Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 16.01.2021

"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырды

Azattyk.org 

"WhatsApp" адистери колдонуучулардын реакциясынан улам жаңы бизнес өзгөчөлүктөрүн жайылтууну кийинкиге калтырды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды. 4-январда "WhatsApp" колдонуучуларына 8-февралга чейин "Жаңыртылган купуялык саясатын" кабыл алуу же четке кагууну сунуш кылган. Жаңы саясаттын алкагында "Facebook" жана "WhatsApp" тиркемелери өз маалыматтарын бириктире турганы айтылган. Жаңы эрежелерге макул болбогондор 8-февралдан баштап "WhatsApp" тиркемесин колдоно албай тургандыгы кабарланган. Читать дальше...

Коронавирус дагы 129 адамга жукту, бир бейтап көз жумду

Azattyk.org 

16-январга карата Кыргызстанда дагы 129 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте бир бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 986 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 866сы сакайды. Соңку бир күндө 151 адам айыкты. Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1382 адамга жетти. Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү: Бишкек шаарында... Читать дальше...

Дача СУнун сыры ачыла элек

Azattyk.org 

39 адамдын өмүрүн алган Дача СУ кырсыгына төрт жыл болгонуна карабай, учактагы сырдуу жүктүн ээси табылбай келет. Окуядан кийин түзүлгөн депутаттык комиссиянын, күч органдары жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгы чыга элек. “Азаттык” каргашалуу окуянын себептерин, андагы күмөндүү жагдайларды тизмектеди.

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын билдирди. Анын үстүнөн Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен сотко чейинки териштирүү башталды. Расмий маалыматка ылайык, Төрөкулов 15-январда Ош шаарында колго түшкөн. Бишкекке учак менен жеткирилген. Ал Оштогу тери иштетүүчү заводду жемкорлук жана рейдерлик жолу менен басып алган деп айтылууда. Депутаттын шериги катары Чүйдөн Жантай Шаменов да колго түшкөн. Алар Бишкектин Биринчи... Читать дальше...

Пакистанда жоочулар менен кагылышта үч аскер набыт болду

Azattyk.org 

Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагында 14-январдагы атышууда үч аскер набыт болду. Расмий маалыматка ылайык, салгылашта үч жоочу да жок кылынган. Алардын экөө жанкечти, бирөө бомба даярдоочу адис. Жергиликтүү коопсуздук органдарынын кызматкерлери "Азаттыкка" кабарлагандай, окуя Даттахел деген жерде болгон. Ооганстанга жакын Түндүк Вазирстандын Спинвам аймагында 12-январда аскердик постко чабуул жасалып, эки жоокер көз жумган, үчөө жараат алган.

Ура-а! “Википедия” 20 жашка толду!

Azattyk.org 

Эл аралык, көп тилдеги жана ачык коомдук энциклопедия болгон “Википедия” 15-январда 20 жылдыгын белгиледи. Дүйнө улуттарын бири-бирине илимий-маданий жана маалыматтык өңүттө ширелткен бул айдыңдык ынтымактын арасында кыргызча “Википедия” да бар. Азыркы тапта “Википедия” тууралуу кабардар болбогон кишилер улам азайып барат. 2001-жылы 15-январда ишкерлер жана агартуучулар Жимми Уэйлс менен Ларри Сэнгер мырзалар дүйнөнүн дээрлик бардык тилдеринде ачык маалымат топтогон интернеттик энциклопедия түзүү долбоорун баштаганда... Читать дальше...

COVID-19: Чехтер эмдөө үчүн каттоодогу калпыстыктар үчүн өкмөттү сынга алууда

Azattyk.org 

Чехияда жума күнү коронавируска каршы эмдөө максатында жарандарды бирдиктүү тизмеге каттоонун алгачкы аракети жасалды. Көп кишилер каттала албай арызданышты. Карапайым жарандар жана оппозициядагы партиялар премер-министр Андрей Бабиштин өкмөтүн санариптештирүүдө мажүрөөлүк кылып жатат деп сынга алышты.   15-январда таңкы саат 08:00ден тартып Чехияда коронавируска каршы эмдөө максатында 80 жаштан улуураак карыяларды бирдиктүү тизмеге электрондук каттоо системасы ишке киргизилди. Өлкөдө 440 миңдей киши дал ушул улуу куракта. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *