Муфтият: Дин ишмерлери үгүт иштерине катыша албайт
Кыргызстандагы Мусулмандар дин башкармалыгы атайын токтом менен дин ишмерлеринин, имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды. Муфтияттын басма сөз катчысы Максатбек Атабаевдин «Азаттыкка» 3-сентябрда билдиргени боюнча, мындай талап жалпы өлкөдөгү дин ишмерлерине берилди. «Токтомго ылайык мечиттерде, медреселерде шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле дин ишмерлери, имамдар да саясий абалга кийлигишип, кайсы бир партиянын жана талапкерлердин пайдасына иштөөсүнө уруксат жок», - деди ал. Читать дальше...