Айбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек
Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Жерүй кени боюнча келишимдин экономикалык жана экологиялык жагдайларын текшерген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт. Бузурманкулов мындай пикирин “Фейсбуктагы” баракчасында түз эфирге чыгып айтты.
“Мамлекеттик комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөр жолу менен элдин пайдасына чечилиши керек. Муну акционерлер дагы туура түшүнүшү керек. Эгерде мыйзам жолунда иш алып барам дешсе... Мамлекеттик комиссия биринчи кезекте үлүш маселесин карашы керек. 2015-жылы өткөн сынактын мыйзамдуулугу, Жерүйдүн чыныгы кожоюну ким экендиги аныкталышы керек”, - деди Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов Кыргызстандын коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эгерде мамлекеттик комиссия түзүлбөсө, анда 2015-жылдагы кен жаатында өткөрүлгөн сынак боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды.
Мурдагы облус башчысы Жерүй кенин иштеткен компанияда мамлекеттин үлүшү болушу керек деп эсептейт. Бузурманкулов өз кайрылуусунда Жерүй кенин иштетүүдө башка мамлекеттердин башчылары эч кийлигишпеши керек деген пикирин баса айтты.
38 жаштагы Бузурманкулов 2020-жылдын 5--6-октябрындагы элдик ыңкылап окуяларынан соң өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалган.
Ал быйыл 5-мартта кайра кызматтан кеткен. Жарандык активист катары Бузурманкулов Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы турумун жигердүү билдирип, 2015-жылы бул кенди иштетүү жаатындагы лицензияны сатуудагы мыйзамдын бузулгандыгы тууралуу жергиликтүү калайыктын доосун калыс иликтөө талабын коюп келет.
Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин иштетүү укугу - азыр орусиялык ишкерлердин колундагы «Альянс-Алтын» компаниясына таандык.
Алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышы быйыл 17-мартта президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда өткөн. Анда кыргыз президенти "Жерүй" кенинин иши токтобойт, деп билдирген. (TSh)