Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2018

Новости за 04.03.2018

Германия: социал-демократтар коалицияга кирүүгө макул

Azattyk.org 

Германияда Социал-демократиялык партиянын көпчүлүк мүчөлөрү канцлер Ангела Меркелдин партиясы менен биргеликте "чоң коалицияга" кирүүнү колдошту. Партиянын ичинде өткөн референдумдун жыйынтыгы жекшемби таңда жарыяланды. Добуш берүүгө партиянын 380 миңдей мүчөсү катышып, алардын үчтөн экиси коалицияга кошулууну жакташты. Бул деген алдыдагы апталарда Германияда министрлер кабинети куралат дегенди айгинелейт.  Былтыр күздө өткөн парламенттик шайлоодон кийин партиялар ортосундагы пикир келишпестиктерден улам канцлер шайланбай келген. Читать дальше...

Италиялык "Фиорентина" футбол клубунун капитаны көз жумду

Azattyk.org 

Италиялык "Фиорентина" клубунун оюнчусу, өлкөнүн футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Давиде Астори 31 жашында көз жумду. Бул тууралуу аталган клуб 4-мартта маалымдады. Клубдун "Твиттердеги" билдирүүсүнө караганда "Фиорентинанын" капитаны оорудан көз жумган. Маалыматтарга караганда, Астори эртең мененки тамакка келбегенден кийин анын командасында ойногондор бөлмөсүнө киришип, капитандын жансыз денесин табышкан. Окуя Италиянын түндүк-чыгышындагы Удина шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Читать дальше...

Асаддын армиясы Чыгыш Гутанын чейрек бөлүгүн ээледи

Azattyk.org 

Активисттердин айтымында, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутанын чейрек бөлүгүн ээлешти. Буга чейин баш калаа Дамасктан алыс эмес жайгашкан бул анклав толугу менен Сирия президенти Башар Асадга каршы турган оппозициячыл козголоңчулардын көзөмөлүндө болчу. Британияда жайгашып Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория 4-мартта өкмөттүк армия дыйканчылык аймактарды өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гутадагы айылдарды жана талааларды бир нече фронттон кирип ээлешкенин жазышты. Читать дальше...

Балбан Муслим Евлоев Азия чемпиону болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте жыйынтыктала турган күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөштөн кыргызстандык балбан Муслим Евлоев алтын медал тагынды. Ал финалда монголиялык Мндахнаран Ганзори менен беттешип 11:1 эсебинде таза жеңишти камсыздады. Муслим Евлоев алтын байге үчүн таймашка чейин үч беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңген. Алгач тажикстандык Сорбон Абдулхаевди 11:0, чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурат Оразгылыжовду 12:2, жарым финалда ирандык Мостафа Мохаббали Хоссейнханини 8:4 эсебинде утуп алган эле. Читать дальше...

Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө каршы демонстрация өттү

Azattyk.org 

Жекшембиде он миңге чукул киши Македониянын баш калаасы Скопьеде нааразылык акциясына чыгышты. Алар мурдагы Югославиянын курамына кирген бул мамлекеттин аталышын коңшу Грециянын талабына ылайык өзгөртүүгө каршы чыгышты. Өлкөнүн туусун көтөргөн демонстранттар 4-мартта калаанын борборундагы Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) эстелигинин жанына чогулушуп "Биз македондорбуз" деп кыйкырып жатышты.  Акция "Биздин аталышыбыз - биздин укугубуз" деген кыймыл тарабынан уюштурулду. Буга чейин... Читать дальше...

Балбан Базаргуруев Бээжин Олимпиадасынын коло байгесин алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык эркин күрөшчү Базар Базаргуруевге 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарынын коло байгеси ыйгарылды. Медалды тапшыруу аземи бүгүн, 4-мартта күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп жаткан Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте 27-февралда башталып, бүгүн аяктады. Базаргуруев 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында эркин күрөш боюнча 60 килограмм салмакта күрөшүп бешинчи орунду алган. Ал жылы күмүш медалды тагынган... Читать дальше...

Жекшембидеги жол кырсыктарында беш адам каза болду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда 4-марттагы аварияда төрт адам жашоо менен кош айтышты. Арасында 11 жаштагы бала да бар. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Scania үлгүсүндөгү жүк унаасы менен Тoyota Ist жеңил машинеси кагылышкан. Маалыматта жеңил автоунаа каршылаш тилкеге чыгып кеткени айтылууда. Каза тапкандар ошол машинеде болушкан.  Ушул эле күнү Чүй облусунун Токмок шаары менен Кемин районунун ортосундагы айланма жолдо унаалар кагышып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Ондон ашуун адам жараат алып... Читать дальше...



Чыгыш Гута: элге гумжардам кербени жете албай жатат

Azattyk.org 

Сириядагы козголоңчулардын колундагы Чыгыш Гута анклавындагы элге гуманитардык жардам кербени жете албай жатат. Жекшемби күнкү аракеттен да майнап чыкпаганын, аймакта уруш уланып жатканын Reuters агенттиги БУУ өкүлүнө таянып билдирди. Жүздөгөн тургундарга багытталган гумжардам 40 машина менен жөнөтүлгөн.  БУУнун гуманитардык маселелер боюнча атайын чабарманы Ян Эгеланн гуманитардык коридордон майнап чыкпаганын 1-мартта да Женевада туруп билдирген. Февралдын соңунда Чыгыш Гутадагы бомбалоодон жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды. Читать дальше...

Студенттерди баккан жүрөк бизнеси

Azattyk.org 

Эки-үч айдан бери кечинде Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жүрөкчө түрүндө шар көтөргөн жаштар көбөйдү. Шар жүрөкчөлөр ары-бери баскандардын көңүлүн буруп, сатып алгандар да аз эмес. Бул студенттердин окуудан бош убактысында каражат табуу үчүн жасаган иши. Бирок каражат табууга аракеттенген жаштар коопсуздукка көңүл бурбаганы өкүндүрөт.

"Оскар" сыйлыгынын кезектеги жеңүүчүлөрү бүгүн аныкталат

Azattyk.org 

Америка киноакадемиясынын "Оскар" киносыйлыгынын быйылкы жеңүүчүлөрү бүгүн, 4-мартта Лос-Анжелестеги "Долби" театрында аныкталат. Сыйлык тапшыруу аземи ушуну менен 90-жолу жолу уюштурулууда.  2017-жылы чыккан тасмалар боюнча жеңүүчүлөр негизги он багытта жана кошумча 14 багытта аныкталып, сыйланышат. "Мыкты фильм" наамын алууга тогуз кино ат салышууда. "Мыкты режиссер", "Мыкты актриса" жана "Мыкты актер" багыттарында бештен талапкер бар.  Тандоо жараяны былтыр ноябрда башталган. Добуш берүү 20-февралда старт алып, 28-февралда аяктады. Читать дальше...

Италияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Италияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Депутаттык орун үчүн негизги үч саясий топ күч сынашууда. Алар - мурдагы өкмөт башчы Сильвио Берлускони баштаган оңчул борбордук коалиция, борборчулдарга ыктаган солчулдар жана популисттик "Беш жылдыз кыймылы".  Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбүгө караган түнү маалым болот.  Соңку эки жумадан бери социалдык сурамжылоо жүргүзүлбөгөндүктөн эксперттер шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы кыйын экенин белгилешүүдө. Февралдын ортосундагы сурамжылоодо... Читать дальше...

Түркиядагы марафондо кыргызстандык Канатбек уулу 10-орунду ээледи

Azattyk.org 

Түркиянын Анталия шаарында уюштурулган марафондо кыргызстандык Медербек Канатбек уулу ондукка кирди. 4-мартта Runanatolia марафонунда 10 чакырым аралыктагы жарышка 26 өлкөдөн 7852 спортчу катышты. Мелдешке Кыргызстандын атынан чыккан 26 жаштагы Медербек маарага онунчу болуп жетти.  Ал Анталияда мейманканалардын биринде официант болуп иштейт. Расмий маалыматтар боюнча, Түркияда 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Читать дальше...

Илим дүйнөсү: Көпөлөк курттардын балбаны

Azattyk.org 

Жылбай отуруп телевизор көргөн адат кан тамыр дартын күчөтөт. Ок өткөрбөс жасалма жыгач. Кол салган жоону бурдап ыргыткан көпөлөк курту. Жыландай сойлогон пневматикалык робот.

Чоңдордун кооптондурган кош жарандыгы

Azattyk.org 

Кыргызстанда жогорку кызматтагы аткаминерлердин кош жарандуулугун текшерүү мүмкүн эмес. Атайын кызматтар гана кайсы бир саясатчы жөнүндө конкреттүү арыз түшкөн маалда текшеришет.

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы 9-мартка чейин сакталып, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. 5-мартта түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн, тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын табы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14; Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4... Читать дальше...

ПАРНАС демократ талапкерлерди шайлоодон баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициялык Элдик эркиндик партиясы (ПАРНАС) президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин арасынан демократияны баалагандарды шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды. Партия мындай кайрылууну 3-мартта кабыл алганын саясий кеңеш жарыялады.   Билдирүүдө 18-мартта өтө турган президенттик шайлоо "Конституция эрежелеринен алыс, акыйкатсыз болору" айтылат. Андан тышкары шайлоого келгендер бюллетенге өзү кимди президент катары көргүсү келсе, ошонун аты-жөнүн жазып коюшу керектиги белгиленет. Читать дальше...

Муслим Евлоев Азия чемпионатынын алтын байгеси үчүн күрөшөт

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөштөн кыргызстандык Муслим Евлоев финалдык таймашка чыкты. Бүгүн, 4-мартта 74 килограмм салмакта күрөшкөн Евлоев жарым финалда ирандык Мостафа Мохаббали Хоссейнханини 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалга чейин ал эки беттеш өткөрүп алгач тажикстандык Сорбон Абдулхаевди 11:0, чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурат Оразгылыжовду 12:2 эсебинде утту. Алтын байге үчүн финалдык таймашта Муслим Евлоев кайсы өлкөнүн балбаны менен күч сынашары азырынча белгилүү боло элек. Читать дальше...

Авариялык абалда конгон учак боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкек-Баткен багытында учуп баратып, кыймылдаткычы күйүп кеткен учак боюнча Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду.  Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана алардын техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу" боюнча иликтенип жатат.  1-мартта "Тез жет" авиакомпаниясынын "Бишкек-Баткен" каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна... Читать дальше...

Өзбекстан: дагы бир прокурор камакка алынды

Azattyk.org 

Өзбекстанда соңку он күн ичинде жакынкы мезгилге чейин эле прокуратура тармагында иштеген төрт таасирдүү адам кармалды. Кезектеги прокурор Ташкентте үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалганы апта соңунда ачыкка чыкты.

Имамдар Интернет азгырыгынан коргонууну үйрөнүштү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун имамдары балдарды Интернеттеги түрдүү топтордун азгырыгынан жана кибер чабуулдардан сактанууну үйрөнүштү. Муфтияттын басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, молдорлого Kaspersky, Axoft компанияларынын өкүлдөрү тренинг өтүштү. Окууну Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурду.  Тренингде балдарга Интернеттин пайда-зыяны тууралуу дарс окулуп, зыяндуу тайпалардан коргоо ыкмалары үйрөтүлдү. Имамдар аны коомго жайылтышмакчы. Ошондой эле молдолорго кибер чабуулдардын өнүгүү тарыхы... Читать дальше...

Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты бүгүн аяктайт

Azattyk.org 

Бишкекте 20 өлкөнүн балбандары күрөштүн түрлөрү боюнча күч сынашып жаткан Азия чемпионаты бүгүн, 4-мартта аяктайт. Таймаштар 27-февралдан бери Спорт ордосунда уланууда. Чемпионаттын акыркы күнүндө балбандар эркин күрөш боюнча беш медал топтому үчүн күч сынашат.  Кыргызстандын намысын Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Муслим Евлоев (74 кг), Динислам Таалайбек уулу (86 кг), Бактияр Карагул уулу (92 кг) жана Мурат Рамонов (125 кг) коргоодо.  Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду алган. Читать дальше...

Апта: КСДПга атаандаш күч түзүлөбү?

Azattyk.org 

Кыргызстанда башкаруучу партияга атаандаш болчу демократиялык күч түзүү демилгеси көтөрүлдү. Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнөнү "коркутту".

Словакияда журналисттин өлүмүнө шектелгендер үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Словокияда журналист Ян Куциактын өлүмүнө шектелген жети киши үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 3-мартта Tvnoviny.sk сайты кабарлады. Шектүүлөрдүн баары Италия жарандары. Алардын бири Италиядагы белгилүү "Ндрангета" мафиясына мүчө экени айтылат. Аталган топ адам, курал жана маңзат соодасы менен алектенет. Маркум журналист словакиялык саясатчылардын аталган топ менен ымаласын иликтеп жаткан. Словакияда журналист өлтүрүлгөндөн кийин премьер-министрдин жардамчысы Мария Трошкова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Вилиам Ясань... Читать дальше...

Медреседе балдарды сабоого шектелген молдо жоопко тартылган эмес

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы медреседе балдарды сабоого шектелген мугалим иштен алынганын билдирди. Бирок мыйзамдуу жоопко тартылган эмес.  Муфтияттын өкүлү Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, балдардын сабалганы тууралуу интернетке чыккан тасма бир жыл мурда тартылган. Окуя Көк-Дөбө медресесинде, жайкы диний лагер учурунда болгон. -Күбөлөр муфтиятка ошол эле учурда маалымдашкан. Андан соң шектүү мугалимди иштен алганбыз. Анын аты-жөнүн айта албайбыз. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *