Түркия Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча Кыргызстанга расмий маалымат берди
Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын Башкы прокуратурасы алгачкы маалыматын берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалган.
Өзүн Хусейин Ахметалиев деп тааныштырган шектүү 1991-жылы Ош шаарында туулганын, Кыргызстандын жараны экенин айткан. Нормахамат Арипхонов 1988-жылы туулганын жана ал да Кыргызстандын жараны экенин билдирген. Аты-жөнүн Али Исбех деп тааныштарган шектүү «сириялыкмын» десе, дагы бир шектүү Абдуллах Энвер өзүн Өзбекстандын жараны катары тааныштырган.
Башкы көзөмөл органы Түркия тарап кармалгандар өзүнүн тек-жайы тууралуу анык жана ачык маалыматты айтпай жатканын кабарлаганын билдирди. Алардын жанында өздүгүн тастыктаган документтери да жок болгон. Маалыматка караганда, шектүүлөр Түркиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөнүн айтышкан. Учурда Түркия тарап да алардын жарандыгын так аныктоо боюнча иштеп жатат.
Башкы прокуратура кармалган эки шектүү чын эле Кыргызстандын жараныбы деп аныктоо, тактоо иштерин жүргүзүш үчүн Түркиядан алынган маалыматтар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башкы тергөө башкармалыгына берилгенин кошумчалады.
Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн.
Анын көзү тирүү кезинде, тактап айтканда 2017-жылы ага Оштогу мейманканалардын биринде болгон кол салуу фактысы боюнча УКМК «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иш козгоп, иликтеп жатат. (BTo)