Таанымал диниятчы Чубак ажы Жалилов дүйнөдөн кайтты
Белгилүү диниятчы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 45 жашында 11-июлга оогон түнү илдеттен каза болду. Чубак ажы Жалилов Бишкектеги улуттук госпиталга жеткирилгенден бир сааттан кийин көз жумган. Бул тууралуу бейтапты кабыл алган дарыгерлер “Азаттыкка” билдиришти. Жакындарынын маалыматына караганда бейтап ага чейин өпкөсүнөн кагынып үйүндө дарыланып жаткан. Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Читать дальше...