COVID-19: бир бейтап каза болду, дагы 76 кишиден аныкталды
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1412 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 529 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 896. Стационарда 586 бейтап дарыланууда... Читать дальше...