Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 15.02.2021

ӨКМ: Таласта эне-бала көлмөгө чөгүп каза болушту

Azattyk.org 

14-февралда Талас облусунун Арал айылындагы көлмөгө үч жашар бала чөгүп кеткен. Баланын апасы, 25 жаштагы келин уулун куткарам деп артынан сууга түшүп, кошо чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Баланын атасы уулунун сөөгүн көлмөдөн өзү алып чыккан. Окуя болгон жерге Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу барып, келиндин сөөгүн алып чыгышкан жана ички иштер органдарына өткөрүп беришкен. (BCh)

Вирустан бир адам каза болуп, 41 кишиге жукту

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Чүй облусунда бир адам каза болду​. 41 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1442 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 516 адамга жетти. Оорудан 82 306 адам айыкты. Азыр ооруканада 444 адам жатат... Читать дальше...

Чүйдө аскердик бөлүктүн аймагында жер көчтү

Azattyk.org 

Чүйдө аскердик бөлүктүн аймагында жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-февралда кабарлагандай, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №10127 аскердик бөлүктүн аймагына жекшемби күнү болжол менен 600 м3 жер көчкү түшкөн. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бүгүн окуя болгон жерде тактоо иштери уланууда. Бөлүктүн аскерлери нөөмөттө турушат. (RK)

Дастан Жумабеков: Жээнбековдун кемчилиги - кайрылууларга көңүл бурбай койгон

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Дастан Жумабеков super.kg видео порталындагы маегинде экс-президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы кемчилиги катары анын коомчулукта айтылган кайрылууларга көңүл бурбай койгондугу болгон деп эсептейт. “Адам баласы болгондон кийин кемчилиги болот. Бирок, мамлекетке кыянатчылык кылган жок. Балким коомчулукта айтылган кээ бир кайрылууларга көңүл бурбай койгону - кемчилиги болушу мүмкүн”, - деди Жумабеков. Жумабеков маегинде 2020-жылы 6-октябрь окуяларында Садыр Жапаров... Читать дальше...

Жээнбеков Бишкекке кайтып келди

Azattyk.org 

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты 15-февралда "Азаттык" радиосунун өз булактары тастыкташты. Жээнбеков жубайы менен Сауд Арабиясына умрага жөнөп кеткени 2-февралда белгилүү болгон. Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалганы, умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келери айтылган. Соңку күндөрү интернтеттеги социалдык түйүндөрдө экс-президент күбө катары... Читать дальше...

Мэрия коомчулуктун сынынан кийин фитнес-билерик сатып албай калды

Azattyk.org 

Свердлов райондук администрациясынын 250 фитнес-билерик алууга 500 миң сомдук тендер жарыялаганы коомчулукта кескин сын-пикирди жаратты. Социалдык тармактардагы кызуу талкуулардан кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы тендерди жокко чыгаруу чечими кабыл алынганын кабарлады.   Мэрия тараткан кайрылууда “Жергиликтүү бюджетти үнөмдүү пайдалануу максатында мэрдин милдетин аткаруучу тендерден баш тартуу маселесин тапшырды”, – деп айтылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 8-март майрамына карата... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *