Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 30.01.2019

Мунапыс боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-январлагы сессиясында камактагыларга мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлат. “Адам укуктары декларациясынын 70 жылдыгы жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев баштаган топ сунуштаган. Буга чейин долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетте каралган. Документ колдоо тапса... Читать дальше...

"Апрель" телеканалына каршы жазылган доо арыз сотто каралат

Azattyk.org 

"Апрель" телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников билдиргендей, ишти бүгүн, 30-январда Бишкектин Октябрь райондук соту териштирүүгө киришет. Телеканалга каршы арыз менен саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев арыз жазган. Алар былтыр 10-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрелдеги” маегинде айткандары «аброюбузга шек келтирди” деп жатышат. Бул үчүн Атамбаев менен телеканалдан 18 миллион сом өндүрүүнү өтүнүшкөн. Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына... Читать дальше...

Белгилүү комузчу, төкмө акын Чалагыз Иманкулов эскерилет

Azattyk.org 

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана көркөм өнөр музейинде бүгүн, 30-январда боло турган иш-чара Чалагыз Иманкуловдун 130 жылдыгына арналган. Акын жана комузчу катары калкка таанылган Иманкулов элдик жомокторду жайылтууга да чоң салым кошкон. Ал Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында 1889-жылы туулуп, 1980-жылы 91 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.  Чалагыз Иманкуловго «Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген. (NT)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *