Грузияда телеканалдар бийликтин отставкасын талап кылышты
Грузияда менчик төрт телеканал премьер-министр Ираклий Гарибашвилинин кызматтан кетишин талап кылып берүүлөрүн 24 саатка токтотуп койду. Алардын мындай чечимине ЛГБТ коомчулугуна каршы чыккандардын журналисттерге кол салышы түрткү болду. 5-июлда гомофобдордун ур-токмогуна калган телеоператор Лексо Лашкарава көз жумган. Оппозиция жана медиа коомчулук бийлик бул окуяны болтурбоо үчүн алдын ала эч кандай чара көрбөгөнүн айтышууда. Маалымат каражаттарынын кызматкерлери ошондой эле күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылып жатышат. Читать дальше...