Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 17.05.2021

Чек арада бошотулган үч жаран түрдүү жараат менен ооруканага түштү

Azattyk.org 

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары бүгүн, 17-майда Тажикстан тараптан кармалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бошоп келери менен ооруканага жеткирилди. Алар башынан, көкүрөк жана бетинен жараат алышкан. Баткен аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Айжигитов "Азаттыкка" Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жарааттар менен ооруканага түшкөнүн маалымдады. "Үчөөнүн баш мээси чайкалган, бети, көкүрөк булчуңдарынан жарадар болушкан. Азыр абалдары туруктуу. Читать дальше...

АКШнын Екатеринбургдагы башкы консулу Орусиядан чыгып кетет

Azattyk.org 

Башкы консул Эми Сторроунун Орусиядан чыгып кете турганы боюнча кабар дипломатиялык миссиянын "Фейсбуктагы" баракчасына чыкты. Буга чейин америкалык дипломаттар үчүн визалык чектөөлөргө байланыштуу аталган консулдук виза берүүнү жана АКШнын жарандарына кызмат көрсөтүүнү токтоткон. Дипломат Эми Сторроу АКШнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугун 2019-жылдан бери жетектейт. АКШ менен Орусия 2016-жылдан бери дипломатиялык миссиясынын санын кыскартуу талабын улам күчөтүп келди. 2017-жылдан... Читать дальше...

ЮНИСЕФтин жетекчиси жакыр өлкөлөргө вакцинадан бөлүшүүнү өтүндү

Azattyk.org 

ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор «Чоң жетиге» кирген өлкөлөргө жана Европа Биримдигине кайрылып, коронавируска каршы вакциналарды алмашуу боюнча COVAX схемасынын алкагында дүйнөнүн бир катар жакыр жана аялуу катмары үстөмдүк кылган өлкөлөргө көбүрөөк вакцина берүүнү суранды. Ал “вакцинага абдан муктаж болуп турган өлкөлөргө анын ашык дозасынан бөлүшүп, кайрымдуулук жасоо зарыл чара” деп билдирди. Генриетта Фор “Чоң жетинин” жана Евробиримдиктин өлкөлөрү алдыдагы үч айлык запасынын 20% бөлгөндө дагы ашык турган 153 млн. Читать дальше...

Жол кырсыгына шек саналган депутаттын уулу кызуу болгон

Azattyk.org 

15-майда кечки саат 22:30 чамасында Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, "Порше Пономера" унаасын айдап бара жаткан 39 жаштагы жаран жөө адамдар өтчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 28 жаштагы кызды уруп кеткен. Натыйжада кызды "тез жардам" Бишкектеги травматология жана илим изилдөө институтуна ар түрдүү жараттары менен алып барган. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө аракеттеринен... Читать дальше...

«Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк кызматын тапшырганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал өзү 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты. Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» директорлор кеңешине 2020-жылдын декабрь айында дайындалган. Быйыл май айында бул кызматка кайра тандалган. Ушул тапта кыргыз тараптан директорлор кеңешинде... Читать дальше...

Өкмөткө Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушталды

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө кенге убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди. Жапаровдун айтымында, мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө Кумтөр боюнча концессиясынын күчүн токтотууну жана “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунуш кылып жатат: “Мамлекеттик комиссия 1992, 2003... Читать дальше...

БШК: үч шаардагы кайра шайлоого 40 миллиондой сом жумшалат

Azattyk.org 

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов кабарлады. "Жыйынтыгы жокко чыгарылган мурдагы шайлоого деле болжол менен ушундай суммадагы каражат кеткен. Бул ирет мындан да азырак коройбу деп турабыз. Себеби, биздин эсепке ылайык,  шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кырк күндөй эле иштейт. Ал эми мурдагы шайлоодо эки айдан ашык иштеген". ... Читать дальше...



Коммерциялык банктарда доллар арзандады

Azattyk.org 

15-16-майда Кыргызстандын коммерциялык банкттарында АКШ доллары 40-50 тыйынга арзандаганы байкалды. Бишкектеги менчик валюта алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 83,9 - 84 сомго алынып, 84,2-84,4 сомго сатылууда. Улуттук банктын 17-майдагы курсу 84 сом 62 тыйын болуп, 0,04%ке арзандоо байкалды. Кыргызстанда АКШ долларынын баасы жалпысынан январь айындагы нарктан көп өзгөрө элек эле. (BCh)

Актан Арым Кубат Ысык-Көлдө жаңы тасма тарта баштады

Azattyk.org 

Режиссер, сценарист Актан Арым Кубат Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында 15-майдан тарта "Эсимде" аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартып жатат. Бул тууралуу Кинематографтар департаменти маалымат таратты. "Эсимде" тасмасында Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде тентип жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет. Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат өзү аткарууда. Читать дальше...

Мурдагы президенттер тушунда сыртка ташылып кетти деген алтын боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди. «Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен», - деди Жапаров. Жапаров Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес деген пикирин айтып... Читать дальше...

Комиссия: 1997-жылдан бери Кумтөрдө 61 кырсык катталып, 12 адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенинде 1997-жылдан бери 12 адам каза болду. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында сүйлөп жатып компаниянын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 1997-жылдан бери кенде 61 кырсык катталган, 47 адам жараат алып, 12си каза болгон. "Кумтөр Голд" компаниясы депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек. 16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы... Читать дальше...

Кумтөр боюнча комиссия: Кыргызстан 1,5 млрд, "Центерра" 11,5 млрд доллар пайда тапкан

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат. Тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү. Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда. Читать дальше...

COVID-19: сегиз адам каза болду, 525 бейтаптын абалы оор

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен 4 миң 39 киши ооруп жатат, 525 бейтап оор абалда. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу сегиз адамдын өмүрүн алганын кабарлады. Каза болгон бейтаптардын бешөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан, бирөө Ысык-Көлдөн катталды. 2020-жылдын март айынан бери вирустан 1711 адам көз жумду. Оору дагы 259 адамдан аныкталды. Вирусту жуктургандар 100 миң 732 кишиге жетти. Үй шартында азыркы тапта 2 345 бейтап дарыланууда, 1 694 адам ооруканада жатат. Читать дальше...

Жапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтү

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз турат. Бул тууралуу 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кениндеги абалды талкуулоо үчүн чогулган парламенттин кезексиз жыйынында айтты: “Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчтү. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Эки айдан бери Кумтөр кенинде башкаруу жок. Читать дальше...

Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карай баштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 17-майдагы кезексиз жыйынында Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүккө байланыштуу маселеден кийин мамлекеттик чек арадагы абалды талкууламай болду. Жыйында бул эки маселени бир күндө эмес, эки башка кароо тууралуу сунуш айтылды. Бирок ал сунуш көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон жок. Парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда. 16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы... Читать дальше...

Кыргызстанда курулуш материалдары кымбаттады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы 18 калктуу конушка иликтөө жүргүзүп, натыйжада курулуш материалдары 2020-жылдын апрель айына карата быйыл бир топ эсеге кымбаттаганын аныктады. Цементтин баасы 50 килограммына орто эсеп менен 306 сомго сатылып, былтыркы апрелге салыштырмалуу 9%ке өскөн. Кирпичтин миң даанасы быйыл 7 262 сом болуп, бир жылда 14%ке кымбаттады. Жумгал району бир мүшөк цемент 374 сомго сатылып, өлкөдөгү бул товар эң кымбат бааланган аймак болуп калды. Бишкекте бир кап цемент 297 сомго чыкты. Читать дальше...

Парламент Кумтөрдөн улам чукул жыйынга чогулду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 17-майда Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берип жатат.    Парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда. 12-майда Кумтөргө байланыштуу мамлекеттик комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан... Читать дальше...

Мьянмада аскердик режимге каршы топ менен жоокерлер кагылышты

Azattyk.org 

Мьянманын Миндат шаарында аскерлер менен кагылышууда бери дегенде беш адам каза болуп, дагы бешөө кармалды. Бул тууралуу Франциянын Эл аралык радиосу Чин мамлекеттик боштондук күчтөрүнүн козголоңчуларына таянып билдирди. Индиянын баш калаасынан анча алыс эмес жайгашкан Миндат калаасында 13-майдан бери аскердик абал жарыяланган. Кырк миң калкы бар шаарда түзүлгөн жикчилдер кыймылы колго жасалган жана аңчылык куралдарын колдонуп жатышканы кабарланууда. Ишемби күнү алар шаарга келген аскерлерге буктурма жасап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *