Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 28.09.2020

Тажикстанда коррупция менен күрөшкөн кызматкерлерге талап күчөдү

Azattyk.org 

Тажикстанда Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш агенттигинин кызматкерлерине мындан ары бир иш ордунда үч жылдан ашык иштегенге тыюу салынды. Өкмөт мындай чечим паракорчулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында, коррупция менен күрөшкөн кызматкерлер башка мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү менен тымызын, жең ичинен келишип алган көрүнүштөрдү жоюш үчүн кабыл алынганын билдирди. Мындан ары агенттиктин кызматкерлери милдеттүү түрдө үч жыл сайын ротацияланып турмакчы. Финансылык көзөмөл... Читать дальше...

Ибраева: Кыргызстанда коронавирус 1 200дөн ашык баладан табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда сентябрь айына карата статистика боюнча 14 жашка чейинки 1254 баладан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 28-сентябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, вирус аныкталган балдардын 123ү бир жашка чейинкилер. «Бир жаштан алты жашка чейинки балдар 434тү, 6-14 жаштагылар 697ни түздү. Былтыр пневмонияга 1568 бала чалдыккан болсо, быйыл бул көрсөткүч аз», - деди ал. Читать дальше...

"Партиялар эрк көрсөтө албады"

Azattyk.org 

Укук коргоочу Эржан Сулайман "Биримдик" партиясынын төрагасынын сөзүнө каршы башка партиялардан чечкиндүү кадам болбогонун сындады. Анын айтымында, парламенттик шайлоого аттанган саясий топтор мындай учурда расмий билдирүү таратышы керек болчу.

COVID-19: Иранда балдарга оору жуккан учурлар көбөйдү

Azattyk.org 

Иранда кийинки күндөрү балдарга СOVID-19 илдети жуккан учурлар көп каттала баштады. Баш калаа Тегерандагы «Али Аскар» балдар ооруканасынын дарыгери Голамреза Бейзайияндын айтымында, коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.  Иран өкмөтү азырынча так көрсөткүчтөрдү жарыялай элек. Айрым ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп жатышканын окуу жайларынын директорлору кабарлашты.  Ирандын президенти Хасан Роухани 26-сентябрда коронавирустун жайылышын ооздуктоо... Читать дальше...

Абдулла Абдулла Пакистанга үч күндүк сапар менен келди

Azattyk.org 

Ооганстандын Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, мурдагы башкы аткаруучу Абдулла Абдулла 28-сентябрда Пакистанга үч күндүк сапар менен келди. Ал 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу боюнча «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Кабулдун расмий делегациясын жетектейт. Пакистан - «Талибанга» таасири өткөн аймактагы негизги ортомчулардын бири. Абудулла бул сапарынын алдында «Твиттердеги» баракчасына Пакистанда бийлик өкүлдөрү менен жолугарын, Ооганстанга тынчтык орнотуу жараяны, эки тараптуу алака-катыш маселелери талкууланарын жазган. Читать дальше...

Өкмөт карантин ыктымалдыгы боюнча пикирин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кайрадан карантин киргизүү же киргизбөө элдин өзүн алып жүрүшүнө, эрежелерди сакташына жараша болот. Бул тууралуу 28-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди: «Жалпы өлкө боюнча карантин чаралары инфекция башталганда бир жолу гана жарыяланат. Эми элдин өзүнөн көз каранды болот. Эреже сакталса мындай чара көрүү зарылчылыгы болбойт. Эми баары ар бирибизге жараша болот». Үсөнбаев азыр ден соолугуна кам көрүп, беткапчан... Читать дальше...

«Der Spiegel»: Меркел Навальныйга ооруканадан тымызын жолугуп кеткен

Azattyk.org 

«Der Spiegel» немис басылмасы Германиянын канцлери Ангела Меркел орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ооруканада жатканда ага тымызын жолугуп кеткенин жазды. Журналисттер Меркел мындай «адаттан тыш ишараты менен немис өкмөтүнүн орус оппозиционерине тилектештигин көрсөткүсү келген» деп белгилешкен. Жолугушуунун чоо-жайы тууралуу расмий маалымат берилген эмес. Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

NYT: Трамп президент болгон жылы 750 доллар гана салык төлөгөн

Azattyk.org 

АКШда «New York Times» басылмасы президент Дональд Трамптын салык декларациясы тууралуу чуулгандуу иликтөө жарыялады. Ага ылайык, Трамп 2016-жылы, жаңы президент болгондо 750 доллар гана федералдык киреше салыгын төлөгөн. Кийинки жылы деле ушунча суммадагы акча төккөн. Басылманын колуна Трамптын соңку 20 жылдагы салык декларацияларындагы маалымат тийген жана анда Трамп 2001-2015-жылдары такыр федералдык киреше салыгын төлөбөгөнү жазылган. Трамп 27-сентябрдагы басма сөз жыйынында бул маалыматты «фейк... Читать дальше...



Баткенде коомдук транспорт токтотулуп, бир катар чектөөлөр киргизилди

Azattyk.org 

Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр кошумча киргизилгенин штабдын өкүлдөрү 28-сентябрда «Азаттыкка» билдиришти. 28-сентябрдан тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду. Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын... Читать дальше...

Казакстандагы митингде активисттер кармалды

Azattyk.org 

Дем алыш күндөрү Казакстандын бир нече регионунда нааразылык акциялары өттү. Алар элдин банктарга карызын кечүүнү, саясий туткундарды бошотууну жана өкмөттүн кетишин талап кылышты.

Шайлоо сайын багын сынаган «Бүтүн Кыргызстан»

Azattyk.org 

Тизме түзүүдөгү чырдан улам «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эң акыркы болуп каттоодон өттү. Партияны соңку он жылда президенттик жана парламенттик ири төрт шайлоого катышып ийгилик жарата албай келаткан Адахан Мадумаров баштап баратат. Саясий уюм Боршайкомго 120 талапкердин тизмесин тапшырса, анын 70тен көбү жумушсуз. Арасында иши сотто каралып жаткан адамдар, мурдагы бийликтин тушунда «капчык» деген атка конгон Мурат Малабаевдин уулу жана башка кишилер бар. Читать дальше...

Тозоктон кутулуунун аргасы

Azattyk.org 

Турмуштун алгачкы сыноосуна туруштук бере албай ажырашып кеткен ата-энелердин айынан бала өксүк менен өсөт. Турусбек Мадылбайдын «Кичинекей Бердинин азаптарында» социалдык курч проблема көркөм иликтөөгө алынган.

Эркектик сөздөн тайды! UFC президенти Дана Уайт Конор Макгрегорго нааразы болду

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Буга чейин спортчу интернетке уюмдун жетекчиси менен Instagram (Direct) аркылуу жазышкан каттарын жарыялап салган. Анда Макгрегордун UFC ардагери Диего Санчес, Жастин Гэтжи жана Тони Фергюсон божомолдонгон беттештери тууралуу сөз болгон.

Илон Маск Starship ракетасын сынай турганын билдирди

Azattyk.org 

Илон Маск жакында космостук ракета учурарын ишембиде билдирди. Анын айтуусунда бул ракета Марс планетасына адам баласын жеткирүү үчүн SpaceX компаниясы тарабынан даярдалууда. Илон Масктын сөзүнө караганда Starship ракетасы Жердин атмосферасында 15 чакырым аралыкта гана учат. Мурдараак ракетанын учуу бийиктиги 18 чакырым деп айтылган. Маск ракетасынын куйрук тарабынын сурөтүн көрсөтүп, башы менен стабилизаторлору кийинки жумада даяр болорун айтты.

Германия чалгын кызматын көзөмөлдөөчү орган түзөт

Azattyk.org 

Учурда Германияда Федералдык чалгын кызматынын (BND) ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү орган түзүү жөнүндө мыйзам иштелип жатат. "Көзөмөл кеңешине" төрт федералдык сот, эки федералдык прокурор кирет. Бул тууралуу Süddeutsche Zeitung басылмасы, NDR жана WDR телекомпаниялары федералдык канцлердин кеңсесине келип түшкөн мыйзам долбооруна таянып маалымдашты. "Немис толкуну" (DW) кабарлагандай, муну менен Германиянын Федералдык конституциялык сотунун токтому аткарылат. Май айында сот чалгын кызматы тууралуу... Читать дальше...

Өкмөт: Кыргызстанда кышка даярдыкта көйгөй жок

Azattyk.org 

Кышка даярдык өз планы менен жүрүп жатат. Бишкек жана Ош ТЭЦтери кышкы жылуулук сезонуна даяр. Мындай маалыматты кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана кен казуу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, Кара-Кечеден көмүр ташуу учурда уланып жатат: "Кара-Кечеде жол жабылып калганын билесиңер. Бирок биз айлантма жолду курганбыз. Азыр ошол жол аркылуу Нарын облусунун үч району камсыз болуп жатат. Биз Бишкек ТЭЦине июнь айында 5 миң, августта 10 миң тонна көмүрдү ашыкчасы менен жеткиргенбиз. Читать дальше...

БУУнун Баш катчысы Тоолуу Карабахтагы жаңжалды токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш тараптарды Тоолуу Карабахтагы "согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга" чакырды. Бул маалыматты жекшембиде анын өкүлү маалымдады. Билдирүүдө Гутерриш Армения жана Азербайжандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө даяр экени кабарланган. Армения Карабах чатагында экинчи тарап болуп саналбаганы менен, өзүн Азербайжандан көз карандысыз Тоолуу Карабах деп атап алган республиканы ачык колдоп келет. 27-сентябрда... Читать дальше...

Жээнбеков: "Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы"

Azattyk.org 

"Орусия - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкка чоң маани берерин белгилеп, тараптардын учурдагы мамилеси эң жогорку деңгээлде экенин айтты. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Венгрияга расмий сапар алат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *