Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 17.09.2020

№2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000 кишиге жетти

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда билдирди. 13-сентябрда бул көрсөткүч 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болчу. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул... Читать дальше...

АКШ элди вакцина менен камсыз кылуу тууралуу планын жарыялады

Azattyk.org 

АКШ өкмөтү коронавируска каршы натыйжалуу жана коопсуз вакцина табылары менен бардык америкалыктарды ал препарат менен акысыз камсыз кылуу планын жарыялады.  Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилд жана башка жооптуу адамдар мындай мазмундагы баяндамасын 16-сентябрда Конгресске сунуш кылышты. Ага ылайык, эмдөө жараяны жыл этегинде же январь айында башталып, бара-бара ага бардык америкалыктар камтылат. «Вакцина адегенде ноябрь-декабрь айларында колубузга тиет деп ойлойм. Читать дальше...

Алканова: «Кара-Сууда Зафар Айдаров сабалды» деген маалымат калп

Azattyk.org 

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери Зафар Айдаров сабалганы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын өкүлү Элнура Алканова билдирди. «Азыркы учурда Айдаров шайлоочулар менен Кара-Сууда жолугушууда жүрөт экен. Андай маалыматтар (сабалды деген) жалган. Таптакыр андай нерсе болгон жок», - деди Алканова. Ош облустук ички иштер башкармалыгы да талапкердин сабалышы боюнча эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. 15-сентябрь күнү Кудрет Тайчабаров аттуу... Читать дальше...

ФБК: «Новичоктун» изи Навальный түнөгөн мейманканадан табылды

Azattyk.org 

«Новичок» уулуу затынын издери бар бөтөлкө Томск шаарындагы мейманкананын Алексей Навальный жаткан бөлмөсүнөн табылган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фонду (ФБК) 17-сентябрда билдирди. Саясатчынын «Инстаграмында» жайгаштырылган билдирүүдө анын кесиптештери Навальныйдын мейманканадагы бөлмөсүнөн бардык буюм-тайымдарды чыгарып кетишкени жазылган. Алардын арасында суунун бөтөлкөлөрү да болгон. Алардын бардыгы Берлиндеги медиктерге тапшырылган. Кийин ошолордун биринен уулуу заттын издери аныкталган. Читать дальше...

Бекешев: партбосстор болочок депутаттарын көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасын табышты

Azattyk.org 

Кыргызстанда айрым саясий партиялар парламентке өз тизмеси аркылуу келе турган болочок депутаттарды көзөмөлгө алуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирип, мындай ыкма азыркы шайлоодо колдонулуп жатканын жана ага жеке өзү туш болгонун айтты: «Азыр партиялардын босстору акылдуу болуп калбадыбы. Алар фракциядан чыгуу тууралуу арызды эмитен эле жаздырып жатышат. Мисалы, мен депутат болдум дейли, бирок бир нерсени туура эмес айтып алсам... Читать дальше...

Беларус сайттары каршылык иретинде актай сүрөтсүз макала жарыялашты

Azattyk.org 

Беларустагы бир катар алдыңкы эркин басылмалар менен сайттар камактагы эки фотографты колдоо иретинде башкы бетине сүрөтү жок билдирүү жана макалаларды жарыялашты. Актай барактын орто ченинде «Бул жерде сүрөт болушу керек эле» деген жазуу жазылган. Ошондой эле фотографтар Александр Васюкович менен Владимир Гридин «уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн» 11 күнгө камалганы белгиленген. 16-сентябрда Минск шаарынын Фрунзе райондук соту «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Гридин менен TUT.BY... Читать дальше...

Республикалык штаб партияларга COVID-19 коркунучун эскертти

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб парламенттик шайлоого аттанган партияларга коронавирус пандемиясы маалындагы санитардык талаптарды эскертти. Штабдын 17-сентябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков карантин режими уланып жатканын билдирип, эл аралап үгүт жүргүзүп жаткан саясатчылар коомдук саламаттыгына кайдыгер болбошу керек экенин айтты. Талапка ылайык, жыйындарга 50дөн ашуун адам чогулбашы керек жана кишилердин арасында бир жарым-эки метр аралык сакталууга тийиш. Читать дальше...

Кыргызстандыктардын Швейцарияга эркин кирип-чыгышына уруксат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстандыктарга 7-сентябрдан тартып Швейцарияга виза менен эркин кирип-чыгууга уруксат берилди. Коронавирус пандемиясынан улам чектөө киргизилип, кийинчерээк жумшартылган эрежелерге ылайык, Швейцарияга барган кыргызстандыктар 10 күндүк карантинге алынышы керек эле. Швейцария өкмөтү 4-сентябрда кабыл алган чечимге ылайык, андай шарт-талаптар алынып ташталды. Буга чейин Кыргызстан менен Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстандын ортосунда түз авиакаттамдар жанданган. 17-сентябрдан... Читать дальше...



Пандемия маалындагы мектептер

Azattyk.org 

Косово, Пакистан, Румыния жана башка бир катар өлкөлөрдө мектептер марттан берки тыныгуудан кийин окуучуларга эми эшигин ачты. Мектептерде коронавирустун жайылышынын алдын алуу иштери жүрүп жатат.

Жолчу министрлер Жогорку Кеңешти мелжеди

Azattyk.org 

Антикоррупциялык ишкер кеңеш жол тендерлерине байланыштуу чуулгандуу иштерде аттары аталган мурдагы төрт министрдин шайлоого баратканына тынчсыздануусун билдирди. Алардын арасында жол курулушунда мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык чийимдерди түзгөн деген шек менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулайманов да бар. Ал 2012-жылдан бери дайынсыз болуп, анын кылмыш иши убактылуу токтоп турган. Өлкөгө кайтып келсе, камакка алынып,... Читать дальше...

Дастан Жумабековдун сүйүнчүсүнө байланыштуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин спикери, парламенттик шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы тууралуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып... Читать дальше...

Кара-Кече: Көчкөн тоодон таш түшкөнү токтой элек, жол салуу иши күнү-түнү жүрөт

Azattyk.org 

Кара-Кечеде көчкөн тоонун үстүнөн таш дагы эле түшүп жатат, ал жерге айланма жол салууга кеминде 10-15 күн талап кылынат. Бул тууралуу 17-сентябрда «Кыргызкөмүр» ишканасы кабарлады. Курулуш иштери күнү-түнү жүрмөй болду. Эни 6-8 метрлик жаңы жолдун тоонун боору менен өткөн аралыгы 3,2 чакырым болот. Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Кара-Кече көмүр кенинде азыр 18 ишкана тынбай иштеп жатканын кабарлады: ««Кабак» көмүр бассейнинде 20 ишкана бар. Алардын 18и тынбай иш алып барууда. Читать дальше...

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды

Azattyk.org 

16-сентябрдан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жарандарды сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Андан ары бул иш аймактарда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.  Алгач тобокел топторуна кирген жарандар акысыз эмделет. Алар - жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар.  Эмдөө мамлекеттик жана жеке менчик клиникаларда жүргүзүлөт. Оорулардын алдын алуу жана... Читать дальше...

COVID-19: ИИМ камак жайында ооруп жаткан алты адам тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Кызыл-Кыяда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган алты адам коронавирусту башка жактан жугузуп алган болушу ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-сентябрда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эпидемия башталгандан бери бул жайда санитардык эрежелер так сакталып келет, камоого алынуучу ар бир адам ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Мындан тышкары, тийиштүү мекемелер санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүп турушат. Бирок... Читать дальше...

Арменияда өкмөттүн коронавируска каршы аракеттери иликтенет

Azattyk.org 

Арменияда депутаттык комиссия өкмөттүн коронавирус эпидемиясына каршы чаралары канчалык натыйжалуу болгонун иликтей турган болду. 16-сентябрда армян парламентиндеги «Менин кадамым» башкаруучу блогу оппозициядагы «Гүлдөгөн Армения» жана «Жаркын Армения» фракцияларынын мындай сунушуна макулдук берди. Ага ылайык, парламенттик комиссия алты айдын ичинде өз корутундусун чыгарышы керек. Комиссияны оппозициядагы депутат жетектегени менен мүчөлөрүнүн көбүн премьер-министр Никол Пашиняндын саясий блогунун өкүлдөрү түзмөкчү. Читать дальше...

Жээнбеков: Коррупциялык көп схема ачылды, мыйзамсыз байыгандарга аёо жана кечирим болбойт

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөштүн алкагында көптөгөн коррупциялык схемалар ачылып, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндө кылмыштуу бүтүндөй топтордун ишине бөгөт коюлду деп эсептейт. Бул тууралуу президент 17-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Президент мамлекеттик сатып алуу, фискалдык, сот, укук тартибин коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү мекемелеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу... Читать дальше...

Казакстанда башкы санитардык дарыгер кайрадан алмашты

Azattyk.org 

Казакстанда саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов өлкөнүн башкы санитардык дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу расмий билдирүү казак өкмөтүнүн сайтына жарыяланды. Ушуну менен Казакстанда санитардык дарыгер экинчи жолу алмашты. Быйыл май айында бул кызматта иштеп келген Жандарбек Бекшин иштен кетүү тууралуу арыз жазып, анын ордуна Айжан Есмагамбетова дайындалган.  47 жаштагы Киясов 1990-жылдардын башында Алматыдагы тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүндө санитардык дарыгер... Читать дальше...

Бишкектин архитектуралык көркүн бузбайлы

Azattyk.org 

Италиядагы атактуу Пиза мунарасы 1319-жылы курулуп бүткөн. Бийиктиги 57 метрлик мунара бүгүн өз огунан 3° 54' жантайып калган. Ошого карабай, атактуу мунара жети кылымдан бери кулабай турат.

Кой-Таш окуясы: айыпкерлер соттун үстүнөн арызданды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар жабырлануучу-күбөлөр кысым менен туура эмес көрсөтмө берип жатканын, сотто мыйзам бузуулар орун алганын айтып жатышат. Сот органдары жана УКМК буга жооп бере элек.  2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча 16-сентябрда уланган жараянда айыпталуучулар сотко катышуудан баш тартышты. Буга айыпталгандардын бири Фархат Баабиев жабырлануучу-күбөгө суроо берүүнү көздөп, бирок ишти карап жаткан судья Марат Сыдыковдун ага уруксат бербей, залдан чыгарганы түрткү болгон. Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстанда соңку суткада дагы 81 кишиден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81  адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады. АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата... Читать дальше...

Үзөңгү-Кууш менен коштошуу

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев тууралуу Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин эскерүүсү.

Коопсуздук кеңеши жемкорлукка каршы күрөштү талкуулап жатат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарганадай, жыйында эки маселе - укук тартибин коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралууда. Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов... Читать дальше...

"Социал-демократтар", "Ата Мекен" жана "Мекенчил" партияларынын айрым талапкерлери тизмеден чыкты

Azattyk.org 

"Социал-демократтар" партиясынан эки, "Ата Мекен" жана "Мекенчил" партияларынан бирден талапкер өз арыздарынын негизинде шайлоо тизмелеринен чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)  мындай чечимди 15-сентябрдагы отурумунда кабыл алды. Талапкерликтен четтегендер: Рустам Жунушалиев - "Социал-демократтар" Тилек Абдиев - "Социал-демократтар" Аман Төлөгөн уулу - "Ата Мекен" Бабуржан Мамытов - "Мекенчил" Шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий партиялар БШКга 75тен аз эмес, 200дөн ашпаган талапкердин документин тапшырат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *