Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 25.03.2021

Үнөмдүү жашоонун формуласы

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?

ФСБ мунай уурдоону кантип калкалайт?

Azattyk.org 

Орусияда жылына миллиондогон тонна мунай уурдалып, көмүскө сатылат. Мындан мамлекеттик бюджет миллиарддаган рубль чыгым тартат. «Азаттыктын» орус кызматы Ханты-Мансийск аймагындагы мунай уурдоо схемаларынын бетин ачкан иликтөөсүн жарыялады. Бул схемаларды - Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын адамдары 2000-жылдардын башында уюштуруп, ушул күнгө чейин калкалап келет.

Чек ара: Кыргыз-өзбек өкмөттөрү сүйлөшүү баштады

Azattyk.org 

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү өтүп жатат. Өзбекстан менен 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде ортодогу чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), ал эми андан бери дагы 10% жакыны такталган. Айрым эксперттер чек аранын калган бөлүгү узак жылдардан бери тирешүүгө себеп болгон оор тилкелер экенин белгилешүүдө. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин... Читать дальше...

Лондон Айсултандын өлүмүнүн себебин айтты

Azattyk.org 

Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды.

Венеция комиссиясынын сыны, Бишкектин жообу

Azattyk.org 

Кыргызстанда референдумга саналуу күн калганда Венеция комиссиясы баштаган эл аралык эксперттер Баш мыйзамдын долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Алар жаңы Конституция кабыл алынса, Кыргызстанда бийлик бир адамдын колуна топтолуп каларын, тең салмактуулук бузуларын эскертишүүдө. Конституцияны өзгөртүүнү жактагандар мындай пикирге кошулбайт.

Онкологиянын эми Бишкектен шыпаасы чыкты

Azattyk.org 

Улуттук онкология жана гематология борборуна нур менен тездетип дарылоочу жаңы эки жабдуу келди. 2018-жылдан берки маселе акыры чечилип, Англияда чыккан "Электра" жабдуусу рак оорусуна чалдыккан бейтаптарды май айынан тарта кабыл алууга даяр. Эми чет мамлекетке каттагандар Бишкектен дарылана алышат.



Бабановдун жабылган иши жана 100 млн. сому

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылды. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн казынага өз ыктыяры менен 100 миллион сом жардам бермей болду. Саясатчынын мамлекетке карата мындай салымы юристтер арасында суроо жаратты. Ал эми Бабановго банк иши боюнча айып коюп келаткан тараптар иштин кыскарып кетишин сындап чыгышты. 100 млн. сом - бюджетке жардам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин прокуратура жана... Читать дальше...

Үнөмдүү жашоого кантип үйрөнөбүз?

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө пандемиянын шартында, базарда баа өсүп жатканда кантип үнөмдүү жашаса болоруна токтолобуз. Бир жылдан бери Кыргызстанда тамак-аш, күнүмдүк керектелчү товардын баасы дээрлик 50% өстү. Кымбаттоонун айынан сиз да үнөмдүу жашоо тууралуу ойлоносузбу?

Баткендиктер ашар ыкмасы менен 7 чакырым жол салышты

Azattyk.org 

Кадамжайда Кара-Жыгач айылынын тургундары 2 ай аралыгында ашар ыкмасы менен 4000 гектар айдоо жерине бара турган 7 чакырым жол курушту. Эл демилгесин "Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы" колдоого алып, түйшүк жеңилдеп, дыйкандардын кирешесин арттырууга шарт түзүлдү. Жол арзан түшүп, аз каражатка деле көп иш бүтүрсө боло турганына жакшы далил болуп берет.

Акыл-эсинен жабыркагандар артыкбаш эмес

Azattyk.org 

Ар бир төртүнчү киши өз жашоосунда психикалык же неврологиялык дарттан жабыр тартат. Дүйнөдө 450 миллион адам депрессия, стресс жана ар кыл неврологиялык көйгөйлөрдөн жабыркайт. Психикалык оору - дүйнөдө башка дарттардын ичинен саны боюнча алдыңкы орунда турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму психикалык дартка кабылгандар коомдун бөлүп-жаруусуна, кайдыгерлигине, жек көрүүсүнө туш болуп, андан абалы начарлап жатканын айтууда. Кыргызстанда да психикалык оорулуулар өз дартынын белгилерин туура түшүнүп... Читать дальше...

Сүйлөбөгөн балдарга тил бүтүргөн Гүлнур

Azattyk.org 

Гүлнур Кубан кызы Нарындын Кочкор районунда сурдопедагог жана логопед болуп иштейт. Ал Бишкектеги окуу жайлардын биринен дефектология факультетинен сурдопедагогика адистигин алгандан кийин айылга келген. 5 жылдан бери ал угуусу начар жана тили так чыкпаган жеткинчектерге жардам берип келет. Элетте анын кесиби сейрек жана пайдалуу.

"Камбар-Ата-1": шарттары белгисиз шартнаама

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттери мурда талаштуу болуп келген гидроэнергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча эки мамлекеттин ортосундагы жетишилген макулдашуу боюнча түрдүү пикирлерин айтышууда. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-мартта “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу макулдашылганын айткан. Өзбекстандын Энергетика министрлиги ушундай эле мазмундагы билдирүүсүн жарыялаган. Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСин долбоорлоо мындан 40 жыл мурун Ташкентте башталган. Читать дальше...

Кыргызстандын футболчулары Непалдын командасы  менен беттешет

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасынын оюнчулары (U-23) "Үч улуттун кубогу" мелдешинин алкагында Непал курама командасы менен беттешет. Оюн Катманду шаарынын "Дасаратх Рангасала" стадионунда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:45те башталат. Мелдеш  21-мартта башталган. Ага Бангладеш жана Непал өлкөлөрүнүн футбол боюнча улуттук курама командалары жана Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы катышып жатат. 23-мартта Кыргызстандын курама командасы Бангладештин улуттук курамасы менен беттешип... Читать дальше...

"Каралар" кайра кайттыбы?

Azattyk.org 

Жыл башынан бери Кыргызстанда бир нече адам атылып өлтүрүлдү. Акыркы учурдагы адам өлтүрүүлөрдүн көбөйүшү кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу талкууларга жем таштады. Сөөгү бир жактан, автоунаасы бир жактан табылды 23-мартта эртең менен саат 8 чамасында Ош шаарындагы "Жапалак" муниципалдык автоунаа базары жактан Көкүм бий көчөсүнүн жашоочулары өлгөн кишинин сөөгүн байкашкан. Милиция 30-35 жаштагы маркум  киши колдуу болгонун аныктап, анын себебин иликтеп жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын... Читать дальше...

Марипов: түндүк-түштүк жолундагы иштин 9% гана аткарылган

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов түндүк-түштүк альтернативдүү жол курулушундагы 3 жылга пландалган 70% иштин 9% гана аткарылганын айтып, “тендерде жеңген компания өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган эмес” деп сындады. Бул тууралуу өкмөт башчы Нарын облусунун Жумгал районуна барган учурда билдирди. Ал жол курулушу менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Марипов жол курулушуна тийиштүү министр жеке жоопкерчилик аларын белгиледи: "Жаңы тендер өткөрүлөт. Жолдун курулушун  жеке көзөмөлүмө алам. Читать дальше...

Навальныйдын адвокаттары саясатчынын саламаттыгы начарлаганын айтып чыгышты

Azattyk.org 

Абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйдын саламаттыгы начарлап кетти. Бул тууралуу анын адвокаттары Вадим Кобзев жана Ольга Михайлова билдирди. Адвокаттардын айтымында, өткөн апта соңунан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Ага ушул учурда ооруну басуучу "Ибупрофен" препаратынан эки гана таблетка беришкен. 24-мартта Навальныйга адвокаттардын киришине уруксат беришкен эмес. Алар саат 13.00дө жолугууга уруксат алышкан, бирок, белгиленген мөөнөттө киргизишкен эмес. Мындай абалды түрмөдөгү... Читать дальше...

Чек арада жайгашкан өзгөчө статустагы 81 айыл бар  

Azattyk.org 

Кыргызстанда чек ара аймактарында жайгашкан 81 айыл жана 9 участок бар. Аларга 61 айыл Баткен облусунан, 14 айыл Жалал-Абад облусунан, 4 айыл Ысык-Көл облусунан, жана ошондой эле Ош, Талас облустарынан бирден айыл кирет. Жалпы бул айылдарда 155 миңдең ашуун адам жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-марттагы жыйынында Аймакты өнүктүрүү агенттигинин директору Бактияр Салиев маалымдады. Парламентте өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын долбоору жактырылды. Читать дальше...

Депутаттар өкмөттү кымбаттоого байланыштуу парламентке чакырышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы чараларын угуу үчүн парламентке чакырышты. Алардын бири депутат Акыл Кемелов 24-марттагы парламент жыйынында өкмөт башчы Улукбек Мариповду сындап, өкмөттү элге маалымат берүүсүн талап кылды. “Өкмөттүн отчётун угалы, эл талап кылып жатат. Өкмөт башчы аким менен айыл өкмөттү “таштанды чыгарбайсың” деп урушуп жүрөт. Азыр эмне таштанды үчүн уруша турчу мезгилби? Өкмөттүк саат өткөрүп угалы”, - деди депутат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *