттын ичинде аткарылган. Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов “Азаттыкка” билдиргендей, айдоочуларга жалпысынан 282 миң сом айыппул салынды. Айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3000 сомдон, ал эми юридикалык тараптар үчүн 13 000 сомдон. Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык... Читать дальше...
Москва шаарынын соту тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиланды бошотуу жөнүндө арызды четке кагып, аны 28-февралга чейин камакта калтырууну чечти. Уиландын Орусиядагы адвокаты Владимир Жеребенков бул чечимди сотто талашаарын айтты. Анын алдында адвокат Уиланды кармаганда жанынан мамлекеттик сырдуу маалыматтар табылганын билдирген. Адвокаттын айтымында, купуя маалыматтар ага кантип түшкөнү, өзү ал тууралуу билип-билбегени белгисиз. Шейшембидеги сотту утурлай АКШнын Москвадагы... Читать дальше...
Азербайжан бийлиги блогер Мехман Гусейновго каршы козголгон жаңы ишти кыскартты. Бул тууралуу 22-январда Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү кабарлады. Жаңы иш боюнча айып тагылса, блогер 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн эле. Коррупция менен күрөшкөн Гусейновго өткөн айда, абактан чыгууга аз калганда "бийлик өкүлдөрүнө каршылык көргөзгөн" деген жаңы айып коюлган. Ал буга чейин "жалган жала жабуу" деген айып менен эки жылга кесилген. Өзү жана тарапкерлери муну саясий иш деп эсептешет. Камалаарда... Читать дальше...
Кыргызстанда жаңы Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштагандан бери жол эрежесин бузган айдоочулар кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө айтты: - 2018-жылдын декабрь айынын акыркы жумасында жол эрежелери бузулган 1000ден ашык учур болгон. Ал эми 2019-жылдын январь айынын биринчи жумасында жол эрежеси бузулган 200 учур катталды. Ошону менен автокырсыктардын азайышы да байкалып жатат. ... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуп, экономика, илимий, маданий, коопсуздук, адам укуктары жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташтыктардын келечеги тууралуу талкуу жүргүздү.
Кыргызстан — БАЭ оюнун Фу Минг башында турган калыстар бригадасы тейледи. Экстра-таймда реферинин дайындаган пенальтисинен улам атаандаштар жеңишке жетти. Бул кыргызстандыктардын эле эмес, күйөрмандык кылган жалпы элди нааразы кылды.
Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Анда УКМКнын былтыркы ишмердигинин натыйжалары, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Кадыркулов Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге... Читать дальше...
Орусиялык ырчы Эмин Агаларов 26-январда баштала турган Кошмо Штаттардагы концерттик турнесин токтотту. Ырчы Вашингтон ага кол тийбестик кепилдигин камсыз кыла албайт деп эсептейт. Анын атасы, миллиардер Арас Агаларов 2013-жылы АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп менен бирге Москвада «Аалам сулуусу» сынагын өткөргөн. Арас кийин Трамп президенттикке аттанганда анын жардамчылары менен орусиялык адвокат Наталья Весельницкаянын жолугушууларын уюштуруп турганы менен белгилүү болгон. Ал Трамптын жакындарына... Читать дальше...
Александр Крестинин 1978-жылы 19-сентябрда Россиянын Краснодар шаарында төрөлгөн. Балалыгы аталган шаарда өтүп, жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган.
Орусияда тыңчылык боюнча шек саналып жаткан америкалык жаран Пол Уиланды кармаганда жанынан мамлекеттик сырдуу маалыматтар табылган. Бул тууралуу адвокат Михаил Жеребенковго шилтеме кылып "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Сотто Уиландын кызыкчылыгын коргогон адвокаттын айтымында, купуя маалыматтар ага кантип түшкөнү, өзү ал тууралуу билип-билбегени белгисиз. 22-январда Москва шаарынын соту америкалык жарандын аны камакка алууга каршы арызын кароодо. Сотту утурлай АКШнын Москвадагы элчилиги консулдун... Читать дальше...
Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармаш үчүн акыркы беш жылда бир миллиарддан ашык АКШ долларын сатыкка чыгарды. Мекеме андан бери кайра ошол сумманын төрттөн бирин гана чогултууга жетишти.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын командасына утулуп калды. Натыйжада Кыргызстан үчүн Азия биринчилиги аяктап, ал эми үй ээлери арабдар чейрек финалга жолдомо алды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы жалпы облус боюнча 28 миң гектар жерге көртөшкө айдалган. Жыйынтыгында түшүмү 521 миң тоннаны түзгөн. Анын жарымынан көбү сатылса, учурда баа арзан болуп жатканына байланыштуу дыйкандар 150 миң тоннадай картөшкөсүн сактап турушат. Ушу тапта облус аймагында картөшкөнүн килограммы 5 сомдон сатылып жатат. Мусаев калган картөшкөнү жакшы баада... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды. Сунушталган талапкер тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков баянлдама жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. 55 жаштагы Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Белгиядагы, Нидерланддардагы, Люксембургдагы жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштеп келген. Читать дальше...
Оюнду стадиондон көргөн мекендештер кыргыз футболчулары 91-мүнөттө атаандаштардын дарбазасына топ киргизгенде бири-бирин кучактап, ыйлап жибергенин айтышты.
Милиция кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Жол коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азатыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, экспертизанын баштапкы жыйынтыгы боюнча милиция кызматкери мас абалында рулга отурганы аныкталды. Учурда ишти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатат. 21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тойота Авенсис” автоунаасы кагылышып... Читать дальше...
Кыргызстандык белгилүү калыс Кочкаров кытайлык судья Фу Мингдин ал ишине калыстар комитети өзүнүн баасын берсе керек деген пикирде.
Орусия президенти Владимир Путин менен Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ шейшембиде Москвадагы жолугушууда Курил аралдарынын айланасындагы талашты талкуулашмакчы. Бул талаш эки өлкө ортосунда тынчтык келишимине кол коюуга жолтоо болуп келатат. Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги макулдашууга кол коюш үчүн Токио Экинчи Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын, анын ичинде Курил аралдарынын Орусияга таандык экенин таанышы керек деген шарт койгон. Жапония ага макул эмес. Дүйшөмбүдө Кремлдин басма сөз... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарындагы эс алуу багында өспүрүмдөр арасында болгон мушташта бычакталып каза болгон Кадыржан Халматовдун жакындары калыстык издеп президентке кайрылышты.
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-январда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9 градус болот. Читать дальше...
Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр өздөрү иштеп чыккан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 12 кишиден турган демилгечи топ түздү. Аны жарандык активист Айбек Бусурманкулов жетектейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчы жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бир жумалык талкуудан кийин долбоорго кирген жети суроонун үчөө кыскартылды. - "Конституциялык реформа керекпи, мамлекеттик башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң, парламенттикпи же президенттикпи" деген... Читать дальше...
Ушул жылдан тартып майып балдарын карап отурган энелерге 4900 сомдон төлөнө баштайт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жөлөк пул, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрүлчү шарттар туурасында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Ооганстанда талиб согушкерлери аскердик базага кол салганда коопсуздук күчтөрүнүн 45 мүчөсү окко учту. Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү билдиришти. Окуя 21-январда Майдан Вардак провинциясында болгон. Чөлкөмдүн жергиликтүү кеңеш мүчөсү Каванин Султан эртеси маалымдагандай, чабуулда дагы 70тей киши жарадар болду. Кол салуу "Талибан" америкалык расмий делегация менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга даярдыгын жарыялаганы жатканда болду. Адегенде жанкечти дүрмөттөлгөн машинени жардырып жиберген. Читать дальше...