Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 28.01.2021

Курсан Асановдун бөгөт чарасы райондук сотто каралууда

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон генерал Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова маалымдады. Асановдун тарапташтары сот имаратынын сыртында пикет уюштурушту. Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык... Читать дальше...

Алматыда коронавируска байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус инфекциясы тараганына байланыштуу чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чараларды камтыган токтомго шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койду. Ага ылайык, 1-февралдан тартып шаардагы театрлар жана кинотеатрлар жабылат. Буга чейин аталган объектилер 2020-жылдын октябрынан баштап айрым чектөөлөр менен ишин жанданткан. Ошондой эле соода жана көңүл ачуу борборлору саат 10дон кечки 20га чейин ачык болот. Ал эми дем алыш күндөрү таптакыр ачылбайт. Азык-түлүк... Читать дальше...

Кыргызстандын виртуалдык туристтик картасы чыкты

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын туристтик үч өлчөмдүү, виртуалдык картасын чыгарды. Онлайн картадан өлкөнүн баш калаасын жана аймактарындагы туристтик жерлерди, орчундуу объектилерди үч өлчөмдө көрсө болот. http://map.tourism.gov.kg/ долбоорун Жапониянын Өнүктүрүү агенттиги (JICA), Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) баштаган бир нече эл аралык уюмдар каржылады. Картадагы үч өлчөмдүү сүрөттөр жай айларында тартылган, аларды коштогон тексттерди орус, кыргыз, англис тилинде көрсө болот. Читать дальше...

Тыштан келген жардам боюнча комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште каралат

Azattyk.org 

Кыргызстанга пандемиянын кесепеттерин жоюуга тыштан келген каржылык жардамдын бөлүштүрүлүшүн текшерип жаткан мекеме аралык комиссиянын корутундусу жакын арада Жогорку Кеңеште каралат. Бул тууралуу «Парламент» радиосундагы маегинде депутат Айнура Аскарова билдирди. Аскарова: «347 миллион долларга жакын сумма мамлекетке келип түшкөн. Ал кандай тартип менен бөлүштүрүлүп, кандай сарпталды? Бардыгынын эсеби так маалым болушу керек. Жогорку Кеңеш бул багытта өкмөттөн далилдүү жоопторду күтүүдө», - деди. Читать дальше...

Орусияда Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнүн үйлөрү тинтилди

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын 15ке жакын үзөңгүлөшүнүн үйүндө тинтүү жүрдү. Полиция жана Тергөө комитетинин кызматкерлери Навальныйдын жубайы Юлия, иниси Олег Навальный, басма сөз катчысы Кира Ярмыш, Коррупцияга каршы күрөш фондунун кызматкерлери Любовь Соболь, Георгий Албуров, Олег Степанов жана бир нече адамдын батирлерлерин тинтүүгө алышты. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Коррупцияга каршы күрөш фондуна жана «Навальный LIVE» cтудиясына да келишти. Алар тинтүүнүн... Читать дальше...

Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүү даярдыгы талкууланды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Мамагенттиктин 2021-жылдагы республикалык жана эл аралык мелдештер боюнча календарлык планына ылайык, аталган турнирди 5-10-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүү каралган.

«Аэрофлот» Москва-Бишкек-Москва каттамын март-апрелде чектейт

Azattyk.org 

Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы COVID-19 пандемиясынан улам 80 шаарга эл аралык күнүмдүк каттамын чектөөдө. Алардын арасында Бишкек жана Ош шаарлары да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Каттамдар 28-марттан 30-апрелге чейин бир айга чектелип жатат. Бирок, ошол маалда аталган компаниянын «Москва-Бишкек-Москва» багытындагы аптасына бир жолу белгиленген рейси жума күндөрү адаттагыдай уча берет. Азыркы тапта аталган компания күн сайын Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва багытында учуусун улантууда. Читать дальше...

«Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде Кыргызстан 124-орунду ээледи

Azattyk.org 

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 31 балл алып, Кения, Мексика жана Пакистан менен бирдей орунга коюлду. 100 баллдын ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 88 балл алган өлкөлөр – Дания жана Жаңы Зеландия. 85 баллдан Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария өлкөлөрү алышты. Ал эми эң аз (12) балл алып, абдан коррупциялашкан өлкө аталгандар ... Читать дальше...



Журналист Таалайбек Дүйшөналиев каза болду

Azattyk.org 

Нарын облустук медиа борборунун директорунун гезит жана сайт боюнча орун басары, 61 жаштагы Таалайбек Дүйшөналиев 27-январь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактык кабарчысына журналист Максат Абдракунов билдирди: «Эки күндөн бери ооруп ийне алып аткан экен, кан басымы түшүп кетиптир. Мурун инсульт алып, кайра тез эле тыңып кеткен. Өзү абдан кичи пейил адам эле. Биз он жылдан ашык «Теңир-Тоо» гезитинде чогуу иштедик». Таалайбек Дүйшөналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин... Читать дальше...

«Google» өңдүү долбоор түзгүсү келген Азрет

Azattyk.org 

«Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын кезектеги каарманы - жакында эле «Палантир» IT компаниясына тажрыйба топтош үчүн ишке кирген программист Азрет Кенжалиев. Ал жаңы жумушу, алдыдагы кыялдары, ислам динине болгон мамилеси тууралуу ой бөлүштү. Азрет Кенжалиев 21 жашта. Ал Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн. Информатика боюнча бир катар эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүсү. Учурда ал Түштүк Кореядагы KAIST же Кореянын Алдыңкы илимдер жана технология институтунун студенти. Читать дальше...

Транснациональный коррупционер международного масштаба Шарабидин миллиард Капаров следующий кандидат для включения в Акт Магнитского

PR Kyrgyz 

КР Президенти С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

КР Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Мариповго

                                                         723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы,

                                                                  Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан

АРЫЗ                          

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Капаров мыйзамсыз баюу максатында көптөгөн коррупциялык схемалар тузуп... Читать дальше...

Конституциялык кеңешме жактырган долбоор

Azattyk.org 

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Кеңешме эми долбоорго алымча-кошумчаларды киргизип, аны Жогорку Кеңешке жиберет. Ал эгерде референдумда өтүп кетсе президент аткаруу бийлигин өз колуна алат, башкы прокурорду, судьяларды дайындайт, мыйзам чыгаруу укугуна да ээ болот. Жыл сайын ишмердүүлугү тууралуу маалымат гана берет. Кеңешме долбоорду кантип кабыл алды? Кыргызстандын шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына бир күн... Читать дальше...

"Садыр Жапаров алты айда өзүн көрсөтүшү керек"

Azattyk.org 

Жарандык активист Мирбек Маматкасым уулу 28-январда кызматка киришип жаткан Садыр Жапаровдон элдин күткөн үмүтү тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, учурда лидерге муктаж болуп турган кыргыз калкына Жапаров жарым жылда өзүн көрсөтүүгө тийиш.

Садыр Жапаров өкмөт үйүндө отуруп иштейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө даярдалды. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, бүгүн, 28-январда инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат: "Филармониядагы салтанат бүткөндөн кийин шайланган президент өкмөт үйүндөгү өзүнүн иш бөлмөсү менен таанышат. Ал да түз эфирде көрсөтүлөт ". Президенттик аппараттын өкүлдөрү да шайланган... Читать дальше...

Орусияда Навальныйдын иниси камалды

Azattyk.org 

Орусияда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный 27-январдагы тинтүүлөрдөн кийин 48 саатка камакка алынды. Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов билдиргендей, ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган деген ишке шек саналууда. Ушундай эле шек менен 27-январда фонддун юристи Любовь Соболь да кармалып, эки күнгө камакка алынды.  Экөөнүн тең бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш. Шаршембиде Соболдун жана Алексей Навальныйдын үйлөрүндө тинтүү жүргөн. Читать дальше...

Кыргызстандагы инаугурациялардын таржымалы

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушуну менен тогузунчу жолу президенттин ант берүү аземи өтүп жатат. Садыр Жапаровдун инаугурациясы буга чейинки беш президенттикинен эмнеси менен айырмаланат? 30 жыл ичиндеги президенттик инаугурацияларды эске салабыз.

Иликтөө Бишкектин абасы кооптуу экенин көрсөтүүдө

Azattyk.org 

Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 28-январда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 471-495 болгонун көрсөттү. Уюмдун маалыматына караганда, бул көрсөткүч аба өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Азыр Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты. Ал эми Бишкектин четинде, Чүйдүн Лебединовка айылында индекс 584кө жетти. Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Мумбай, Колката, Бангладештин Дакка, Пакистандын Карачи... Читать дальше...

Аида Салянова: Эл аралык сотко кайрылууга мажбур болом

Azattyk.org 

Мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянова Жогорку соттун чечимине байланыштуу эл аралык сотторго кайрылууну караштырып жатканын билдирди. Жогорку соттун 27-январдагы чечиминен кийин «Фейсбук» баракчасындагы түз эфир учурунда Салянова жүрөк оорусунан улам операция жасатышы керек экенин, бирок Орусия, Түркия сыяктуу чет мамлекеттерге барып дарыгерлерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтты. Сот чечимин ал саясий мүнөздөгү өч алуу катары баалады: «Менин диагнозумду беш колдой билишет. Читать дальше...

Рамис Рыскуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Azattyk.org 

Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-январда болот. Акын акыркы жайга саат 14:00дө Бишкектин Герцен көчөсүндөгү үйүнөн узатылат. Кыргызстандын Жазуучулар бирикмеси маалымдагандай, Рыскуловдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январда 87 жашында дүйнөдөн кайткан. Көптөн бери ооруп жүргөн акын акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Читать дальше...

Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши чакырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын шайланган президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда ант берип, кызматына расмий түрдө киришет. Инаугурация Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган. Алардын баары коронавируска ПЧР анализ тапшырган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *