Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 07.11.2019

«Электрондук нотариус» системасы ишке киргизиле баштады

Azattyk.org 

Өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүү, «Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү башталганын билдирди. Ал «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылууда. Ал үчүн Юстиция министрлигине 7,3 млн. сом бөлүнгөн. Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеди. "Бул системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун... Читать дальше...

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчиси тажик президентин сөз эркиндигин камсыздоого чакырды

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (RFE/RL) президенти Жейми Флай Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Швейцариянын Цюрих шаарында жолугуп, анда “Азаттыктын” тажик кызматынын ("Озоди" радиосу) журналисттеринин аккредитация алуу маселесин көтөрдү. Флай эл аралык радио журналистиканын эң жогорку стандарттарын карманаарын, өкмөттүн коркутууларынан улам ал стандарттарга шек келтирбей турганын белгиледи. Ошондой эле эгер “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттеринин аккредитация маселеси тез арада чечилбесе... Читать дальше...

Согушкерлер кармалган түрмө

Azattyk.org 

Сириянын түндүк бөлүгүндөгү түрмөлөрдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 12 миңге жакын согушкери кармалууда.

Самаркандда жергиликтүү жана түрк курулушчулары мушташты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Карасуу конушунда курулуш жүрүп жаткан аймакта 6-ноябрда жергиликтүү жана түрк жумушчулары жапырт мушташты. "Agromir Buildings​" компаниясынын курулушунда 1,5 миңден ашуун адам иштейт. "Азаттыктын" өзбек кызматына бул окуяга күбө болгондордун бири жаңжалды милиция, Улуттук гвардиянын жоокерлери келип басканын айтып берди. Окуя болгон жерге бир катар министрлердин коштоосунда Түркиянын Өзбекстандагы элчиси да барды. "Азаттыктын" өзбек кызматына жөнөтүлгөн видеодон... Читать дальше...

Украина: "Азаттыктын" кабарчыларын коркутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Украинанын полициясы "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчыларынын арызынын негизинде юрист Андрей Портновго "Журналисттердин кесиптик мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу" жана "Журналистке зомбулук көрсөтүү" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Андрей Портнов Виктор Янукович президент болуп турганда анын администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал "Схеми" программасынын журналисттеринин турмуштук жана жеке маалыматтарын... Читать дальше...

Абылгазиев журналисттерди жоопкерчиликти унутпоого чакырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүндө алардын таасири зор экенин айтты. Ошол эле учурда журналисттерди коомдун алдындагы жоопкерчилигин унутпоого чакырды. Анын каалоо-тилеги өкмөттүн сайтына жарыяланды. "Дүйнөгө «fake news» деген тенденциянын жайылышы байкалып жатканын эске алуу менен журналисттер көрүүчүлөрдүн, окурмандардын жана угуучулардын, коомдун алдындагы өз жоопкерчилигин унутпашы керек. Читать дальше...

Ооганстанда кол салуудан төрт сот кызматкери мерт болду

Azattyk.org 

Кабул шаарынын түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясында "Талибан" куралдуу кыймылынын кол салуусунан үч судья жана соттук администрациянын бир кызматкери ажал тапты. Бул тууралуу аталган провинциянын башчысынын басма сөз өкүлү билдирди жана ажал тапкандар Пактиядан Кабулду көздөй машине менен баратканда буктурмага кабылганын маалымдады. "Талибан" кол салуу уюштурганын азырынча ырастай элек. Сентябрь айында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен Ооганстандагы согушту... Читать дальше...



Кадыров калкын кайра коркутту

Azattyk.org 

Тажикстанда 6-ноябрдагы кол салуудан кийин тажик бийлиги чек арада жашаган элге сак болууну эскертти. Иран Фордо заводунда байтылган уран өндүрүү жана топтоо иши башталганын билдирди. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров интернетте кимдир бирөөнүн намысына тийгендерди катуу жазалоого чакырды.

Кытайдын Кыргызстандагы "көзү"

Azattyk.org 

Бишкекте биринчи жолу адамдын ким экенин жүзүнөн тааный алган камералар иштей баштады. Кытай бул технологияны Кыргызстанга эмне үчүн бекер берди? Эмне үчүн жарандык активисттер бул системага мораторий жарыялоону талап кылышууда? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.

"Твиттердин" мурдагы кызматкерлери тыңчылыкка айыпталды

Azattyk.org 

АКШда "Твиттер" компаниясынын мурдагы эки кызматкерине "Сауд Арабиясынын пайдасына тыңчылык" кылган деген айып тагылды. Алар менен кошо ортомчу, Саудиянын жараны да күнөөлөнүп жатат. "Үчөө "Твиттердин" колдонуучулары тууралуу купуя маалыматтарды чогултуп, падышалыктын бийлигине өткөрүп берип турчу, бул үчүн акча, кымбат баалуу белек алышчу", - деп айтылат соттук доо арызда. Сөз Эр-Рияд бийлигин сындаган 6 миңден көп аккаунт тууралуу жүрүүдө. Айыпталгандардын бири – АКШ жараны камакка алынды, калган экөө Сауд Арабиясында жүрүшөт. Читать дальше...

Сурамжылоо: 7-ноябрь кандай майрам?

Azattyk.org 

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо тууралуу чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен кабыл алынган. "Азаттыктын" кабарчысы Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн кыдырып, бул күн тууралуу суроолорду узатты.

Жоочулар менен күрөшкөндөр жерге берилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Өзбекстан менен жакын аймагындагы чек ара бекетине куралдуу кол салуудан курман болгон чек арачынын жана милиция кызматкеринин сөөгү жерге берилди.

Калыгулдун ФАПта окуган балдары

Azattyk.org 

Чүй районундагы Калыгул айылында эчак авариялык абалга жеткен Тынымсейит Оңолбаев атындагы мектептин окуучулары фельдшердик-акушердик пунктта окуп жатышат. Татыктуу билим алууга туура келбеген шартта балдарын окуткусу келбеген айылдыктар балдарын башка мектептерге которууга аргасыз. Ал эми өз имаратынан чыгарылган эмкананын фельдшери элди кулаганы турган мектептин имаратында тейлегенге аргасыз.

Скипхолдо жүргүнчүлөрдү дүрбөлөңгө салган окуя иликтенип жатат

Azattyk.org 

Нидерланддын баш калаасы Амстердамдагы Скипхол аба майданында 6-ноябрда Мадридди көздөй учканы жаткан учакта борттогуларды барымтага алганда, же учакты качыруу аракети болгондо чукул кабар берген система иштеп кеткен. Мындан улам чукул коопсуздук чаралары көрүлүп, жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшкөн. Терминалга дароо аскердик полиция келип, элди эвакуциялаган. Бирок учакка ээлик кылган испаниялык "Air Europa" авиакомпаниясы эч кандай чукул жагдай түзүлбөгөнүн, пилот мындай системанын кнопкасын... Читать дальше...

Арменияда сот экс-президенттин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Azattyk.org 

Арменияда Кассациялык сот 7-ноябрда мурдагы президент Роберт Кочаряндын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокаттарынын арызын канааттандырган жок. Роберт Кочорян алгач 2018-жылдын аягында камакка алынган. Быйыл май айында Еревандагы сот экс-президентти үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен. Бирок бир айдан кийин эле апелляциялык сот Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны кайра камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Читать дальше...

Депутат Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды

Azattyk.org 

Саясатчы Камчыбек Ташиев "Фейсбук" баракчасына "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловду сындап, пикир жазды.  - “Республика-Ата Журт" партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин "Ата Журт" партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз, – жазды Ташиев. Ташиевдин нааразы болушуна буга чейин Бактыбек Райымкуловдун "Азия ньюс" гезитинин шайлоо боюнча суроосуна жооп бергени негиз болгон. Читать дальше...

АКШда импичмент боюнча коомдук угуулар башталат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарында президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянынын алкагында эмки аптадан тарта коомдук угуулар башталат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын Чалгын боюнча комитетинин башчысы, демократ Адам Шифф 6-ноябрда кабарлады. Ага ылайык, 13-ноябрдагы коомдук угууда АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор, мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Жорж Кент, 15-ноябрда болсо АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович көрсөтмө берет. АКШда президентке импичмент жарыялоо... Читать дальше...

Тарыхтан сабак албаган өлкө оңолбойт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бул күнү "Ата-Бейит" мемориалдык музей комплексинде эскерүү иш-чарасы өттү.

Чеченстан: Интернетте кадыр-баркка шек келтиргендер жазаланат

Azattyk.org 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров интернетте, социалдык тармактарда кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтиргендерди таап жазалоону талап кылды. Ал 5-ноябрда аймактын өкмөтүнүн жыйынында "ынтымакты бузуп, ушак-айың жана бөлүп-жаруу менен алектенгендерди өлтүрүп, камап, коркутуп токтотпосок, мындан башка аракеттерден майнап чыкпайт" деп айтты. Кадыров "дүйнө алоонуп кызыл чокко батып күйүп жатса да, бардык мамлекеттердин мыйзамы бузулса да" андай адамдардын сары изине түшө берерин эскертти. ... Читать дальше...

Төлөгөнов: Кыргызстанда журналистикалык иликтөө өнүгүшү керек

Azattyk.org 

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов кабарчылар иликтөө жасап жатканда документтер менен иште аксап жатканын айтты. «Кыргызстанда журналисттик иликтөө эми гана башталып жатат, бул процесс дагы өнүгөт. Журналисттер кагаздар менен иштөөдө, юристтер менен талдоо жагынан аксап жатат». Бүгүн журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө.  Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Читать дальше...

Тажик чек арачы менен милиционердин сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Тажикстандын Өзбекстанга чектеш аймагындагы чек ара бекетке куралдуу кол салууда ажал тапкан чек арачы менен милиция кызматкеринин сөөгү жерге берилди. Тажик бийлиги «Ишкобод» заставасына коюлган чабуулга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тиешеси бар деп билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20 адамдан турган куралдуу топ 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрда түңкү үчтө чек ара бекетине кол салганын кабарлаган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *