Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 29.07.2020

Түрк парламенти соцтармактарды тескеген мыйзам кабыл алды

Azattyk.org 

Түркияysy парламенти 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды карfi үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрү ачышы зарыл. Ошондой эле атайын өкүл дайындалышы керек. Ал Түркиянын жараны болушу абзел. Эгер бул шарттар аткарылбаса, компанияга айып пул чегерилип, жарнамаларга тыюу салынат жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгүн 90% чейин чектөө каралган. Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык... Читать дальше...

«Жарандык көзөмөл комитети» Равшан Жээнбековду "саясий туткун" деп тааныды

Azattyk.org 

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму экс-депутат Равшан Жээнбековду "саясий туткун" деп тааныды жана ага карата кабыл алынган соттук чечимдердин баарын кайра карап чыгууга чакырды. Уюм 29-июлда кайрылуу таратып, коронавирус шартында камалып отурган абактагы бардык адамдардын ден соолугуна тынчсыздануу билдирип, Жээнбековдун саламаттыгы начарлап жатканы тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурууга үндөдү. Уюмдун координатору Динара Ошурахунова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Равшан Жээнбековду саясий туткун... Читать дальше...

Казакстанда карантин дагы эки аптага узартылды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев карантинди эки аптага узартууну буйруду. Президент өз чечими тууралуу 29-июлда премьер-министр Аскар Мамин жана саламаттык сактоо министри Алексей Цойду кабыл алып жатып айтты. Буга чейин Цой чектөөлөрдү 3-августтан тартып жумшартуу каралып жатканын айткан. Казакстанда экинчи ирет карантин 5-июлда эки аптага киргизилип, андан кийин 5-августка чейин узартылган. 29-июлга карата кошуна мамлекетте коронавирусту жугузуп алгандардын саны 86 миңден ашты. Читать дальше...

Ат-Башы: балчылардын иши татаалдашты

Azattyk.org 

Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты. Дүйнөнү пандемия каптай электе эле бал сатууда кыйынчыкка тушуккан балчылар, эми чек ара жабылып, экспорт маселеси андан да татаалдашып кеткенин белгилешет.

Боронов: 20 күндө Ысык-Көлгө баргандар он миңден ашты

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 29-июлдагы жыйынында аймактардагы абалга кайрылды. Анын айтымында, региондордо илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат. Боронов акимдерге маселени үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашууну, тапшырманы жүзөгө ашырууну тапшырды. "Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат». Читать дальше...

Курсан Асановдун сотунда Жеңиш Разаков көрсөтмө берип бүттү

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча жабыркаган тараптын сурагы улантууда. Жактоочу тараптын айтымында, 28-июлда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берип бүттү. Кийинки отурум 4-августта болот, анда ИИМ өкүлдөрү суралат. Андан кийин күбөлөрдүн сурагы башталат. Курсановго карата үч иш козголгонун Башкы прокуратура кабарлаган. Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө... Читать дальше...

Аба каттамдарынын ачылышын күткөндөр көп

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары 1-августта ачылары кабарланды. Эки өлкө ортосунда эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да маалым болду.

Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын «эң коррупциялашкан» мекеме деп эсептешет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2020-жылдын жарымына карата элдин ишениминин деңгээли боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын "эң коррупциялашкан мекеме" деп эсептей турганы белгилүү болду. Андан кийинки орунду Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат ээлеген. Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Соттук-медициналык экспертиза кызматы да көпчүлүктүн пикиринде коррупциялашкан мекемелердин катарын толуктаган. "Коррупция... Читать дальше...



"Мекен" тасмасын кинотеатрлар көрсөтпөйт

Azattyk.org 

“Мекен” аттуу көркөм тасма кинотеатрларда көрсөтүлбөйт. Ал эми тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Режиссерлордун айтымында, мамлекеттеги коррупциянын, паракорчулуктун бетин ачкан тасманы көрсөтүүгө мамлекеттик органдар ачыктан ачык тоскоолдук жаратууда.

Адвокат: Мурдагы элчи Кылычбек Султан бийликти күч менен басып алуу тууралуу иш боюнча суралууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан бийликти күч менен басып алуу тууралуу козголгон иш боюнча суралууда. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди. Жактоочунун айтымында, Султан бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) алгач 23-июлда чакырылган. Адвокатсыз сурак берүүдөн баш тарткандыктан, тергөөчү менен жолугушуу 27-июлга которулган. Токтакунова билдиргендей, 27-июлда алар атайын кызматтын имаратында үч сааттай болушту. Читать дальше...

Орусия пандемия тууралуу жалган маалыматтарды таратканы кабарланды

Azattyk.org 

АКШнын расмий адамдары Орусия коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатканын айтышты. Бул тууралуу 28-июлда «Associated Press» агенттиги жазды. АКШнын атайын кызматтары Орусия коронавирус пандемиясы тууралуу жалган маалыматтарды таркатыш үчүн үч англис тилдүү сайтты колдонгонун ырасташкан. Маалыматка караганда, Орусиянын чалгын кызматы (ГРУ) кеминде үч сайтка - InfoRos.ru, Infobrics.org жана OneWorld.press 150дөй конспирологиялык теорияларды камтыган макалаларды жарыялаткан. Алардын... Читать дальше...

Ысык-Көл: өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров кызматтан бошотулду

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев 29-июлда билдирди. Дамир Моңолдоров бул кызматка 2016-жылы келген. Ага чейин Жети-Өгүз районунун акими болуп иштеген. Ал 29-июлда өкүлчүлүктө иштеген кесиптештери менен коштошуп, убактылуу эс ала турганын билдирген. Анын эмне себептен иштен алынганы жана ордуна ким дайындалганы тууралуу маалымат бериле элек. Буга чейин Дамир... Читать дальше...

Каза болгон дарыгердин өкүтү

Azattyk.org 

Чолпон-Атадагы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 35 жылдык өмүрүн медицинага арнаган.

БУУ Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстанда түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды. 69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген. БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл 28-июлда Женевада журналисттерге: «Анын өлүмү боюнча токтоосуз көз каранды эмес жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүү зарыл» деп айтты. Читать дальше...

«Бир Бол» партиясы саясий кеңешин толук жаңылады

Azattyk.org 

«Бир Бол» саясий партиясынын саясий кеңешинин курамы 95% жаңыланды. Бул тууралуу 29-июлда «Азаттыкка» кеңештин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди: «Биздин команданын эң аксакалы - менмин. Менин жашым 51де. Калгандары 35-40тын тегерегиндеги жаш муун. Жетиле элек, жаш романтиктер эмес, турмушта такшалган, ар бири өз тармагында лидер боло алгандар. Өлкөдө 28 жылдан бери кыйынчылык чогулуп отуруп азыр «жаштар келсин, кан алмашсын. Саясий интригалардан жаратмандыкка өтөлү» деген коомдук заказ пайда болду. Читать дальше...

COVID-19 дагы 20 медицина кызматкеринен аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 29-июлга карата маалымат боюнча дагы 20 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдиргендей, вирус жугузуп алган медкызматкерлердин бирөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, ону Чүй облусунда, алтоо Жалал-Абад облусунда, бирөө Таласта, дагы бири Ысык-Көлдө. Өлкөдө пандемия башталгандан бери биринчи жолу Бишкек шаарында медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок. Бир күн ичинде жети медик айыгып, ооруканадан чыкты. Читать дальше...

COVID-19: Бир суткада 18 бейтап кайтыш болду, вирус 668 кишиден аныкталды (видео)

Azattyk.org 

Бир сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 илдетинен 18 бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-июлдагы брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын маалыматына караганда, COVID-19 илдетинен каза болгондордун тогузу Бишкекте, төртөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, дагы бири Ош облусунда, бирөө Талас аймагында, бирөө Ысык-Көлдө. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан каза болгондордун саны 1347ге жетти. Бир сутка ичинде коронавирус 668 кишиден жаңы аныкталды. Читать дальше...

Алайда жана Кадамжайда сел жүрдү

Azattyk.org 

Баткен жана Ош облустарындагы шейшемби күндөгү нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда 28-июлда нөшөр жаандан кийин кокту-колоттон келген сел суусу Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун 114-чакырымын көлөмү болжол менен 1 500 куб метрлик кум-шагылга толтурган. Машиналардын өтүшүнө кыйынчылык жаралгандыктан атайын техника тартылып, жол тазалана баштаган. Читать дальше...

Физиев: Дарыгерлер - азыркынын баатырлары

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Рафаэл Физиев UFC уюмунда экинчи жолу жеңишке жетти. «UFC Fight Island 2» деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өтүп, Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиезини жеңди. Бул эки мушкердин таймашы мелдештин «мыкты беттеши» деп табылып, бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча сый акы алды. Физиев "Азаттык" радиосуна маек куруп, Кыргызстандагы кырдаал, алдыдагы беттештери тууралуу кеп кылды.

Активисттердин аккаунттарына чабуул башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандык бир нече активист социалдык тармактардагы аккаунттарын белгисиз адамдар бузуп киргени тууралуу даттанып чыгышты. Айрымдары баракчаларын биротоло алдырып жиберсе, башкалары кайсы бир видеолору, сүрөттөрү, посттору өчүрүлгөнүн кабарлашты.

«Twitter» АКШ президентинин уулунун баракчасын 12 саатка жапты

Azattyk.org 

Компаниянын билдирүүсү боюнча, кичүү Дональд Трамп коронавирус жөнүндө туура эмес маалымат жарыялаган. Пост өчүрүлгөн. Трамп өзүнүн баракчасына «COVID-19 менен күрөшүүдө беткап коргой албайт» деген видео менен бөлүшкөн. Анда сүйлөп жаткандар лабораториялык кийимчен болгон. Тасмада безгекке каршы гидроксихлорохин каражаты дары экени айтылган. АКШда ал COVID-19ду айыктырууда колдонулган дарылардын тизмесинен чыгарылган. Тасмадагылар өздөрүн «Американын алдыңкы катардагы дарыгерлери» катары тааныштырган. Читать дальше...

Пандемиянын айынан 500 миңдей өзбекстандык сыртка иштөөгө чыга албай калды

Azattyk.org 

Пандемия маалында киргизилген карантин чектөөлөрүнүн айынан Өзбекстанда 500 миңдей эмгек мигранты чет өлкөгө иштегени бара албай калды. Бул жөнүндө Эмгек жана эмгек мамилелери министрлигинин катчысы Рахимжон Махкамов 27-июлда Ташкенде өткөн брифингде маалымдады. Аткаминердин айтымында, мигранттардын 76,2 миңи Өзбекстандын өзүндө ишке орноштурулду. Жалпысынан 68,7 миң адам коомдук иштерге тартылып, Коомдук иштер фондунан 21,8 млрд. сум ( $2,1 миллиондон көп) алардын айлыгына бөлүнгөн. 2020-жылдын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *