COVID-19 бир күндө дагы 91 кишиден табылып, илдеттен бир киши көз жумду
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы бир кишинин өмүрүн алды. Бир күндө вирус дагы 91 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 305 адамды түздү. Анын 76 563ү сакайганы айтылды. Бир күндө 212 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1359 кишиге жетти. Читать дальше...