Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 21.01.2021

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Azattyk.org 

Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.

Байден Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарды. Ал иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду. Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирет. Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат... Читать дальше...

21-январда «Ата-Бейит» китебинин бет ачары өтөт

Azattyk.org 

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 21-январда саат 11:00дө коомдук ишмер, профессор Роза Айтматова менен жазуучу Асан Ахматовдун «Ата-Бейит» китебинин бет ачары болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. «Ата-Бейит» китеби 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналат. Анда бир үй-бүлөнүн турмушу, адамдардын тагдыры аркылуу массалык репрессиянын жүрүмү чагылдырылат. Ошондой эле китептин бет ачарында «Эстелик» аттуу даректүү видео тасма көрсөтүлөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *