Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 15.03.2021

Беларус: ЭЕ/АҮнүн штаттан тышкаркы кабарчысы жана анын атасы 15 күнгө камалышты

Azattyk.org 

Беларус соту Эркин Европа / Азаттык үналгысынын (ЭЕ/АҮ) Беларус кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы, сүрөтчү-жасалгалоочу Елизавета Гончарова (беларусча: “Лиза Ханчарова”) айымды жана анын атасы Александр Гончаровду өткөн аптада уруксатсыз нааразылык жыйынына катышкан деген доо боюнча айыптуу деп таап, ар бирин 15 күнгө камоого өкүм кылды. Минск шаарынын Борбордук райондук соту 15-мартта экөөнү тең 13-мартта уруксат берилбеген митингге катышкан деген доо боюнча айыптуу деп тапты. Экөө тең доону четке кагып... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчысы Кыргызстан конституциялык реформаларга карабай демократиялык мамлекет бойдон калаарын, парламентаризм элдин ишеничин актабагандыгын, оппозицияга мамилесин, тышкы саясатта коңшулар менен жакшы мамиле түзүлө баштаганын, Сохто коридор ачылбастыгын, тышкы карызды төлөөгө ички булактар бардыгын айтып, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимовго карата бийликтин мамилеси сыяктуу дагы бир катар талылуу суроолорго жооп берди.

Армян оппозициясы аскердик абалды жоюуну талап кылды

Azattyk.org 

Армениянын парламентиндеги оппозициячыл фракциялар өкмөттү өлкөдөгү аскердик абалды жоюуга чакырды. Мындай абал өткөн жылы сентябрда Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан менен куралдуу жаңжал учурунда киргизилген. Парламенттин коргоо боюнча комитетинин 15-марттагы отурумунда оппозициячыл «Гүлдөгөн Армения» жана “Жаркыраган Армения” фракцияларынын мүчөлөрү өкмөт жетекчилигин өлкөдө аскердик абалды саясий максатта колдонуп жатат деп сынга алды. Депутат Арман Абовян 27-сентябрда киргизилген аскердик... Читать дальше...

Орусия: "Новая газетанын" кеңсесине белгисиз затты төгүп кетишти

Azattyk.org 

Орусиядагы көз карандысыз “Новая газета” басылмасынын кеңсеси “химиялык чабуулга” туш болгонун жарыялады. Гезиттин Москвадагы кеңсесине химиялык кескин жыттанган белгисиз затты төгүп кеткени тууралуу анын редакциясы 15-мартта кабарлады. Бул жытты редакция кызматкерлери гана эмес, басылманын башка коноктору да сезишкен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ИИМдин өкүлдөрү окуя болгон жерге келип, текшеришкен. Эч ким жабыркаган эместиги айтылды. Басылма редакциясынын өкүлдөрү химиялык заттын... Читать дальше...

Талиптердин өкүлдөрү Москвадагы Ооганстан боюнча жыйынга катышат

Azattyk.org 

Ооганстандагы Талиптер кыймылынын өкүлдөрү ушул аптада Москвада өтчү Ооганстан тынчтык жыйынына катыша тургандыктарын ырасташты. 10 кишиден турган делегацияны кыймылдын жетекчисинин орун басары молдо Абдул Гани Барадар жетектеп келмекчи. Ал буга чейин АКШнын демилгеси менен Катарда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө талиптердин тобунун башчысы катары катышып келгендиги белгилүү. 18-мартта өтө турган жолугушууга Ооганстан өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууга мурдараак макулдук берген. Москвадагы жыйынга Ооганстандагы эки тараптан сырткары АКШ... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Cаясий куугунтук болбойт

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна эксклюзивдүү интервью берди. Маекте мамлекет башчы Кыргызстан конституциялык реформаларга карабай демократиялык мамлекет бойдон калаарын, парламентаризм элдин ишеничин актабагандыгын, оппозицияга мамилесин, тышкы саясатта коңшулар менен жакшы мамиле түзүлө баштаганын, Сохто коридор ачылбастыгын, тышкы карызды төлөөгө ички булактар бардыгын айтып, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимовго карата бийликтин мамилеси сыяктуу дагы бир катар талылуу суроолорго жооп берди. Читать дальше...

Милиция «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүздү

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 15-мартта «Ханституцияга каршы» борборунун Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул маалыматты «Азаттыкка» борбордун төрагасы, саясатчы Жеңиш Молдокматов ырастады. Анын сөзү боюнча тинтүү «Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылынын» жетекчиси, «Ханституцияга каршы» борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайбергеновго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болду. «Кеңсени мен ижарага алгам. Ал мага тиешелүү. Кеңседен компьютердин процессорун, флэш-карталарды алып кетишти. Читать дальше...

Конституциянын жаңы долбоорун сындаган активист камалды

Azattyk.org 

«Жетим-Тоо» темир кенин коргоо кыймылынын төрагасы, Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Амантур Абдрахманов 15-мартта билдирип, Кудайбергенов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады. Жактоочунун маалыматында, активист бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шек саналууда. Буга Тилекмат Кудайбергеновдун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүлөрү себеп болгон.



Навальный Владимир облусундагы Покров абагына которулду

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу саясатчынын "Инстаграмм" баракчасындагы 15-марттагы жаңы жарыясында айтылат. “Баарыңарга “А күчөтүлгөн көзөмөл секторунан” салам. Орус түрмөсү мени таң калтырганын мойнума алууга аргасызмын. Москвадан 100 чакырым алыстыкта чыныгы концлагерь түзсө болот деп эч элестеткен эмесмин”, - деп айтылат жарыяда. Навальный өзү жазасын өтөп жаткан колония абагы тууралуу кеңири маалымат берген. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Көлбаев боюнча АКШдан далилдерди сурадык

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров АКШ Кыргызстандагы кылмышка шектүү адамдар боюнча "кош стандарттуу саясат" жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди. Жапаровдун айтымында, АКШ кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптап, АКШда качып жүргөн экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат. Бул үчүн мамлекет башчысы АКШны сындады. Читать дальше...

Шайлоо: 45 мандатты 1820 киши талашат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген 27 партиядан 25и катталды. Демек, 45 мандат үчүн 1820 киши ат салышат. Партиялар эски-жаңы, анын ичиндеги талапкерлер да кайрадан чыккандар, партиясын алмаштыргандар жана саясатка эми бараткандар болуп иргелчүдөй. Бул ирет бир нече партияда ырчылар, журналисттер жана башка маданият адамдары бар экени байкалды. Тизмелер парады Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 15-мартта партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүп, бюллетендеги ордун аныктады. Читать дальше...

Жапаров: Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот

Azattyk.org 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында айтты. “Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Читать дальше...

Низом ава кыргыз-тажик достугунун чыныгы данакери эле

Azattyk.org 

Колуна аса кармап турган бул киши Тажикстандын тоолуу Каратегин аймагындагы Лакшы (мурдагы Жерге-Тал) районунун Сасык-Булак кыштагынын кулуну, журналист, акын, жазуучу, котормочу жана кылымдар бою адамзатты инсандостукка үндөп, дүйнө окурмандарын тамшандырып келген Чыгыш поэзиясынын билерманы Низом Абдужалилов аттуу жердеш авам. Ал экөөбүз 1980-жылдары ал кездеги райондук «Коммунист» гезитинин редакциясында бир бөлмөдө отуруп чогуу иштеген элек. Мен анын окуган жандын делебесин козгоп, ой-кыялын... Читать дальше...

Жапаров: Кыргызстан демократиялык мамлекет бойдон калат

Azattyk.org 

"Кыргыз Республикасы - демократиялык мамлекет бойдон калат", -деп билдирди президент Садыр Жапаров 15-мартта "Азаттык" радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда. Президенттин айтымында, азыр "Кыргызстанда саясий куугунтук жок". Журналисттин УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин мисалында оппоненттерди куугунтуктоо болуп жаткан жокпу деген суроосуна Жапаров "Абдил Сегизбаевге кылмыш иши президенттик шайлоого чейин эле козголгонун, андан башка 15-16 талапкерге эч кандай куугунтук болбогонун", айтты. Читать дальше...

Тажикстан кыргыз жарандарын коё берди

Azattyk.org 

Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык дижей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.

Президент: Тышкы карызды төлөө үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген экслюзивдүү интервьюсу маалында Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн билдирди. Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Садыр Жапаров бул объекттер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объекттерди алууга укуктары бар экенин айтты... Читать дальше...

Садыр Жапаров: «Сохко коридор берилет» деген маалымат туура эмес

Azattyk.org 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсу маалында билдирди. Ал Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн чек ара маселесин 3 айдын ичинде толук чечип бүтүү тууралуу сүйлөшүлгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, Өзбекстан менен чек ара маселесинде олуттуу талаш-тартыш деле калган жок. 24-25-март күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Мындан ары саясий куугунтук болбойт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын билдирди. Өлкө башчы буга байланыштуу сотторго, укук коргоо органдарына да эскертип жатканын айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан атайын кызматтын мурдагы төрасы Абдил Сегизбаевдин ишине токтолду. «Эгерде саясий куугунтук боло турган болсо Абдил Сегизбаев эле эмес, мени менен кошо президенттик шайлоого 15-16 талапкер чыкты. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет

Azattyk.org 

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Ал Кыргызстан акыркы 10 жылдын ичинде парламенттик башкаруу системасында, ага чейин парламенттик-президенттик, андан мурун президенттик башкарууда жашап келгенин айтып, өлкө бардык системаны башынан өткөргөнүн айтты. Тарых мамлекетте бир эле жоопкерчиликтүү бийлик бутагы болушу керектигин көрсөткөнүн кошумчалады. «Баш мыйзамдын жаңы долбоору сунушталып 11-апрелге референдумга коюлду. Кудай буюрса, Конституциянын тагдырын элдин добушу чечет. Читать дальше...

УКМК: Өлкөдөн 60 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарууга катышкан адам изделүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан 59,5 млрд. сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышкан деген шек менен Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Бахтияр Жолдошбаевге издөө жарыялады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык бул кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен иликтенип жатат. УКМК издөөдө жүргөн Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранды. Телефон номурлары: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46. Читать дальше...

Орусия сотуна "Вагнердин" жалданма аскерлерине каршы арыз түштү

Azattyk.org 

Франция, Сирия жана Орусияда катталган үч укук коргоо уюму «Вагнердин жеке аскердик компаниясына» кылмыш ишин козгоону талап кылып, орус сотуна кайрылды. Алар «Вагнердин» жалданма согушкерлерин 2017-жылы Сирияда жергиликтүү тургунду аёосуз өлтүрүүгө айыптап жатышат. Эл аралык адам укуктары боюнча федерация, Сириядагы сөз эркиндиги жана маалымат каражаттары боюнча борбор жана Москвадагы «Мемориал» укук коргоо тобу 15-мартта биргелешип тараткан билдирүүдө «бул соттук жараян Сириядагы ырайымсыз кылмышы... Читать дальше...

Коронавирус менен алышкан жыл

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар 2020-жылы 18-мартта катталган. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартка караган түнү Кыргызстанда оору жугузган үч киши аныкталганын, алар Сузак районунун 70, 62, 43 жаштагы тургундары экенин, Сауд Арабиясында умра сапарына барып келгенин кабарлаган. Мунун алдында (16-мартта) Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган жана эл дүрбөлөңгө түшүп базарларда соода кызыган эле. Читать дальше...

"Вагнерчилерге" доо коюлду

Azattyk.org 

Үч укук коргоочу уюм сириялык жергиликтүү тургундун аёосуз өлтүрүлүшү боюнча Орусияда жалданма согушкерлерге – «вагнерчилерге» каршы кылмыш ишин козгоону талап кылып чыгышты.

Акцияга чыккан активистти милиция кармап кеткени кабарланды

Azattyk.org 

Саясатчы Жеңиш Молдакматов Баш мыйзамдын референдумга коюлчу долбооруна каршы нааразычылык акцияны уюштурган активисттердин бири Тилекмат Күрөновду милиция кармап кеткенин “Азаттык” радиосуна билдирди. “Милиция кармап кетти. Тактасам, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүндө экен. Азыр ошол жакка баратам. Тактап маалымат берем”, - деди. 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өткөн. Аны “Ханституцияга каршы” борборунун... Читать дальше...

"Артекке" кыргызстандык балдар үчүн 150 жолдомо берилди

Azattyk.org 

Бүгүн - 15-мартта президент Садыр Жапаров Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Орусиянын билим берүү министри президент Садыр Жапаровго эл аралык “Артек” балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды. Жолугушууда билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу сөз болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *