COVID-19: Төрт адам каза болду, 275 кишиге жаңы жукту
Республикалык штабдын маалыматы боюнча 9-октябрга карата бир сутканын ичинде 4 адам каза болду. Каза болгондордун экөө Баткен, бирден киши Ош, Жалал-Абад облустарында. Коронавирустан жалпы 1077 адам каза болду. Акыркы суткада вирус 275 адамда жаңы аныкталды. Бул август айынын акырынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 3379 болду... Читать дальше...