Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 20.03.2021

Германия: Карантинди четке каккандар Касселде полиция менен кагылышты

Azattyk.org 

Германиянын Кассел шаарында “COVID» илдетине каршы карантинге нааразы болгон демонстранттардын айрым топторунун кол салуусуна жооп катары полиция желим таяктарды, көздөн жаш чыгаруучу газды жана суу замбирегин колдонду. Шаардагы нааразылык жыйынына 20 миңдей киши катышты, алардын көпчүлүгү беткапсыз жүрүштү. Быйылкы Токио Олимпиадасына чет өлкөлүк көрүүчүлөр катыштырылбайт. 21-марттын таңына карата коронавируска байланыштуу ушул жана башка чакан кабарлар топтому. Германия бийликтеринин коронавирустун... Читать дальше...

Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндөгү тарыхый келишимден баш тартты

Azattyk.org 

Түркия аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча эң маанилүү европалык келишимден чыгып кетти. 10 жыл мурун биринчи жолу кол коюлган бул келишим Түркиянын Осмон султандыгы доорундагы борбору жана эң ири шаары болгон Стамбулдун атынан аталган болчу. Президент Режеп Тайып Эрдогандын 20-мартта кол койгон жарлыгы Европа Кеңешинин Стамбул келишиминин Түркия тарабынан ратификацияланышын жокко чыгарды. Бул кадам өлкөдөгү аялдардын укуктарын коргоочуларга катуу сокку болду, анткени бул келишим үй-бүлөлүк... Читать дальше...

Боронбекова: футболчу кыздардын көбү турмушка чыккандан кийин карьерасын токтотот

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Футбол боюнча кыздар арасындагы улуттук курама команданын оюнчусу Айжан Боронбекова Кыргызстанда футболчу кыздардын көбү үй-бүлөлүү болгондон кийин спорттогу карьерасын бүтүрөрүн айтты.

Көр жеме күйөө өчүргөн сүйүү

Azattyk.org 

Айзада Авазова чыгармачылык баралына келип турганда жол кырсыгынан каза болгон. Мыкты журналист, акын, жазганынан жаза элеги, бергенинен бере элеги көп талант эле. Эки жаштын жашоонун кыйма-чийме жолунан адашпай, бирин-бири түшүнүп, бир келген өмүрдү бактылуу өткөрүшү өтө эле кыйын сыноо. Андан кол кармашып турмуш деген агыны катуу дарыяга киргендердин баары эле аркы өйүзгө өтө албайт. Экөөнүн кимдиги, кандайлыгы турмуш көчүнө келгенде бадырайып ачыкка чыгат. Мурда байкалбаган, алоо сезим артына жашырылган сырлар айгинеленип... Читать дальше...

Чолпон-Атада көкбөрү мелдеши өтүп жатат

Azattyk.org 

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку жана биринчи лигада 3-орунду алган командалар белгилүү болду. Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда коло байге үчүн болгон оюндарда биринчи лигада “Бакубат Талас” “Сокулукту” жеңди (6:6, буллит 3:0). Жогорку лигада “Сары-Өзөн” "Ала-Тоону" 5:4 эсебинде утту. Жогорку лигада 5-6-орун үчүн беттеште Баткендин "Жаш Күч" командасы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын 3:2 эсебинде жеңди. Нооруз майрамына... Читать дальше...

Президент Байден АКШдагы теги азиялык жамааттарга каршы зомбулуктун күч алышын айыптады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден теги азиялык тургундарга каршы зордук-зомбулуктун күч алышын айыптап, америкалыктарды ар кандай расалык жек көрүүчүлүккө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. «(Расалык негизде) жек көрүү үчүн Америкада орун жок. Биз, бардыгыбыз, бул көрүнүшкө биргеликте чекит коюшубуз керек», – деди Байден. Жума күнү (19-мартта) Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис Жоржия штатынын мыйзамчылары жана мындагы теги азиялык болгон жамааттардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Читать дальше...



“Инстаграм”, “Фейсбук Мессенжер” жана “ВотсАпп” тиркемелери үзгүлтүктөн кийин ишин калыбына келтирди

Azattyk.org 

Интернеттеги эбегейсиз зор түйүнгө айланган “Фейсбук” компаниясына таандык ири коомдук тармактар 19-мартта бир саат аралыгында иштен чыккан. Мындан улам “Инстаграм”, “Фейсбук Мессенжер” жана “ВотсАпп” тиркемелеринин кардарлары өз арыздарын жаадырышты. Акыры бул тармактарда иш-аракет калыбына келтирилди. “Фейсбук” компаниясы атайын жарыя кылып, көптөгөн кардарлар үчүн өз барагы ачылбай жатканын мойнуна алды жана "Facebook Messenger” же “Messenger.com” дагы эле дурус иштебей жатат", – деп эскертти. Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегиндеги Сай тилкесинде абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик Чек ара кызматы Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылындагы Сай тилкесинде тажик жарандарынын шагыл казуу иштери токтотулганын кабарлады. Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдашынча, шагыл казуу Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин талабы менен токтотулган. Тажик тарап атайын техникасын алып кеткен. Учурда аймактагы кырдаал туруктуу. Бүгүн, 20-мартта Кулунду айыл өкмөтүндөгү кыргыз-тажик чек арасында коңшу өлкөнүн жарандары дарыядан... Читать дальше...

Пакистандын премьер-министри COVID-19 вирусун жугузуп алды

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавирус жугузуп алганын анын саламаттык сактоо жаатындагы атайын жардамчысы Файсал Султан 19-мартта маалымдады. "Өкмөт башчы Имран Хандан COVID-19 вирусу аныкталды, ал үйүндө обочолонуп иштеп жатат", - деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына. Премьер-министрдин кеңсеси кабарлагандай, Имран Хан бир нече күн мурун Хайбер-Пахтунхва провинциясына, ал жактагы Малаканд университетине барган. Андан кийин, эки күн мурда  коронавируска каршы вакцина алганын жергиликтүү Dawn басылмасы кабарлады. Читать дальше...

Өзгөндө адам өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

Azattyk.org 

19-март күнү Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шек саналып, издөөгө алынгандардын бири кармалды. Өзгөн шаарынын тургуну, 24 жаштагы Өзгөн районунда туулган Х. А. Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-11-пунктунун негизинде ("Киши өлтүрүүгө кошо катышуу") кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев окуяда колдонулган атуучу курал жана автоунаа табылганын кабарлаган. Читать дальше...

Аба ырайы: Нооруз күнү жаан жаайт

Azattyk.org 

Эртең, 21-мартта Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан-чачын жаайт. Тоолуу райондордо карга айланат. Шамалдын күчү секундасына 15-20 метрге жетип, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында: түнкүсүн 0...+6, күндүз 6...11, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында: түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15, Ысык-Көл дубанында: түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11, Нарын облусунда: түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12, Бийик тоолуу райондордо: түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6 градус. Читать дальше...

БШК референдумга 13 үгүт тобун каттады

Azattyk.org 

19-мартка карата Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга 13 үгүт тобун каттады. Анын ичинен 10 топ референдумда "макул" деп добуш берүүгө үч топ "каршы" деп добуш берүүгө үгүт жүргүзөт. Ар бир үгүт тобунда 10-15тен мүчө бар. Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон. 11-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп... Читать дальше...

АКШ менен Индиянын коргоо мекемелеринин башчылары өз ара кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу талкуулашты

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо катчысы Ллойд Остин жана Индиянын Коргоо министри Ражнатх Сингх 20-мартта Нью-Делиде өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү жолдорун талкуулашты. Остиндин Индияга болгон эки күндүк сапары – АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтүнүн жогорку даражалуу мүчөсүнүн бул өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары болуп калды. Расмий Вашингтон аймактагы Кытайдын таасири улам тереңдеп жаткан маалда, чөлкөмдөгү өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта болууга умтулуп жатат. ... Читать дальше...

Новиков эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун катышуусунда республикалык ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Анда коронавирус инфекциясы кайра жайылып бара жатканы тууралуу маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү, медициналык мекемелерди алдын ала даярдоону тапшырды. “Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акыркы жумада начарлаганы байкалып жатат. Ар бир облустагы, айыл өкмөттөрдөгү медициналык мекемелер элдин саламаттыгына жакшылап көзөмөл кылып... Читать дальше...

Украинанын өкмөт башчысы Киевдин Евробиримдикке, НАТОго кирүү ниетин бышыктады

Azattyk.org 

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал өз өлкөсү Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болуу максатын көздөп, реформачыл иш-аракетти тездетти, деп билдирди. 19-мартта Германияга болгон расмий иш сапары маалында Шмигал Германиянын тышкы иштер министри Хайко Йозеф Маас мырза менен сүйлөшүү учурунда “Украинанын орто мөөнөттүү келечекте Евробиримдикке мүчө болушу – украин эли үчүн гана эмес, Германия үчүн жана жалпы эле Евробиримдик үчүн дагы алардын кызыкчылыктарына төп жыйынтык берчү” кырдаал жаратат, – деп айтты. Читать дальше...

Судья Камил Осмоналиев абактан бошотулду

Azattyk.org 

Жогорку соттун мурдагы судьясы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган Камил Осмоналиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 20-мартта чыгарганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, тергөө учурунда Камил Осмоналиев Жогорку соттун Жарандык жана Экономикалык иштер боюнча коллегиясында иштеп жүрүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегени айтылган. Читать дальше...

Бишкек милициясы “Таксим” кафеси боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Түрк ишкери куруп, иштеткен “Таксим” кафеси боюнча Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы түшүндүрмө таратты. Ага ылайык, “Таксим” кафесине байланыштуу эки тараптан тең милицияга кайрылуу түшкөн. Бишкектеги «Таксим» кафесинин ээси, түркиялык ишкер Али Салих Ифлазоглу 19-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Кыргызстанда иштөө мүмкүн болбой калганына даттанган. Өз билдирмесинде ал маркум депутат Алмазбек Акматов жана анын бир тууганы, мурдагы бажы кызматкери Эрнис Акматовдун менчик деп айткан жерин сүйлөшүп... Читать дальше...

Мияров: Жапаров жаштарга таянышы керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда кадр тандоодо мүчүлүштүктөр болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктагы” маегинде өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Мирбек Мияров билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров өз саясатын жаңы муундагы жетекчилерге таянуу менен жүргүзүшү керек. Мияров маегинде эмне себептен Чүй облусунун жетекчилигинен бошотулганын, бийликтин жаңы сунуштары, 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча пикирлери менен бөлүштү.

Байсалов: Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө мүмкүн эмес

Azattyk.org 

“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов. Элчи “Азаттыктын” Британия-Кыргызстан алакалар, Баш мыйзам алдындагы жоопкерчилик, сөз эркиндиги өңдүү маселелерге байланышкан суроолоруна жооп берди.

COVID-19: Акыркы суткада 46 адам сакайды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-мартка карата берген маалыматына караганда, акыркы суткада 46 адам айыгып чыкты. 82 адам вирусту жугузуп алганы лабораториялык жол менен тастыкталды. Ысык-Көл облусунда бир адам илдеттен көз жумду. Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте – 55 адам. Чүй облусунда 19, Ысык-Көл облусунда беш адам. Калган аймактарда коронавируска кабылгандар катталган эмес. Ушуну менен былтыркы 18-марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 321 адамга жетти. Читать дальше...

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу жарлыкка кол коюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 19-мартта «Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, элдин жана келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында атайын токтом чыкты. Токтомдо жогорудагы маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын... Читать дальше...

Кемел Ашыралиев: Мени чекист кылышмак...

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу коомдук ишмер Кемел Ашыралиев болду. Ал маегинде мамлекеттик кызматка келиши, коопсуздук комитетине өтпөй калышынын себеби, Матен Сыдыковдун жетекчилик бейнеси, Нарын облусунун губернаторлугунан кантип түшкөнү, жыйынга атчан барганы, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу кенен кеп кылат. - Кемел Жакешович, сиз тууралуу СССР менен Кытайдын мамилеси бузулуп, чек аралар жабылып турган 1960-70-жылдары Нарын аймагында иштеген мамлекеттик кызматкерлерди тынчылыкка тартып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *