Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 16.03.2021

Киев "киберчабуулдар" үчүн орусиялык чалгын кызматын айыптайт

Azattyk.org 

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады. Расмий Киев ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырды деп шек кылууда. Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк жашыруун маалыматтарды уурдоого багытталган орус хакерлеринин «кеңири өлчөмдөгү киберчабуулун токтоткону» тууралуу жарыялады. Украин атайын кызматы бул киберчабуулду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп айыптоодо. Бул тууралуу украин коопсуздук кызматы 16-мартта... Читать дальше...

Орусия "Твиттерге" тыюу саларын эскертти

Azattyk.org 

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы «Твиттер» социалдык тармагы тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөсө, бир айдан кийин блоктой турганын эскертти. Бул тууралуу шейшембиде орусиялык маалымат каражаттары Роскомнадзордун жетекчи орун басары Вадим Субботинге шилтеме берип жазып чыкты. Чиновник «Твиттер» Орусиядагы тыюу салынган контентти өчүрүү боюнча эч кандай чара көрбөй жатканын айткан. «Эгер ушундай абал улана берсе соттун чечимисиз эле социалдык тармак... Читать дальше...

Акындар ааламдын элчиси

Azattyk.org 

15-мартта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган «Беш акын» теледолбоору өттү.

Түркмөнстанда "элдик" жана "эмгек сиңирген ит багаар" деген наам негизделди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын алтынчы чакырылыштагы Межлисинин ( парламентинин) он үчүнчү отурумунда  “Элдик ит багаар”   ("Türkmenistanyň halk itşynasy"),  жана андан төмөнүрөөк “Эмгек сиңирген ит багаар” ("Türkmenistanyň at gazanan itşynasy") деген наамдарды негиздөө боюнча мыйзам кабыл алды. 13-мартта бул мыйзам долбоору кызуу талкууга алынгандыгын Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги маалымдады. Депутаттар наамды түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун “улуттук тарыхый-маданий мурасты сактоо... Читать дальше...

АКШ ырасмий Бишкектин Ирактан балдарды алып келгенин кубаттады

Azattyk.org 

Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйдү. Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.

Көркоолор күчүн кресттен чыгарды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунда православ христиандарынын мүрзөсүндө 12 эстелик жана кресттер талкаланган окуя катталды. Православдар буга бийликтин көңүл буруусун суранып жатышат. Райондук милиция окуя боюнча иш козгоп, шектүүлөрдү аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Окуя 5-мартка караган түнү болгон.

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады

Azattyk.org 

Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк атайын ресурстарга багытталган орус хакерлеринин "масштабдуу киберчабуулун токтотконун" жарыялады. Украин атайын кызматы бул киберчабуулду уюштурууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) айыптоодо. Киевдин жүйөсүндө, ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ виртуалдык чабуулду ишке ашырышы мүмкүн. Орус тарап мындай айыптоолорго азырынча жооп бере элек. Украинанын бийлиги Орусияны “гибриддик согуштун” алкагында бир нече ири киберчабуулдарды уюштурду деп айыптаган. Читать дальше...

Президент 2 410 адамга Кыргызстандын жарандыгын берди

Azattyk.org 

Өлкө башчы Садыр Жапаров президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу тууралуу 11 жарлыкка кол койду. Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен жети жарлык 2 410 адамды (1802си — чоң адам жана 608и — бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Төрт жарлык 982 адамды (780и — чоң адам жана 202си — бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.



Кыргызстан менен Өзбекстан 60 долбоорду чогуу ишке ашырат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында жалпысынан 550,4 млн. долларга 60 долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлганын кабарлады. Ага ылайык, биринчи баскычында 50 млн. доллар капиталы менен кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт. Кыргызстандын Чүй облусунда 100 млн. долларга жүгөрүнү иштетүүчү ишкана ачуу, Өзбекстандын Фергана облусунда «GeoBetonBagdad» компаниясынын базасында бетондон буюм чыгаруу боюнча 40 млн. долларга бааланган долбоорду ишке ашыруу каралган. Читать дальше...

Активисттин кармалышы куугунтук күндөрдү эске салды

Azattyk.org 

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелип 15-мартта Бишкекте кармалды. Анын үйү жана ал мүчөлүк кылган «Ханституцияга каршы» борбору тинтилди. Активист Конституциянын жаңы долбооруна жана Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы чыгып келаткан. Бул жагдай президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда мындан ары саясий куугунтук болбойт» деген учурга туш келди. Тилекматтын баяны Активист Тилекмат Кудайберген уулунун кармалганы жөнүндө расмий маалыматты... Читать дальше...

Абдирасулова: Ирактан келген балдардын таржымалы айтылбашы керек

Azattyk.org 

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова - “Кылым шамы” уюмунун атынан Сириядагы, Ирактагы согуш аймактарда жүргөн аялдарды, балдарды Кыргызстанга кайтаруу жаатында иш жүргүзгөндөрдүн бири. Ал кыргыз бийлигинин Кувейт элчилиги жана ЮНИСЕФ уюму менен биргелешип, Ирактагы 79 баланы кайтаруусун кубаттады. - «Кылым шамы» уюму эки жыл бою аялдар менен алардын балдарынын канчасы Сирия лагерлеринде, канчасы Ирак түрмөлөрүндө отурат – базаларын чогултуп, алардын Кыргызстандагы жакындарын таап, байланышта болуп турганбыз. Читать дальше...

Ош: шайлоого 9 партия катышмай болду

Azattyk.org 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешинде шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Ошто шайлоого 9 партия аттанып, бир партия каттоодон өтпөй калды. Шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин депутаттары мыйзамдуу шайланат деп ишендирүүдө. Тилеги ишке ашпай калган «Тилектештик» Шайлоого катышууга ниеттенген «Тилектештик» партиясы шайлоодон четтетилди. 12-мартта партиянын өкүлдөрү журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп, Аймактык шайлоо комиссиясын атайын каттабай койду деп айыпташты. Читать дальше...

Ирактан балдар ата-энесиз кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстан Ирактан «Мээрим» деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында 79 баланы алып келди. Ирактагы кыргызстандыктардын балдары түшкөн учак 16-мартта таңга жуук Бишкекке конду. 18 жашка чыга элек 79 бала өкмөттүн атайын даярдалган реабилитациялык борборуна жайгаштырылды. Бирок алардын ата-энелери алынып келген жок. "Эки инимдин балдары келди" Ирактан келген балдардын арасында Ош облусунун Араван районунун тургуну Абдувахабдун эки инисинин балдары да бар. Анын инилери 2014-жылы үй-бүлөсү менен Иракка кеткен экен. Читать дальше...

Новиков спорттун өнүкпөй жатышын сынга алды

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 16-мартта балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Новиков Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр спортунун өнүкпөй жатышынын себебин машыгуучу жайлардын жана тийиштүү инфраструктуранын жоктугуна байланыштырды.  «Адамдын ден соолугунун сактыгынын 50% анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз каранды. Массалык жана балдар,  өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй... Читать дальше...

Прокуратура: Ысык-Көл өнүктүрүү фонду казынага 150 млн. сом зыян келтирген

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун текшерди.  Анын жыйынтыгында облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга деп  “Кумтөр Голд” компаниясынан бөлүнгөн каражаттар максатсыз колдонулганы аныкталган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Башкы көзөмөл орган имараттардын курулуштарында, капиталдык оңдоолорго деп бөлүнгөн каражаттар мыйзамсыз пайдаланылганын белгилейт. Прокуратуранын эсептөөсүндө, жогорудагы мыйзамсыз иштерден 2015-2020-жылдары казынага 150 млн. Читать дальше...

Эл аралык жардам болбосо Ооганстанда кайрадан башаламандык жаралышы мүмкүндүгү эскертилди

Azattyk.org 

АКШ жана эл аралык донорлордун Ооганстанга жардамын кыскартышы өкмөттүн кулашын жана 1990-жылдардагыдай башаламан кырдаалдын кайрадан жаралышын шартташы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан боюнча атайын инспектору Жон Сопко даярдаган баяндамада айтылат. Ал Reuters агенттигиндеги маегинде “Ооганстандын бюджетинин 80 пайызы АКШ жана эл аралык донорлордун жардамынан каржыланат. Эгер кайсы бир себептен улам донорлор жардамды кыскартса, ооган өкмөтүнүн дароо кулашына алып келиши мүмкүн”,-деп билдирген. Читать дальше...

ДССУнун эксперттери AstraZenecaнын айланасындагы абалды талкуулайт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вакциналардын коопсуздугу боюнча эксперттери AstraZeneca препаратынын айланасындагы абалды талкуулайт. Бул жолугушуу 16-мартта өтөт. Буга чейин Европадагы бир катар мамлекеттер Оксфорд университети менен британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип коронавируска каршы чыгарган вакцина менен өз жарандарын эмдөөнү токтотконун жарыялаган. Буга вакцина менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгону боюнча маалыматтар себеп болду. Бирок AstraZeneca... Читать дальше...

Аба ырайы: Кар, жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Чет өлкөлүк ишкердин соту 18-мартта башталат

Azattyk.org 

Бишкектеги La Maison ресторанынын кожоюну Филипп Лаффорг Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын сот иши 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталат. Бул тууралуу соттон кабарлашты. Кыйноолорго каршы республикалык борбордун маалыматы боюнча Филипп Лаффорг - Франциянын жараны. Ал Бишкекте 2020-жылдын 28-декабрында Жазык кодексинин 204–беренеси (“Алдамчылык) менен шектелип кармалган. Учурда №1 тергөө абагына жатат.  Ички иштер министрлиги бул иш боюнча кененирек маалымат берген жок. Читать дальше...

Өзбекстанда коронавирустан улам айрым мектептер аралыктан окутууга өттү

Azattyk.org 

Өзбекстандын борбору Ташкенттеги айрым мектептер аралыктан окутуу режимине өтүүдө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай кадамды коронавирустун тарашына каршы чара катары түшүндүрдү. Соңку күндөрү өлкө аймагында СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. 14-мартта Өзбекстанда 111 адамдан вирус аныкталды. Бир күндө 100дөн ашык адам коронавирусту жугузуп алган учур бул мамлекетте акыркы жолу декабрда катталган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө инфекциялангандардын саны өсүп жатканын ырастап... Читать дальше...

Ападан кызга берилген саймалуу кат

Azattyk.org 

Бишкекте туш кийиз философиясына арналган көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргыз аялдары сайган туш кийиздин кыз-келиндердин тагдырындагы орду жана мааниси камтылган. Көргөзмөнүн башкы максаты - эне менен кыздын мамилесин чыңдоо, аялдарды зомбулуктан сактоо.

Mуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкканы белгилүү болду

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар  дин башкармалыгынын (муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы 11-мартта Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.  12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бекиевдин 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат 10-февралда Бекиевди мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаган. “Муфтияттын жетекчилиги... Читать дальше...

Министр: Коронавирус илдети күчөсө, чектөө болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус күчөсө, бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда абал туруктуу, бирок илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда массалык иш-чараларга тыюу салуу сыяктуу чектөөлөр болот. Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Чүй облусунда дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 16-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 73 кишиден жаңы аныкталды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *