Аксы: Электр кубаты жете элек эки айыл туристтик аймакка айланышы мүмкүн
Кыргызстандын Өкмөтүнүн Жалал-Абат облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин KF SilkRoad долбоорунун жетекчиси Чу Санг Хун менен жолугушуп, Аксы районундагы Кызыл-Бейит жана Кашка-Суу айылдарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өөрчүтүү жөнүндө талкуулашты.
Өткөн жылы облус аймагындагы туристик мүмкүнчүлүгү бар жайлар изилденип, Аксы районундагы аталган эки айыл долбоорго тандалып алынган. Жолугушууда боюнча ал айылдарга баруучу жолдор, туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу аракеттери көрүлөөрү айтылды.
Аксыдагы табияты ажайып Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет.
1980-жылдарга чейин бул кыштак Бишкек-Ош жолунун боюнда турган.
Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда, Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган.
Учурда бул айылда 50 түтүн (300гө жакын киши) жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр кубаты, дарыгерлик түйүн, мектеп жок, уюлдук байланышы да жакшы тартпайт.
Кызыл-Бейит кыштагынын тургундары Нарын дарыясынан кайык менен өтүп "чоң жер" менен катташат.
2019-жылы Аксынын Авлетим айыл аймагына таандык Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары да 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышканын "Азаттык" чагылдырган. Жалал-Абат облусунда Кыргызстандагы ири ГЭСтер жайгашканы маалым. (TA)