Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2019

Новости за 29.11.2019

Кытайдын кулачы, Орусиянын "оюну"

Azattyk.org 

Кыргыздар саясатка жакын эл. Бул сапат кыргыз тилиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган темаларга назар салганда эле байкалат.

Ооганстанда Абдулланын тарапташтары митингге чыгышты

Azattyk.org 

Ооганстанда башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын миңдеген тарапташтары нааразылык митингине чыгышты. Алар «добуштарды саноодо бурмалоолор болуп жатканын» айтып, нааразылыгын билдиришти. Демонстранттар президенттик сарайдын алдында, полициянын эскертүүсүнө карабай топтолушту. Абдулланын тарапташтары Көз карандысыз шайлоо комиссиясынан үч жүз миңдей добушту жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Акциянын лидерлери алардын талаптары аткарылбаса, митингге чыгууну улантышарын айтышты. Президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн. Читать дальше...

"Тайсон" кайрадан намыска жарады. Казакстандагы мелдештен видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Тайсон каймана аты менен таанымал спортчу соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган. Көп өтпөй ACA уюму менен келишимин жаңыртып, дагы төрт беттеш өткөрмөй болгон.

Матраимов: Комментарийди кийин берем

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.

Матраимов сурактан чыкты

Azattyk.org 

Райымбек Матраимов 29-ноябрда беш сааттан ашык сурак берген соң, саат 19:40 чамасында УКМКдан чыкты. Ал тышта күтүп турган журналисттердин суроолоруна жооп бербестен үнсүз гана автоунаасына отуруп, кетип калды. Мындан ары ал дагы суракка чакырылабы, сурак учурунда эмне жөнүндө сөз болду деген маалымат азырынча айтылган жок.

Райымбек Матраимов УКМКдан сурактан чыкты

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарий берген жок. УКМК Матраимов Кыргызстандын Бажы кызматындагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөдө сөз болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини мындан эки жыл мурун өлтүрүүгө аракет кылып, кол салган фактыга байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда... Читать дальше...

Жээнбеков Ташкенттеги жыйында суу маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Ташкентте өткөн Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда аймактагы суу көйгөйүн көтөрдү. - Азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын белгилеп жатышат. Биздин тоолордо аймактагы суу ресурстарынын 45% жаралат. Жакынкы убакта биз дарыялардагы суулардын деңгээли азайышынын реалдуу көйгөйүнө туш болобуз. Жыйынтыгында бул Борбор Азиянын экологиясына, биргелешкен экономикалык ишмердикке терс таасирин тийгизип... Читать дальше...



Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Европа менен Азияны байланыштырат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа менен Азияны байланыштырарын айтты. -  Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Жол тармагындагы эң ири долбоор - бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Читать дальше...

Судан: аялдардын укугун чектеген мыйзам жокко чыкты

Azattyk.org 

Судандын убактылуу өкмөтү жума күнү бийликтеги «Улуттук конгресс» партиясын таркатуу боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле аялдардын укуктарын чектеген мыйзам да жокко чыгарылды. Ал мыйзам аялдардын кийим-кечесин тескеп, эреже бузгандары жоопкерчиликке тартылчу. Бул апрель айында массалык нааразылык акцияларына чыккан көпчүлүктүн негизги талаптарынын бири болчу. Судандын азыркы премьер-министри Абдалла Хамдук өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына бул чечим өлкөнүн мурдагы жетекчилигинен өч алуу эмес экенин... Читать дальше...

Петровго айланган Бакиев

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ооганстанга жасаган күтүүсүз сапары маалында Вашингтон талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жандандырганын айтты.

"Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти"

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди. Жоошев айыпталуучулар менен алардын жактоочулары иш менен толук тааныша электигин, соттон убакыт сурашканын, анын жыйынтыгында жараян 6-декабрга жылдырылганын айтты.

«Манас» эпосу өзбек тилине которулду

Azattyk.org 

Ош мамлекеттик университетинде ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган «Манас» эпосунун бет ачары болду. Иш-чара «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын жабылуу аземинин алкагында өтүп жатат. Бексултан Жакиев иштеп чыккан «Манас» эпосунун кыскартылган вариантын өзбек тилине Зухриддин Исомиддинов которгон. Эпостун өзбек тилине которулган вариантынын бет ачарына Өзбекстандан келген өкүлдөр да катышты. «Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий... Читать дальше...

Түркия Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча Кыргызстанга расмий маалымат берди

Azattyk.org 

Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын Башкы прокуратурасы алгачкы маалыматын берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалган. Өзүн Хусейин Ахметалиев деп тааныштырган шектүү 1991-жылы Ош шаарында туулганын, Кыргызстандын жараны экенин айткан. Нормахамат Арипхонов 1988-жылы... Читать дальше...

30-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

30-ноябрда кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2; Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7; Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -7…-12 градус суук болот. Читать дальше...

Нарын: электрдин баасына эл нааразы

Azattyk.org 

Нарын облустук Жаштар ордосунда чогулгандар өкмөткө эки талап коюшту. Алар «кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифине 3000 кВт/саатка чейин жеңилдик берилсин же бирдиктүү тариф коюлсун» деп айтышты. Ушул талаптарды аткарууга өкмөткө он күн убакыт беришти.

Жоошев: Атамбаевди сотко мажбурлап алып келишти

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен жеткирилгенин, ошол эле учурда ал тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн билдирди. -  Алмазбек Шашеновичтин айтымында, аны алып чыгыш үчүн тергөө изоляторуна жаш балдарды киргизишиптир. Алмазбек Шашенович «сотко барбайм» десе күч колдонулуп ызы-чуу болорун түшүнүп, жаш балдарды ыңгайсыз абалга калтырбаш үчүн абалды туура баалап «макул, барам» деп келиптир. Ал өзүнүн эрки менен келген жок. Читать дальше...

Захарова ККДАнын сунушун «саясий чечим» деп атады

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Кызытмага Каршы Дүйнөлүк Агенттиктин (ККДА) орусиялык спортчуларды 4 жылга чейинки мөөнөткө чоң мелдештерден четтетүү боюнча сунушун саясий чечим катары баалады. - Кызытма жаңжалы жалаң орусиялык атлеттерди бутага алууда, башка өлкөлөрдүкү таптакыр талкууланбайт - деди Захарова 28-ноябрда. Дүйшөмбү күнү ККДАнын тиешелүү комитети сунуш кылган төрт жылдык санкция киргизилсе, анда орусиялык желек бир да эл аралык мелдеште көтөрүлбөйт. Читать дальше...

Ноокенде лидер аялдар футбол ойношту

Azattyk.org 

Ноокенде лидер аялдар футбол аянтында мелдеште. Алар кийинки жылы өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкер болууга камынып жатышат. “Кыргызстандын лидер аялдары” улуттук түйүнү демилгелеп өткөрүп жаткан бул саамалыктар коомдогу аялдардын ордун көтөрүү максатын көздөйт. Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык жергиликтүү кеңештерде бир жыныстагы депутаттардын саны 70 пайыздан ашпоого тийиш.

Албанияда издөө-куткаруу иштери уланууда

Azattyk.org 

Албанияда куткаруучулар урандылардын алдында аман калган адамдарды издөөнү улантып жатышат. Шейшемби күнкү жер титирөөдөн улам 45 киши өлгөнү расмий кабарланды. Дагы ошончо адам урандылардын алдын издөө иштеринин натыйжасында тирүү куткарылды. Зилазаланын күчү 6,4 баллга жеткен. Мындай катуу силкинүү өлкөдө болжол менен 40 жыл мурда болгон экен. Албанияга Түркия, Түндүк Македония жана башка өлкөлөрдүн куткаруучулары жардамга келишти. Өкмөт жапа чеккен аймактарда 30 күндүк мөөнөткө чукул кырдаал... Читать дальше...

Өзбекстанда сот блогер Оллашукурованы диспансерде калтырды

Azattyk.org 

Хорезм облустук соту 27-ноябрда Нафосат Оллашүкүрованын адвокатынын суранычын четке кагып, блогердин психоневрологиялык диспансерге белгисиз мөөнөткө калтырды. 32 жаштагы мугалим Оллашукурова 7-октябрда психоневрологиялык диспансерге мажбурлап жаткырылган. Андан мурда «Фейсбукта» өз блогдору белгилүү менен Оллашүкүрова куугунтукка кабылдым деген журналист Махмуд Ражабовду колдоп чыккан. Блогерди алгач «Бейбаштык», «Коопсуздук күчтөрүнө баш ийбөө» жана башка беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 10 күнгө камашкан. Читать дальше...

Жапониянын мурунку өкмөт башчысы көз жумду

Azattyk.org 

28-ноябрда Жапониянын мурдагы премьер-министри Ясухиро Накасоне 101 жашта көз жумду. Өкмөттү 1982-87-жылдары башкарган премьер-министр СССРге каршы туруш үчүн АКШ менен бекем аскердик альянс түзүүнү жактаган саясатчы катары таанылган. Үч жолу Советтер Союзуна келип кеткен.  1982-жылы кызматына киришип жаткан учурунда Накасоне «Жапония Европа менен Кошмо Штаттардын жетектөөсүндөгү эркин дүйнөнүн бир бөлүгү болууну көздөйт» дегени бар. 1989-жылы финансылык көз боёмочулукка тиешеси бар деп айыпталып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *