Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 28.01.2019

Терек-Сайда бийлик өкүлдөрү менен эл түлөө өткөрүштү

Azattyk.org 

Чаткал районунун Терек-Сай айылында облустагы өкмөт өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы азыркы кырдаал жана кен иштеткен компаниялар боюнча сүйлөштү. Ал тургундарды өзүм билемдикке барбоого чакырып, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде, мыйзам алкагында гана чечилерин билдирди. Сатыбалдиевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, учурда аймакта абал туруктуу жана кен иштеткен чет элдик компаниялар үзгүлтүксүз иштеп жатат.  Жолугушуудан соң айылдыктардын катышуусунда... Читать дальше...

Кытайлык укук коргоочу Ван Цюанчжаң төрт жылга түрмөгө кесилди

Azattyk.org 

Кытайлык укук коргоочу Ван Цюанчжаң төрт жылга абакка кесилди. Тяньцзиндин Элдик соту 28-январда жарыялаган билдирүүсүндө Ван "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп табылып, төрт жыл алты айга эркинен ажыратылганы" белгиленет.  42 жаштагы Ван 2015-жылы Кытайда 200дөй адвокат жана адам укуктары боюнча иш алып барган активисттер менен кошо кармалган. Ван "Fengrui" аттуу юридикалык фирманын мүчөсү болчу. Бул компания Коммунисттик партияны сындагандардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү. Читать дальше...

Аламан улакка чабылган поляк аттары

Azattyk.org 

Кыргызстанда аламан улакка Польшадан алынып келген аттар көп чабыла баштады. Алыстан түмөн түйшүк менен, көп акчага сатылып келген мындай аттар негизинен Чүйдө Дача-Су айылында багылат. Арасында Польшада бир катар мелдештерде байге алган "чемпион" атыккан аттардын да тукумдары бар. Европадан алынып келген, Кыргызстанда үйрөтүлгөн аттарды Тажикстандан, Ооганстандан да келип сатып алып кетишет. Дача-Суда поляк жылкыларын кунан кезинен үйрөтүп, таптап-баккан, табына келтирген, улак тартышка даярдаган саяпкерлердин бири - Кубанычбек Абдыбаетов.

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот “Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 29-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот. Читать дальше...

Улуттук госпиталдын дарыгерлери пикетке чыкты

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылып жатышат. Пикетке чыккандар менен парламент депутаты Дастан Бекешев жолукту. 2017-жылдын жайында бул бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын... Читать дальше...

Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды

Azattyk.org 

Буга анын адвокаттарынын 28-январга белгиленген сот ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө өтүнүч каты негиз болду.  Албек Ибраимовдун иши каралып жаткан Октябрь райондук сотунун алдына анын тарапкерлери жана жакындары да чогулушту. Алар Ибраимовго козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалашты. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы билдирди.  Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү 15-январда Октябрь райондук сотунда башталган. Читать дальше...

Филиппиндеги жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Филиппиндин түштүгүндөгү ондогон кишинин өмүрүн алган кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобунун байланышы бар жоочулар өз мойнуна алышты.  27-январда таркатылган уюмдун билдирүүсүндө жардырууларды жанкечтилер уюштурганы айтылган. Калабада 20дай адам курман болуп, сексенге жакын киши жаракат алды. Биринчи жардыруу жекшембиде Холо шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө диний жөрөлгө өтүп жаткан маалда болгон, окуя болгон жерге куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү барганда экинчи бомба жардырылган. Читать дальше...

Финпол: “Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын жетекчилери коомдун акчасын кымтып алышкан

Azattyk.org 

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам катары түшкөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышканы тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Финполицияга "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү коомдун мурунку төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана башка башкаруучу... Читать дальше...



Президентке кайрылгандардын 45% сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу

Azattyk.org 

Президенттин аппаратына 2018-жылы жазуу жүзүндө, коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору” аркылуу 17 827 жарандан кайрылуу түшкөн. Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан - 5422 (38,2%) болгон. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн 485 жарандын кайрылуусу катталган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 6487 кайрылуу болуп, ал 45 пайызды түзгөн. Өкмөттүн ишине байланыштуу 3357 кайрылуу болгон. Читать дальше...

Мектеп менен майып кыздын чыры

Azattyk.org 

Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектеп майып, бирок окууга уруксат берилген 14 жаштагы өспүрүм кызды окуудан чыгарды.

Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлүк жумушчуларды тактоодо

Azattyk.org 

Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана жарандык активисттер менен кошо Чүй облусундагы ишканаларды кыдырып, анда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат алган. Мекеме "Азаттыкка" кабарлагандай, Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдо 74 кыргызстандык, 34 кытайлык жаран эмгектенет. Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэм кытай жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашаарын, 2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой доллар жумшалганын билдирген. Читать дальше...

Укук коргоочу Ош мэриясынын кызматкерин сотко берди

Azattyk.org 

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева "кадыр-баркыма доо кетирди" деген доо менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Эшмурат Аматовду сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамасалиева өзү билдирди.  Укук коргоочунун айтымында, мэрия кызматкери аны “он жылдан бери чыр чыккан маселелерге аралашып, акча жасап жүрөт” деп шылдыңдап, айыптаган.  Гүлгаакы Мамасалиева Эшмурат Аматовго 65 миң сомдук доо койгон. Ал арызын Ош шаардык сотуна тапшырды. Читать дальше...

Аксыдагы Чоңтовар-Сай айылында 10 жылдан бери жарык жок

Azattyk.org 

Райондун Авлетим айыл аймагына караштуу Чоңтовар-Сай айылынын тургуну Айбек Жанчаров “Азаттыкка” айылдыктар 10 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келе жатышканын билдирди: - Авлетим айылынын борборунан 4 чакырым алыстыктагы биздин участкага он жыл мурда 50 адамга жер тилкеси берилген. Бирок ушул кезге чейин ал жакка электр энергиясы жеткирилген жок. Айылдыктар караңгылыкта жашап келатабыз. Жарык боюнча маселе көп жолу көтөрүлгөнү менен чечилбей келе жатат. Бул маселе өткөн жумада Жогорку... Читать дальше...

Азиздерге кам көргөн марафончулар

Azattyk.org 

Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алкагында чуркоо аркылуу көзү азиздерге таякча алууга каражат топтогусу келет. Акцияны көзү азиз Азат Токомбаев да колдоп, чуркай баштаган. Акциянын катышууучулары маалыматтарды социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп, ал жактан атайын эсепке акча чогултушат. Көзү азиздер үчүн таякчалар атайын Америкадан буйрутма менен алынып келет.

Таластын 19 жаштагы тургуну асынып алды

Azattyk.org 

Анын асылып турган сөөгү Талас шаарынын Чолпон Мамбетов атындагы облустук ооруканасынын арт жагынан табылган. Окуя тууралуу күбөлөр 28-январь күнү саат 8:45тер чамасында милицияга билдиришкен. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, каза тапкан жаран шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, окуя боюнча териштирүү иштери башталды. (AlS)

"Тергөө Бирдиктүү реестрден башталат"

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.

Төрөбаев: саясий куугунтукка кабылгандардын иши кайра каралышы зарыл

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев камакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын иши кайра каралышы керек экенин айтты. Ал бул тууралуу “Фейсбукта” партиянын баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди. - Садыр Жапаров, Өмүрбек Чиркешович Текебаев жана жалпы эле саясий куугунтукка кабылган саясий ишмерлер бар. Башкы прокурор жана башка укук коргоо органдары бул иштердин баарын жаңы ачылган жагдайдын негизинде кайрадан карап чыгып, сотко жибериши керек. Читать дальше...

Султанов: Футболду саясатка аралаштырбаш керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов ВВСге маек куруп, өзү, кыргыз курама командасынын Азия кубогуна ойноого жетишкени, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен туугандык байланышы, федерациянын жана кыргыз футболунун келечеги жөнүндө айтып берген. Ал федерация башчылыгынан кеткенин мурда билдиргени менен иш жүзүндө кете элек экенин да айткан:  - Мен өзүм "федерация башчылыгынан кеттим" деп айткам. Бирок күйөрмандар, курама командадагы футболчулар мени "кетпеңиз" деп суранышты. Читать дальше...

Вице-премьер Аскаров: Аймактардын дотациясын азайтыш керек

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 28-январда Талас облусунун жетекчилери менен жолугушууда аймактардын дотациясын азайтуу зарыл экенин билдирди. Аскаровдун маалыматы боюнча, Талас облусундагы 37 айыл өкмөттүн 33ү мамлекеттик бюджеттен кошумча каржыланат.  - Жалпы облус боюнча дотациянын деңгээли 33,2%, - деди ал. - Муну азайтыш үчүн облус жетекчилиги жеткиликтүү иш алып барышы керек. Бул үчүн аймакка сырттан инвестиция тартып, жергиликтүү бийлик чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Читать дальше...

Сууга түшүп кеткен кыздын сөөгүн туугандары тапты

Azattyk.org 

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 27-январда Бишкектин Ауэзов көчөсүндө болгон. Кыздын сөөгүн 28-январда бир туугандары табышкан. Бирок куткаруучуларга ал тууралуу маалымат берилген эмес. Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп жаткан. (BTo)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *