Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 13.07.2020

ЖАМК: Равшан Жээнбековдун саламаттыгына коркунуч жок

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «абакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбеков ооруп жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун «Азаттыкка» билдиришинче, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок. Мунун алдында саясатчынын уулу Азат Равшан «Твиттердеги» баракчасында «абакта атасы ооруп жатканын, анын өмүрү президент Сооронбай Жээнбековдун колунда экенин жана ага бирдеме болсо мамлекет башчысы жооп берерин» жазды. Мурдараак саясатчынын тарапкерлери тамак оорусу кармап... Читать дальше...

Бишкек милициясы: Аянтта кармалгандар коё берилди

Azattyk.org 

Бишкек милициясы бүгүн 13-июлда Ак үйдүн жанында акция өткөрүү үчүн чогулгандардын арасынан сегизи кармалып, кайра коё берилгенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, “25-30дай адам тыюуга карабастан аянттын ар кайсы жерлерине чогулган”. Милиция билдиргендей, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө жана “Тынч митингдер жөнүндө” мыйзамга ылайык алардын арасынан эң активдүү деген сегизи түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилген. Читать дальше...

Каракол: Кафе күндүзгү стационарга айланды

Azattyk.org 

Караколдогу "Ата-Кенч" кафесинин имаратында күндүзгү стационар ачылганы турат. 40 орунга ылайыкташкан стационар күндө он эки саат иштейт. Бейтаптардын саламаттыгына үч дарыгер, беш медайым кам көрөт.

БШК шайлоого кетчү чыгымды санады

Azattyk.org 

Быйылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт деп билдирген. 10-июлда БШК шайлоонун бюджеттик планы 95 миллион сомго кыскартылганын кабарлады. Анткени жапон өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жабдууларды берген. Ошону менен катар аралыктан иштөөнүн эсебинен айрым пландалган уюштуруу иштери да кыскартылды. Өнөктөштөрдүн... Читать дальше...

Жылдын алгачкы жарымында Кыргызстандын экономикасы 5,3% төмөндөдү

Azattyk.org 

Баштапкы эсептөөлөр боюнча 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 228 миллиард сомдон ашты. 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5,3% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Маалыматка караганда, «Кумтөр» алтын кенин эсепке албаганда, алты айдагы ИДӨнүн көлөмү 196 миллиард сомду түзүп, 6,9% азайды. Өкмөт коронавируска байланыштуу экономикадагы каатчылыктын терс таасирлерин  эсептеп чыгып, быйыл ички дүң өнүм 5-7 % артка кетерин мойнуна алган. Читать дальше...

Таймырда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

«Норникель» ишканасынан 45 тоннадай кара май жер кыртышына жайылып кеткенине байланыштуу Орусиянын Таймыр жарым аралында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бийлик кырдаалды жөнгө салганын, мындан ары кара майдын жайылуу коркунучу жок экенин билдирди. 12-июлда Тухард айылында "Норильсктрансгаз" компаниясынын трубасы жарылып, 45 тоннадай авиациялык керосин жер кыртышына сиңип, жакынкы көлмөгө куюлуп кеткен. Тергөө комитети табиятты коргоо эрежелери бузулганы үчүн кылмыш ишин козгоду. Май айында... Читать дальше...

"Манас" аэропорту: Аткаминерлерди буюртма учак тейлеген учур болгон эмес

Azattyk.org 

“Манас” аэропортуна буюртма боюнча келип конгон чартердик санитардык учактардын кызматын чет элдиктер гана пайдаланып жатышат. Бул тууралуу 13-июлда аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан бери мындай каттамдар аткарылып жатканы чын, бирок чет элдик дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик бизнесмендер гана тейленүүдө: “Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес”. Читать дальше...



Аба ырайы: айрым райондордо жамгыр жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 14-июлда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй... Читать дальше...

AI медкызматкерлерди коргонуу каражаттары менен камсыздоого чакырды

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) COVID-19 катуу жайылып жаткан мамлекеттердин бийликтерине кайрылып, медицина кызматкерлерин тиешелүү коргонуу каражаттары менен камсыздап берүүгө чакырды. Уюм 13-июлда жарыялаган баяндамага ылайык, 63 мамлекетте медкызматкерлерге коргоонучу каражаттар (СИЗ) жетишпейт. Документте ал каражаттарды сатып алуу соода чектөөлөрүнө байланыштуу кыйын болуп жатканын, айрым учурда дарыгерлер аны өз акчасына таап жатышканы белгиленген. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан... Читать дальше...

Боронов: Дарыгердин жетишсиздиги курч маселе болууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселе болууда. Бул тууралуу 13-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов «Семетей» обсервациялык жайындагы абал менен таанышканы барганда айтты. Өкмөт башчы бейтаптар коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө жөндөмдүү тажрыйбалуу дарыгерлердин жардамына муктаж болуп жатканын белгилеп, жакында ачылган күндүзгү стационарлар ишти бир топ жеңилдеткенин кошумчалады: “Ал жактан Бишкек шаарынын тургундарына зарыл болгон биринчи медициналык жардам алууга шарт түзүлдү. Читать дальше...

13-июль - Казакстанда коронавирустан көз жумгандарды эскерүү күнү

Azattyk.org 

13-июлда Казакстанда коронавирустан каза тапкандарды эскерүү күнү деп жарыялаган. Бул күнү бардык көңүл ачуучу иш-чаралар жана программалар токтотулган. Өлкө боюнча, анын ичинде чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Нур-Cултан убактысы боюнча түшкү саат 12.00до казакстандыктар каза болгондорду унчукпай аза күтүп бир мүнөт эскеришти. Расмий маалыматтарга ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 60 миңге чамалады. Анын 375и каза тапты. Бул... Читать дальше...

Депутат Мирлан Жээнчороев парламенттик шайлоону жылдыруу сунушун кубаттады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өлкөдө кырдаал курчуганына байланыштуу парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу сунушун колдоп чыкты. Бул тууралуу пикирин депутат «Азаттыкка» да билдирип, «жарандардан изоляцияда болууну талап кылып, шайлоо менен алектенүү моралдык жактан туура эместигин» айтты. «БШК жазда жергиликтүү кеңештердин жана шаарлардын кеңештерин шайлоону жылдырган эмес беле?! Анда коронавирус менен ооругандар күнүнө 40-50дөй болуп жаткан. Өлүмгө кабылгандар бир-эки кишидей эле болчу. Читать дальше...

Косовонун президенти Тачи Гаагада көрсөтмө берет

Azattyk.org 

Косовонун президенти Хашим Тачи 13-июлда Гаагада эл аралык кылмыштарды иликтеген прокурорлорго көрсөтмө берет. Косово боюнча атайын прокуратура 24-июнда күтүүсүздөн Тачи жана дагы бир нече кишини, анын ичинде парламенттин мурдагы төрагасы Кадри Веселини 1990-жылдардын соңундагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыптаган. Күнөөсүз экенин айткан Тачи Гаага барып көрсөтмө берүүгө даяр экенин 8-июлда билдирген. Тачи 1990-жылдарда Сербиянын армиясына каршы турган Косово Боштондук армиясынын кол башчысы болчу. Читать дальше...

Аймактарда пневмония бир аптада эки эсе көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймактарында пневмонияга чалдыккандардын саны бир жумада эки эсе көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, март айынан бери облустарда өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) 3286 адамга жетти. Алардын 1050сү айыкты, 165и каза болду. Азыркы тапта ооруканаларда 2071 бейтап жатат, алардын 737синин абалы оор. 7-июлда аймактарда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери пневмония деген диагноз менен ооруканага 1566 адам жаткырылганы, 607си айыгып, ооруканадан чыкканы... Читать дальше...

Польшада президент Дуда экинчи мөөнөткө шайланды

Azattyk.org 

Польшанын Улуттук шайлоо комиссиясы 13-июлда билдиргендей, консервативдүү деп саналган президент Анджей Дуда добуштардын 51,2% топтоп, жеңүүчү аталды. Баш калаа Варшаванын мэри, либерал Рафал Тшасковскийге шайлоочулардын 48,79% добуш берди. Комиссия шайлоого катышкандардын саны адаттагыдан көп болуп, 68.12 пайызды түзгөнүн билдирди. Добуш берүү санитардык эрежелер көзөмөлдөнгөн шартта өттү. Байкоочулар Дуданын кайра шайланышы бийликтеги «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын талаштуу сот реформаларын... Читать дальше...

Башкы прокуратура каза болгон эки кызматкердин жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Прокуратура органдарынын пневмониядан каза болгон эки кызматкеринин сөөгү жерге берилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мекеменин Изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рустам Кожобеков 48 жашта, Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Эрмек Төрөкулов 50 жашта болчу: “Эрмек Төрөкулов прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып эмгектенип келген. Сезимтал жана сабаттуу, өз өмүрүн мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ишенимдүү жана ийкемдүү жолдош болгон. Читать дальше...

Мигранттар Кыргызстанга которгон акча азайды

Azattyk.org 

Чет өлкөдөгү мигранттар 2020-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 699,32 млн. доллар акча которушту. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды. Былтыр беш айда өлкөгө 934,77 млн. доллар жөнөтүлгөн жана быйылкы көрсөткүч андан 235 млн. долларга аз болду. 2020-жылдын июнь-июль айларындагы сандар эсептелип бүтө элек. Быйыл беш айдын жыйынтыгында 163 млн. доллар сыртка чыгарылып кетти. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилинде бул сумма 209 млн. долларды түзгөн. 2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2 млрд. Читать дальше...

Министрлик Канттагы ооруканадагы жагдай боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан Ысык-Ата аймактык ооруканасы тууралуу интернетте жарыяланган видеодо айтылгандар тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттыкка” жөнөткөн билдирмеде, коронавирус менен ооругандарды дарылап жатып, дарыгерлер өздөрү да илдет жуктуруп алып жатканы, алардын ичинде Ысык-Ата ооруканасынын кызматкерлери да бар экени белгиленип, канча кызматкери COVID-19 оорусуна кабылганы такталган эмес. Министрликтин... Читать дальше...

"Шайлоого жол жок!" акциясына чыккандарды милиция кармап кетти

Azattyk.org 

Бишкектеги Жогорку Кеңештин жана президенттин кеңсеси жайгашкан имараттын жанында чогулгандардын айрымдарын милиция кармап кетти. Өзүн Кудайберген уулу Тилекмат деп тааныштырган адам "Жарандык активисттер альянсы" деген кыймыл бүгүн ошол жерде "Шайлоого жол жок!" акциясын уюштурмагын, бирок алардын лидерин "транспаранттары жана микрофону менен кошо кармап кетишкенин" журналисттерге айтып берди: "Бизге эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Болгону, "Бийликти күч менен алууга аракет жасоо" беренеси менен иш козгоп коюшканы маалым болду. Читать дальше...

Жугуштуу дарттын кайгы-касырети

Azattyk.org 

Элди кыйнаган салт-санаа, бийликтин көз жумду саясаты Коронавирус дарты бүт дүйнөгө мүшкүл алып келгени бир тең, кыргызга бөтөнчө кайгы, азап алып келгени бир тең болду. Дегеле кыргыз тарыхында азыркыдай азаптуу мезгил биринчи жолу болуп жаткандай. Акыркы эки жума аралыгында эле кыргыздын не деген айжаркын уул-кыздары жугуштуу дарттын азабынан аркы дүйнөгө узады. Жалпы элдин өзөгү өрттөнүп, Интернетте отургандар жалаң эле көңүл айтуу менен алектенип калгандай таасир калууда. Ар бир ооруган... Читать дальше...

«Гансиде» жандандыруу бөлүмү ачылды

Azattyk.org 

11-июлда Бишкектин четиндеги мурдагы «Ганси» авиабазасынын имаратында жайгашкан обсервацияда жандандыруу бөлүмү ачылып, бейтаптарды кабыл ала баштады.

Европа өлкөлөрүнөн 164 кыргызстандык Бишкекке учуп келди

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы менен Кыргызстанга 164 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Аталган чартердик каттамда Беларустагы жарандардан сырткары Австрияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Грецияда, Италияда, Литвада, Польшада, Украинада, Францияда, Филиппинде, Францияда, Норвегияда, Швейцарияда, Швецияда, Түштүк Африкада окуган студенттер да бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча... Читать дальше...

Жети-Өгүздө жана Лейлекте жер титиреди

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде эки облуста жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин титиреши Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында үч балл, Дархан айылында жана Каракол шаарыда 2,5 баллга чейин сезилди. 13-июлда саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *