Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 27.07.2020

Өкмөт: Саламаттык сактоо министри кызматтан кеткен жок

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты. Өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдиргендей, министр Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. «Ал ооруканадан чыкты. Учурда аралыктан иштеп жатат. Жакынкы күндөрү ишке чыгат», - деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө. Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат булактары Абдикаримов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, анын ордуна өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык... Читать дальше...

28-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

28-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сот кайрадан башка күнгө калды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму кайрадан башка күнгө калды. 27-июлга белгиленген отурум болбой калганын «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, соңку соттук отурумда айыптоо актысы менен тааныштыруу башталган. «Эки адвокат ооруп келбей калды. Соттолуучуларды алып келишкен жок. Буга чейин да алып келбей жатышкан. Азыр сот айыптоо актысын окуу стадиясында», - деди ал. Буга чейинки отурум да ушундай эле себеп менен болбой калган. Кийинкиси 29-июлга белгиленди. 2019-жылы... Читать дальше...

«Туңгуч» театрынын башкы директору Садыр Назаров дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 26-июлда 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындары ал сегиз айдан бери инсульттан улам төшөктө жатканын билдиришти. Садыр Назаров 1937-жылы Токтогул районунун Кара-Суу айылында туулган. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик политехникалык институтунун окутуучусу, проректору болуп иштеген. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Бишкектеги «Туңгуч» театрын жетектеп келген. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова... Читать дальше...

Ооганстанда жыл башынан бери 1300дөй жайкын тургун көз жумду

Azattyk.org 

Ооганстанда 2020-жылдын алгачкы жарымында 1282 жайкын тургундун өмүрү кыйылды, эки миңден көбү жарадар болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстандагы атайын миссиясы 27-июлда жарыялаган баяндамада жазылган. Курмандыктардын арасында 340 бала бар. «Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы сүйлөшүп, тынчтык келишимине кол коюуга тарыхый мүмкүнчүлүк бар кезде, каргашалуу окуялар уланып, карапайым адамдарга зыяны тийип жатат», - деп билдирди БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс. Читать дальше...

Түркмөн бийлиги дарыгерлерин жүдөттү

Azattyk.org 

Коронавирус бар экенин мойнуна албай туруп, өлкөгө карантин киргизген Түркмөнстанда дары-дармек, ооруканада орун жана медицина кызматкерлери жетпей жатат.

Кытайдын Үрүмчү шаарында коронавирус жугузгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Кытайда соңку бир күндө  61 адам коронавируска чалдыкканы маалым болду. Бул өлкөдөгү апрелден берки эң чоң көрсөткүч. Алардын көбү Шинжаң аймагынын борбору Үрүмчүдө катталган. Бийлик ал жакта жана кошуна Ляонин провинциясында тургундардан жапырт анализ алууда. Үрүмчүнүн айрым бөлүктөрүнө катаал карантин киргизилди. Коронавирус дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде кайрадан күч алды. Испанияда, Францияда жана Германияда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар көбөйдү. Испанияда күнүнө 1,5 миңдей адам катталып жатат. Читать дальше...

ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы бир саат аралыгында  Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүп жатканын эскертти. Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши ыктымал.   Мекеме күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырды.



Шайлоо-2020: Партиялардын банктагы эсебине акча которула баштады

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар банктагы эсептерине акча которо башташты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) расмий сайтындагы маалыматка караганда, банктар саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын эсебине түшкөн акчасы жана чыгымдары тууралуу БШКга апта сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Өз кезегинде, БШК бул маалыматты ачык жарыялап турушу зарыл. БШК билдиргендей, 20-июлга карата 43 партиянын 41и «РСК Банк» жана «Айыл Банк» банктарынан эсеп ачты. Азырынча алардын үчөө боюнча маалымат бар. Читать дальше...

Коронавирус үчүн ачылган орундардын 1,4 миңи бош турат, ооруканаларда 11 миңдей бейтап жатат

Azattyk.org 

Бишкекте коронавирусту дарылоо үчүн кошумча ачылган жайларда 27-июлдун эртең мененки саат 8ине карата 1 400 орун бош турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мурдагы “Ганси” авиабазасында 517, Воронцовка айылындагы Курортология жайында 190, Улуттук госпиталда 162, Discovery жана Rixon мейманканаларында, “Ынтымак” медресесинде жана башка жайларда 11ден 99га чейинки сандагы бош орун бар. Министрлик бош орундар тууралуу маалыматын 23-июлдан тартып күн сайын жарыялай баштады. Читать дальше...

АКШ Кытайдын Ченду шаарындагы консулдугун жапты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Кытайдын Ченду шаарындагы башкы консулдугун жапты. Өткөн жумада Бээжин АКШга жооп чара катары аталган дипломатиялык өкүлчүлүктү жабууну буйруган. Кытай мамлекеттик телеканалы консулдуктагы америкалык туу дүйшөмбү күнү эртең менен түшүрүлгөнүн көрсөттү. АКШ Мамлекеттик департаменти Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан консулдук «35 жылдан бери ал жактын тургандары, анын ичинде Тибеттин жашоочулары менен алака-катыш түзүүнүн борбору болуп келгенин» билдирип, ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун жарыялады. Читать дальше...

Евробиримдик Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Евробиримдик 27-июлда өмүр бою эркинен ажыратылган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. Уюмдун Тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин билдирүүсүндө Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарга карабай анын абакта каза болуп калышы өкүнүчтүү экени айтылган. «Анын (ред.: Азимжан Аскаровдун) өлүмүнүн жагдай-шартын, өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта кармалганын иликтөө өтө маанилүү», деп жазылган билдирүүдө. Евробиримдик Азимжан Аскаров... Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада 24 бейтап кайтыш болду, 483 адам жаңы катталды

Azattyk.org 

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 24 бейтап каза болду. Бул тууралуу 27-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда - алтыдан адам. Ысык-Көл облусунда төрт, Талас облусунда үч, Ош шаарында, Чүй, Ош, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам. Бир суткада бул илдетти жугузуп алган 483 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 817 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты. Читать дальше...

Коронавирустан дагы үч тажрыйбалуу дарыгер каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустан акыркы эки күндө бир реанимотолог, эки терапевт дарыгер каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын жакындары жана кесиптештери кабарлашты. 25-июлда 64 жашында Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгери Бегайым Исакова көз жумду. Ал 1956-жылдын 6-июнунда Бишкекте туулган. Медицина академиясын 1979-жылы аяктаган. Кесиптештеринин айтымында, эмгек жолун ушул ооруканада терапевт дарыгер болуп баштаган. 1996-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул медициналык... Читать дальше...

Абитуриент-2020: Документтин түп нускасы азыр талап кылынбайт

Azattyk.org 

Быйыл жогорку окуу жайларына кабыл алуу жараяны аралыктан жүрүп жаткандыктан абитуриенттер документтеринин түп нускасын кийин, окуу жылы башталганда гана тапшырат. Бул тууралуу 27-июлда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайында билим ала турганын тастыкташы үчүн документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Мындай эреже Кыргыз-Түрк «Манас» жана Кыргыз-Орус (Славян) университеттери үчүн милдеттүү эмес. Читать дальше...

Кадр саясаты: Түлөбаев Ысык-Көлгө, Осмоналиев өкмөткө барды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июлда билдирди. Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Акылбек Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп Болот Жунусов иштеп келген. Читать дальше...

БШК саясий партиялар үчүн семинарларды баштады

Azattyk.org 

БШК быйыл парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип кайрылган саясий партиялар үчүн биринчи семинар өткөрдү. Анда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүнүн эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо өнөктүгүн каржылоо тууралуу маалыматтарды берүүнүн тартиби жөнүндө маселелер каралды. Мурунку шайлоо өнөктүктөрүнөн айырмаланып, шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында бир катар жоболорго өзгөрүүлөр киргизилгени партиялардын өкүлдөрүнө маалымдалды. Анын ичинде талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышы... Читать дальше...

Өзбекстанда карантин 15-августка чейин узартылды

Azattyk.org 

Өлкөнүн коронавируска каршы атайын комиссиясынын чечими менен Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылды. Мурунку чечим боюнча чектөөлөрдүн мөөнөтү 1-августта бүтмөк. Карантин учурунда массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короодо үчтөн ашык адам чогулбоого, сөзсүз түрдө беткап кийүүгө милдеттүү. Жашы 65тен өтүп калган адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталды. 15-августка чейин коомдук транспорт жүрбөйт... Читать дальше...

Өзбекстанда көр казуучулар топторун түзүү сунушталды

Azattyk.org 

Ташкентте жана башка чоң шаарларда атайын көр казуучулардын тобун уюштуруу сунушталууда. Жергиликтүү ЖМКнын маалыматы боюнча, коронавирустун жайылышы боюнча күнүмдүк расмий статистикага элдин ишеними күндөн-күнгө азайып жатат. Журналист Аброр Захидов коронавирустан каза болгондорду оорукана кызматкерлери көмүүгө милдеттендирилип жатканын белгилеп, муну токтотууну талап кылды. Ал маркумду узатуу зыйнатын жүргүзүүчү атайын топторду түзүүнү сунуш кылды. «Азыркы коронавирустан каза болгондорду оорукананын жумушчулары көөмп жатышат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *