Хабиб Нурмагомедов атасын жоктоп Instagram баракчасына пост жазды
Хабиб атасы менен кучакташып турган сүрөтүн жарыялап, андан ыраазычылык сураган. Бул мушкердин атасы каза болгондон кийинки жазган биринчи билдирүүсү болду.
Хабиб атасы менен кучакташып турган сүрөтүн жарыялап, андан ыраазычылык сураган. Бул мушкердин атасы каза болгондон кийинки жазган биринчи билдирүүсү болду.
Нарын облустук сотунда биринчи жолу соттук жараяндар онлайн өттү. Соттук коллегия 21-июлда эки жазык ишти видеобайланыш аркылуу карады.
Кечээтен бери Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 46 бейтап каза болду. Бул тууралуу 23-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте - 13 адам. Жалал-Абад жана Чүй облустарында алтыдан, Ош жана Ысык-Көл облустарында бештен, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында үч, Баткен жана Талас облустарында экиден бейтап каза болду. Бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 967 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 031 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.
Москвада башка улуттун эркектери менен мамиле курган кыздарды таап, жазалоого чакырган видео тарады. Бул видео Интернетте кызуу талкууга алынып, мындай чакырык адам укугуна шек келтирээри тууралуу сөз болду.
Кыргызстанга орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 23-июлда “Манас” аэропортуна Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы келип конду. Бул учак менен Бишкекке Башкыртстандан 50 медицина кызматкери жеткирилди. COVID-19га каршы күрөшүүдө алар беш топко бөлүнүп иштешет. Медициналык делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Читать дальше...
Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон чек арачы Талгат Аланов 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Офицердин күтүүсүз өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгону айтылууда.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдети аныкталган адамдардын саны 15 миллионго жетти. Эпидемия башталгандан бери дүйнөдө 620 миң бейтап көз жумду. Коронавирус көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Америкада илдетке чалдыккандардын саны төрт миллиондон ашып, 145 миң киши каза болду. Экинчи орунда Бразилия, андан кийин Индия, Орусия мамлекеттери турат. Бир нече мамлекет коронавирустун вакцинасынын адамга болгон алгачкы сыноосун ийгиликтүү ишке ашырганын жарыялады. Бирок, адистердин божомолунда... Читать дальше...
Кошмо Штаттар украиналык эки хакерди кармоого жардам берген маалымат үчүн эки миллион доллар сыйлык жарыялады. Киевдин Артем Радченко жана Александр Еременко аттуу тургундары америкалык баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясынын маалымат базасын бузуп кирип шылуундук кылган деп айыпталып жатышат. АКШнын атайын кызматынын маалыматына ылайык, украиналык хакерлер төрт жарым миллион доллар мыйзамсыз кирешеге туйтунушкан. Алар акциялары биржага коюлган компаниялардын инсайдер маалыматтарын алып турушкан. Читать дальше...