Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 31.07.2021

Каракол суусу кирип, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусундагы Каракол суусу кире баштагандыктан, жакын жайгашкан 27 үйдүн тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Акыркы маалымат боюнча Каракол суусунун деңгээли ылдыйлап, нөөмөт алынган. Маалыматка ылайык, кирген Каракол суусу жээгиндеги бир канча бак-даракты тамыры менен агызып кеткен жана бир көпүрө авариялык абалга кептелген. Ошондой эле Караколдо жайгашкан “Ривер-парк” эс алуучу жайын суу каптап жатканы айтылат. Читать дальше...

COVID-19: дагы 14 адам каза болду, 919 кишиден табылды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 31-июлдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан 14 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2325 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 919 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Бишкек шаары – 515; Чүй облусу – 154; Жалал-Абад облусу – 73; Баткен облусу – 59; Ысык-Көл облусу – 50; Ош облусу – 29; Нарын облусу – 23; Талас облусу – 10; Ош шаары - 6 киши. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *