Жалал-Абад шаарындагы жаңы салынган айрым жолдор кайра эле жамалып-жаскалып жатканына тургундар нааразы.
Башкы прокуратура Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген фельдшердин кайрылуусунан кийин төрт аскер кызматкери камакка алынганын маалымдады.
Кыргыз эл баатыры, режиссер, белгилүү саясий ишмер Дооронбек Садырбаев быйыл тирүү болгондо 85 жашка чыкмак. Садырбаев өткөн кылымдын 70-жылдары “Акбаранын көз жашы”, “Махабат дастаны” сыяктуу белгилүү тасмаларында, кара сөз чыгармаларында, ырларында намыс, акыйкаттыкты ачык баяндаса, өлкө эгемендигинен кийин саясатка башын сайып авторитардык бийлик орноткусу келген бир эмес, эки система менен күрөштү. Замандаштары Доке деп атаган Садырбаевдин саясий жолун өзүнчө, чыгармачылыгын өзүнчө китеп, кино кылып баяндаса түгөнбөйт деп эскеришет.
Кызыл-Омпол кенинде кандай баалуу элементтер бар жана аларды өңдүрүүнүн Кыргызстан үчүн кандай пайда-зыяны бар?