Райымбек Матраимов УКМКдан сурактан чыкты
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарий берген жок.
УКМК Матраимов Кыргызстандын Бажы кызматындагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөдө сөз болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини мындан эки жыл мурун өлтүрүүгө аракет кылып, кол салган фактыга байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын билдирген.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдарына ылайык сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
УКМК Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча сурала тургандыгын кабарлаган.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын айтып берген.
Саймаити ал жолкуда мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.
Башкы прокуратура 22-ноябрда, Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.
Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. (BTo)