Кыргызстан Кытайга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоого аракеттенүүдө
Бул тууралуу айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 12-январда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк өлкөнүн мал чарба тармагында бар. Министр ошол эле учурда Кыргызстан айыл чарба азыктарын, чийки затты кайра иштетип сатуучу хаб болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин да айтты: «Биз аймактагы транзиттик мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалансак болот. Биз өзүбүздүн эле азык-түлүктү сатпай, башкалардын эт-сүтүн да кайра иштетип сатсак болот. Азыр Казакстандан, Орусиядан... Читать дальше...