Президент Бишкекке өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарды
9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова жарыялады. Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган. Массалык башаламандыктын натыйжасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана өлкөдө кырдаалды турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды. Читать дальше...