Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 15.02.2021

Алайдын ажайып куурчактары

Azattyk.org 

Алай районунун Сары-Могол айылындагы "Уз даткалар" коомдук бирикмеси кыргыз куурчактарынын коллекциясын чыгарды. Улуттук кийимдер куурчактар үчүн атайын тигилген. Коллекцияда жети куурчак бар.

Конституциянын долбоору: юристтердин сунушу

Azattyk.org 

Көз карандысыз юристтер Конституциянын жаңы долбоорун талдап чыгып, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн сунуштарды берди. Мунун алдында эле «Адилет» укуктук клиникасы да ушундай эле анализ жүргүзүп, долбоордогу бир катар кемчиликтерди аныктаган. Анын жыйынтыгында клиниканын юристтери Конституциялык кеңешме иштеп чыккан документти Жогорку Кеңештин талкуусуна алып чыкканга болбойт деген бүтүмгө келишкен. Кыргызстандын юристтер коомчулугунун талдоосу көрсөткөндөй, Конституциялык кеңешме иштеп чыгып... Читать дальше...

Каныбек Осмоналиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 15-февралда кол койду. Дайындоо тууралуу маалыматты Осмоналиев "Азаттыкка" өзү тастыктады. "Ооба, мен социалдык маселелер, саламаттык сактоо, билим берүү, дин, спорт жана башка маселелер боюнча өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалдым". 65 жаштагы саясатчы, илимпоз Осмоналиев Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты болгон. Билим берүүнүн отличниги. Читать дальше...

БУУ: Ооганстанда акыркы үч жылда 65 журналист, укук коргоочу өлтүрүлгөн

Azattyk.org 

Соңку үч жылда Ооганстанда 65 журналист жана укук коргоочу-активист өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 15-февралда чыккан Бириккен Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылат. 2018-жылдан 2021-жылга чейин 32 укук коргоочу жана маалымат каражаттарынын 33 өкүлү өлтүрүлгөн. Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясы жарыялаган баяндамада журналисттерге жана маалымат каражаттарында иштегендерге коюлган чабуулдар көптөрдү өздөрүн чектегенге же иштен кетүүгө аргасыз кылганы белгиленген. Айрымдар өзүнүн же үй-бүлөсүнүн... Читать дальше...

Жо Байден курал-жарак сатуу боюнча мыйзамдарды реформалоого чакырды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Флоридада 2018-жылы 17 адамдын өмүрүн алган мектептеги ок атууну эскерүү иш-чарасына катышты. Паркленд шаарындагы үч жыл мурунку окуя АКШнын тарыхындагы билим берүү жайында катталган эң кандуу кырсык болуп калган. Байден кылмыш ондогон үй-бүлөлөрдүн жашоосун түбөлүккө өзгөрткөнүн билдирди. “Биз Паркленддин тургундары, ок атуудан жакындарын жоготкондор меннен бирге кайгырып турабыз. Биз каза болгондордун жана алардын жакындарынын алдында милдеткербиз. Көп нерсени өзгөртүшүбүз керек”. Читать дальше...

Бармен менен баристанын сыры

Azattyk.org 

Нурмат Осмонбеков жана Баяман Ниязалиев Бишкекте «Бар академиясын» ачкан. Эки дос чет мамлекеттерде иштеп жүрүп, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген ыкмаларды үйрөтүүнү максат кылышкан. Азыр бариста (кофе даярдоочу) жана бармендик кесип боюнча окуулар жалаң англис тилинде өтүп жатат.

Чек ара боюнча атайын өкүл айрым жерлердин Тажикстанга өтпөгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагындагы айрым жер тилкелеринин коңшу өлкөгө өтүп кеткени жөнүндө айтылып жаткан сөздөр негизсиз. Бул тууралуу 15-февралда өткөн маалымат жыйынында өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди: “Көп жарандарыбыз кээде такталбаган маалыматтын негизинде "жерибиз өтүп кетти" деген дооматтарды коюп жатат. Маалыматты так алып, анан айтсаңыздар. Бизде тийиштүү карталар, картографиялык материалдар бар. Ошол эле материалдар кошуналарда да бар. Читать дальше...

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров алдын ала пландалган эл аралык иш-чаралардын алдында аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Садыр Жапаровдун мындай кадамга барышына коронавирус инфекциясынын дале болсо күчөп турганы эске алынды.  Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы да актуалдуу бойдон калууда. Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантып, өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат. 10-январда мөөнөтүнөн мурда... Читать дальше...



ИИМде аймактык жетекчилер алмашты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) айрым аймактык жетекчилери орун алмашты. Айрымдары кызматынан төмөндөдү. Министрлик кадрдык өзгөрүүлөр милициянын иш сапатын жакшыртуу максатында жасалып жатканы менен түшүндүрдү. Ал эми адистер реформа жүргүзүү үчүн бул сыяктуу ротация жетишсиз деп эсептешет.

Быйыл Орусиядан ата-энесиз калган ондон ашуун бала Бишкекке алынып келинет

Azattyk.org 

Орусияда ата-энесиниз калган ондон ашуун баланы алып келүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөөгө жана балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова кабарлады. Орусиянын "Центральный" деп аталган үй-бүлөлүк тарбияга көмөктөшүү борбору буга чейин Кыргызстандын Акыйкатчысына борбордогу бир баланы алып кетүү тууралуу кат жиберген. Акыйкатчы Орусиядагы өкүлүн жиберип, бул борбордо 2019-2020-жылдары... Читать дальше...

Косоводогу шайлоодо солчул "Өзүн-өзү аныктоо" партиясы жеңишке жетти

Azattyk.org 

Косоводо 14-февралда өткөн парламенттик шайлоодо солчул-улутчул “Ветевендодже” ("Өзүн-өзү аныктоо") партиясы алдыга чыкты. Бул саясий уюм шайлоочулардын 48 пайызын алды. Партиянын лидери укук коргоочу Альбин Курти 14-февраль күнү кечинде өлкө борбору Приштинада өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, «эртеңден баштап жаңы күн башталат. Бүгүнкү улуу жеңишибиз - биз каалаган өзгөрүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк»,-деп билдирди. Ал сот адилеттигин орнотууну жана жумушчу орундарды түзүүнү жаңы өкмөттүн башкы милдети катары атады. Читать дальше...

Жумалиевдин жактоочусу шаардык сотко кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч Бишкек шаардык сотунда ушул аптада каралат. Бул тууралуу 15-февралда “Азаттык” радиосуна депутаттын адвокаты Бакытбек Жумашев билдирди. Жумашев ошондой эле социалдык түйүндөр аркылуу видеобилдирүү таратып, Кыргызстанда "мыйзамдар бир кылка иштебей жатат" деген оюн айтты: “Эмне үчүн биздин мыйзам бирдей эмес, ар бир жаранга бирдей иштебейт. Ошондой эле коррупция боюнча айыпталгандар үй камагына чыгарылып, иштерин кылып жатышат. Читать дальше...

Мьянмада аскердик төңкөрүштөн соң нааразылык акциялары токтобой жатат

Azattyk.org 

Мьянманын бир нече шаарында аскердик төңкөрүштөн соң нааразылык акциялары өттү. Өлкө аймагында Интернет чектелип, абдан көп сандагы аскерлер тартылды. 15-февралда Мьянмадагы экинчи ири шаар саналган Мандалайда миңдеген инженерлер акцияга чыгып, бийликке нааразылыгын билдирди. Алар “Биздин лидерди бошоткула”, “Адилеттик үчүн ким турат?” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп, ураандарды чакырып жатты. Мьянмада 1-февралда аскердик төңкөрүш болуп, Аун Сан Су Чжи баш болгон бийлик башындагылар камакка алынган. Читать дальше...

Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн "Sputnik V" вакцинасын колдоно баштайт

Azattyk.org 

Казакстан Карагандыда өндүрүлгөн коронавируска каршы орусиялык "Sputnik V" вакцинасын расмий каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча мекеме аралык комиссия кабарлады. Маалыматка ылайык, өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 13-февралда вакцинанын коопсуздугун, сапатын жана эффективдүүлүгүн текшерип, андан соң жактырган. Бирок бул өлкө препаратты каттаганга чейин эле 1-февралдан тартып орус вакцинасы менен эмдөөнү баштаган эле. Эми болсо Казакстан өз аймагында "Sputnik V"... Читать дальше...

Назарбаевдин кудасы байлыгы жөнүндө айтып берди

Azattyk.org 

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы, казакстандык миллионер Кайрат Боранбаев анын фармацевтикалык компаниясы тууралуу иликтөө чыккандан кийин "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысын башка журналисттер менен бирге заводго чакырды. Ал бул ирет вакцинасы үчүн бюджеттен алына турган акча, бизнеси, чет өлкөдөгү виллалары жөнүндө кеп курду. Ошондой эле Боранбаев интервью маалында анын бизнесине кудалыктын тийгизген таасирине да токтолду.

Ошурахунова: Конституция элдин, атургай Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын коргобой жазылган

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 15-февралда юристтердин “Конституциядагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” аттуу брифинги өттү. Анда сөз сүйлөгөн укук коргоочу, активист Динара Ошурахунова сунушталып жаткан жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы бир катар кемчиликтерди санады. Биринчиден, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына эч кандай бийлик ыйгарылбай, муну менен элге бийлик берилбей калганын, коррупциялашкан жана реформаланбаган бийлик бутактары жаңы Баш мыйзамга ылайык элдин кызыкчылыгын коргобой турганын белгилеп... Читать дальше...

Өмүрбек Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бүгүн, 15-февралда аны облустук бийликтин жамаатына өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Айбек Жунушалиев тааныштырды. Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын облустук башкармалыгына Кыялбек Төлөнбаев, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) облустук башкармалыгына Мурат Боронов, милициянын подполковниги Нурланбек... Читать дальше...

Финпол: "Караван" соода борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылды

Azattyk.org 

"Мүлк" ишканасы мамлекеттик бюджетке 367 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу 15-февралда Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Сотко чейинки иликтөөнүн натыйжасында мамлекеттик "Мүлк" ишканасынын жооптуу жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2017-жылдан бери өкмөттүн мүлкүн ижарага берүү боюнча № 507 токтомду бузуу менен электрондук аукциондорду өткөрүп, мүлктү келишим түзбөй туруп үчүнчү тараптарга кымбат акы менен ижарага берип келгени аныкталды. Читать дальше...

Сегизбаевдин иши боюнча камалган Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылган пикет болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-февралда, Өкмөт үйүнүн алдына - эски аянтка Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн ондон ашуун тургуну пикетке чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" акцияны уюштуруучулардын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кылмышка шектүү катары отурган Жылдыз Чодобаеванын атасы Токтогул Чодобаев кабарлады. Пикетке чыккандар Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну талап кылышты. "Кызымдын төрт баласы бар. Читать дальше...

16-февралдагы аба ырайы

Azattyk.org 

16-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 16…21; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -2…-7 градус болот. Читать дальше...

"Кыргызкөмүр": Кара-Кечеге машиналарды кезексиз өткөргөндөр боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

“Кыргызкөмүр” ишканасы Кара-Кече кенинен Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыган айдоочуларды көмүр кесимине кезексиз өткөргөн күзөт кызматкерлери боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 15-февралда “Азаттык” радиосуна ишкананын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди. Анын айтымында, кезек күтүү тартип жана коопсуздук үчүн орчундуу маселе болуп эсептелет, бирок, ошого карабастан 15-январга караган түнү иштеген беш күзөтчү 25 автомашинаны “билип туруп кезексиз өткөрүп жиберген”... Читать дальше...

Бишкекте “Баш мыйзамдагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” иш-чарасы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 15-февралда “Конституциядагы кемчиликтер жана тобокелдиктер” атуу брифинг өтүп жатат. “Кыргызстандын юристтер бирлиги” аттуу уюм уюштурган иш-чарага юристтер тобу катышып, өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформага карата көз карашын билдиришти. Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева буларды айтты: “Конституциялык кеңешме башынан эле легитимсиз болгон жана форматы эл аралык практикага дал келген эмес. Конституциялык кеңешменин эң негизги... Читать дальше...

Чек ара көйгөйү, элдин үнү

Azattyk.org 

Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү көтөрүлгөн нааразылык акциясы өтүп жатат. Акцияга чогулган отуз чакты адам өздөрүн Баткендин Баткен районунун жана Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары деп тааныштырып, өкмөттөн чек ара маселелерин чечүүнү, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүүнү талап кылып жатышат. Кечээ Кыргызстан менен Тажикстандын  чек арасына жакын аймакта жашагандар чыңалууга олуттуу мамиле жасоону талап кылып, өлкө башчыга кайрылуу үчүн чогулушкан. Читать дальше...

Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү көтөрүлгөн нааразылык акциясы өтүп жатат. Акцияга чогулган отуз чакты адам өзүлөрүн Баткендин Баткен районунун жана Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун тургундары деп тааныштырып, өкмөттөн чек ара маселелерин чечүүнү, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу так маалымат берүүнү талап кылып жатышат. Баткен районунун Ак-Сай айылында 12-февралда 50дөй адам чогулуп, Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *