Трамп эфир учурунда коронавирусту тез аныктоочу тестти көрсөттү
АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык Abbott («Эбботт») компаниясы иштеп чыккан жаңы тестти Эй-Би-Синин телеэфири учурунда көрсөттү. Бул тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктайт. «Мен силерге өзгөчө бир нерсе көрсөтөм. Менде бүгүн эле чыккан жаңы тест бар», - деген Трамп пиджагынын чөнтөгүнөн чакан картонду алып чыкты. Трамптын айтымында бул тест сыртынан кагаздын үзүмү сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, вирустун бар-жоктугун так аныктайт. «Адамдар бул тестти өздөрү менен ала жүрүп, текшерилсе да боло берет. Читать дальше...