Беларус: Виктор Бабарико 14 жылга кесилди
Беларуста президенттикке талапкерлигин коюп, бирок каттоодон өтпөй калган оппозиционер Виктор Бабарико 14 жылга кесилди. Бул тууралуу ТАСС "БелТА" мамлекеттик агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматка караганда, Жогорку сот Виктор Бабарикону "ири өлчөмдө пара алуу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айыптуу деп тапты. Ал "Белгазпромбанк" иши боюнча айыпталган сегиз адамдын арасынан күнөөсүн моюнуна албаган жалгыз айыпталуучу болду. "Азаттык" радиосунун беларус редакциясы кабарлагандай... Читать дальше...