Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2018

Новости за 12.03.2018

Мэй: Скрипал Орусияда жасалган зат менен ууландырылган

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Терезе Мэй дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып, Сергей Скрипаль кызы экөө Орусиянын аскерий ишканасында жасалган зат менен ууландырылганын айтты.   Премьердин сөзүнө караганда, мурдагы тыңчыны ууландырууга адамдын нерв системасын сенек кылган "жаңы муундагы" зат колдонулган. Андай затты советтик окумуштуулар 1992-жылдары ойлоп табышкан. Мэй Орусияга окуяга түшүндүрмө берүү үчүн шейшембиге чейин убакыт бөлүнгөнүн билдирди. "Орусиянын бийлигинин буйругу менен ишке ашкан адам өлтүрүүлөрдү... Читать дальше...

Мэй: Скрипаль Орусияда жасалган зат менен ууландырылган

Azattyk.org 

Британ премьер-министри Терезе Мэй дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып, Сергей Скрипаль кызы экөө Орусиянын аскерий ишканасында жасалган зат менен ууландырылганын айтты.   Премьердин сөзүнө караганда, мурдагы тыңчыны ууландырууга адамдын нерв системасын сенек кылган "жаңы муундагы" зат колдонулган. Андай затты советтик окумуштуулар 1992-жылдары ойлоп табышкан. Мэй Орусияга окуяга түшүндүрмө берүү үчүн шейшембиге чейин убакыт бөлүнгөнүн билдирди. "Орусиянын бийлигинин буйругу менен ишке ашкан адам өлтүрүүлөрдү... Читать дальше...

Өзбекстан менен Тажикстан чек араны минадан тазалоону макулдашты

Azattyk.org 

Өзбек жана тажик бийликтери 2019-жылдын аягына чейин чек араны минадан тазалоону макулдашты. Эки өлкөнүн чек арасынын тоолуу райондордогу тилкелерине 1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылы” тобунун согушкерлери  Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракеттенишкенде мина коюлган. Тажикстандын улуттук борборунун маалыматына караганда, 1999-2011-жылы чек арада мина жарылып, 160 киши жабыркаган, 76 киши өлгөн. Алардын 15и балдар жана бешөө аялдар. Өзбекстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы 1332,9 чакырымга созулат. Читать дальше...

"Путин ажыдаар Путинди жеңе албайт"

Azattyk.org 

18-мартта өтө турган Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай режиссер-документалист Виталий Манский Владимир Путиндин бийликке келиши тууралуу даректүү фильм тартуулаганы турат. Уникалдуу хроника 2000-жылдын 26-мартында, Путин биринчи жолу шайлоодо жеңген күнү болгон окуяларды чагылдырат.

Москва: кыргыздардын сагынычын жазган дүкөн

Azattyk.org 

Москвада кыргыз азыктары гана сатылган дүкөн, таштандыга айланган жүндөн бут кийим тиккен Нарындагы цех, Бишкекте даярдалган бир жарым тонналык бешбармак жана жүз метрден узун чучук - ушул жана башка кызыктуу баяндар "Данисте" тележурналынын кезектеги чыгарылышында.

Өкмөттүн чечими: кадыры кеткен катуу сөгүш

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүндө бул апта министрлерге чара көрүү менен башталды. Ишиндеги кемчиликтери үчүн өкмөт аппаратынын жетекчиси кызматынан кетти. Премьер-министр Сапар Исаков беш министрге, ондон ашык башка жетекчилерге катуу сөгүштөн эскертүүгө чейин чара көрдү.

Лондон Скрипалдын иши боюнча Москвага айып тагууга даярданууда

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен кызын өлтүрүү аракети боюнча Орусияга расмий айып тагышы мүмкүн. Бул тууралуу британ парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Том Тугенхдат билдирди.  Анын сөзүнө караганда, Лондондун чечими 12-марттагы Улуттук коопсуздук кеңешинде иликтөөнүн акыркы маалыматтары каралган соң белгилүү болот. Тугенхдат Скрипалдын ууландырылышы орус бийлигинин ишарасы менен жасалган “адам өлтүрүү аракети” сыяктанат деп баалады. Читать дальше...

Театрдын "Кожожашы" дүйнөдөн өттү

Azattyk.org 

Белгилүү кино жана театр актеру Ашыр Чокубаев узакка созулган оорудан улам 71 жашында дүйнө салды. Актер театрда Кожожаштын, кинодо “Ак илбирстин тукуму” тасмасындагы Касендин ролдорун аткаруу аркылуу өзүнүн кайталангыс талантын элге тааныткан. “Аманат”, “Китеп”, "Көчмөндөр” өңдүү казактын, кыргыздын ондогон тасмаларына тартылган.



Советтик жана орусиялык актер Олег Табаков дүйнө салды

Azattyk.org 

СССРдин эл артисти, актер жана режиссер Олег Табаков 82 жаш курагында дүйнө салганын ал жетектеген театрдын маалымат кызматы билдирди. Табаков Чехов атындагы Москвадагы көркөм театрдын жетекчиси болгон. Актер өз атынан театр негиздеп, анын да көркөм жетекчиси эле. Орусия президентинин алдындагы маданият жана искусство боюнча кеңештин мүчөсү болгон.   2014-жылдын 11-мартында ал Путиндин Украина жана Крым боюнча саясатын колдогон маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. 2017-жылдын ноябрында ооруканага жаткырылган. Читать дальше...

Казакстандын чыгышын сел каптады

Azattyk.org 

Казакстандын чыгышын сел каптап, өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кытайда президент Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачылды. Өзбекстан менен Тажикстан эки өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу чечимин кабыл алды.

Рахмон-Мирзиёев: "музду" эриткен кызматташтык

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Тажикстан эки өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жоюу чечимин кабыл алды. Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү алгачкы мамлекеттик сапары маалында эки өлкөнү жакындаткан 27 келишимге кол коюлду. Мирзиёев мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов каршы болуп келген Тажикстандагы талаштуу Рогун ГЭСинин курулушун колдой турганын да ишара кылды.

Жоопсуз кеткен жолдун акчасы

Azattyk.org 

Жол чарба департаментинин жетекчиси Ак-Талаа районундагы көпүрөнүн курулушунда мыйзам бузууга жол берген деп, эки айга камакка алынды.

Ингушетияда кармалган Магомед Хазбиев ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Мыйзамсыз курал саткан жана бийлик өкүлүнүн кадыр-баркына шек келтирген деп айыпталган оппозиционер Магомед Хазбиев Назрандагы тергөө абагында кургак ачкачылык кармай баштады. Бул тууралуу анын адвокаты Хеди Ибриева билдирди. Хазбиев ага медициналык жардам алууга уруксат берилбей койгондон кийин ушундай кадамга барууну чечкен. 29-январда сот оппозициялык активистти үй камагына чыгаруудан баш тарткан. Адвокаты болсо камакта жаткан маалда анын ашказанындагы жарасы жарылып кеткенин, тез арада дарылоого муктаж экенин билдирген. Читать дальше...

Президент Нурханбек Момуналиевди кызматынан бошотту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандынды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Жээнбеков 12-мартта кол койду. Билдирүүдө Момуналиев өз арызынын нгеизинде кызматтан бошотулганы жазылган.  Бүгүн премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык Эмилбек Бусурманкулов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары,  уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Читать дальше...

Словак министри журналисттин өлүмүнөн улам кызматтан кетти

Azattyk.org 

Словакиянын ички иштер министри Роберт Калиняктын кызматтан кетишине журналист Ян Куциактын киши колдуу болгону түрткү берди. Өткөн дем алыш күндөрү миңдеген киши министрдин кызматтан кетишин талап кылып демонстрацияларга чыккан.  Словакиянын соңку 20 жылдык тарыхындагы эң чоң митинг -демонстрациялар өлкөнүн 50дөй шаарында өттү. Нааразылыкка чыккандар өкмөттүн кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мура шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Элдин мындай талабын Словакиянын президенти Андрей Киска дагы колдоп... Читать дальше...

Cи Цзинпиндин бийлигин узартууга жол ачылды

Azattyk.org 

Кытайда төрага Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачылды. Күтүлгөндөй эле өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүнү бир добуштан колдоду. Бул Кытайда башкаруу жол-жоболорунун акыркы 35 жыл ичинде биринчи ирет өзгөрүшү.

Скрипал: уунун чуусу бүтчүдөй эмес

Azattyk.org 

Орусиянын мурдагы агенти жана анын кызы ууланганына байланыштуу Британияда иликтөө уланууда. Бирок аларды эстен тандырган зат эмне экени азырынча коомчулукка белгисиз. "Кыянаттык кимдин колунан келиши ыктымал?" деген талкуу дале күчүндө.

Ошто «Йакын инкар» агымынын 9 мүчөсү соттолду

Azattyk.org 

Аларды Ош шаардык соту "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясын таратканы үчүн айыптап, 1-март күнү үч-төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12-мартта "Азаттыкка" билдирди.  Бул жарандар 2017-жылдын 15-июнь күнү Кара-Суу районунда кармалган. Ушул тапта дагы 7 жаран "Йакын инкар" агымынын мүчөсү катары кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын алтоо Араван, бирөө Өзгөн районунан кармалган. Өткөн... Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан карга айланат

Azattyk.org 

Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.  13-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт. Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши: Жээнбековго кайрылган жапондун жүйөсү ырасталды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары тарабынан коррупция жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын жана ЖМКдагы кабарларды кабыл алып, карап жатат. Ага ылайык, 19-февралда Жапониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Шинжинин кайрылуусу боюнча мурда козголгон кылмыш иши иликтөөнүн кемчиликтерин толукташ үчүн кайра кайтарылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы... Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши: Жапон жараны Матсуда Шинжинин жүйөсү ырасталды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы укук коргоо, сот жана көзөмөл органдары тарабынан коррупция жана мыйзамсыз аракеттердин фактылары боюнча жарандардын кайрылууларын жана ЖМКдагы кабарларды кабыл алып, карап жатат. Ага ылайык, 19-февралда Жапониянын ”Кыял” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Матсуда Шинжинин кайрылуусу боюнча мурда козголгон кылмыш иши иликтөөнүн кемчиликтерин толукташ үчүн кайра кайтарылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы... Читать дальше...

Непалдын аэропортунда жүргүнчү учак кыйрады

Azattyk.org 

Катманду шаарынын аэропортунда жүргүнчү учак конгону баратып кырсыкка кабылды. Учактын бортунда 60тан ашуун киши болгону кабарланууда.  Мерт болгондордун сөөктөрүн учактын калдыктарынын алдынан алып чыгып жатышат. Непалдын бийлиги канча кишинин өмүрү кыйылганы белгисиз экенин билдирди. Би-би-Си кызматы Непал бийлигинин маалыматына таянып, учакта 67 киши болгонун, алардын 17си аман калганын жазды.  Непалдын маалымат каражаттары учактын бортунда 78 жүргүнчү болгонун, алардын 14ү ооруканага түшкөнүн... Читать дальше...

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышын талкуулады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алып, кеңештин 8-февралдагы чечиминин аткарылышы боюнча маалымат алды. Дамир Сагынбаевдин мамлекет башчыга берген маалыматы боюнча, Коопсуздук кеңешинин 45 иш-чараны камтыган чечими ишке ашырыла баштады. Анын айтымында, катчылыкка жана Башкы прокуратурага 2016-2017-жылдары токтотулган же жабылган кылмыш иштеринин тизмеси берилген жана ал материалдардын баары президенттин кароосуна жиберилген.  Мындан тышкары... Читать дальше...

Путин Сочи оюндарынын ачылышында учакты атып түшүрүүгө буйрук берген

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылы алгачкы алынган маалымат боюнча бортунда «бомба бар» делген жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө буйрук берген. Бул тууралуу “Путин” аттуу даректүү тасманын үзүндүсүндө айтыларын “Рейтер” агенттиги жазды. Жекшембиде документалдуу тасма орусиялык социалдык сайттарга чыкты.   Тасмада президент Путин журналист Андрей Кондрашовго 2014-жылдын 7-февралында Сочидеги кышкы Олимпиада жуп ачылар алдында коопсуздук кызматынын офицери телефон чалганын баяндайт. Президентке... Читать дальше...

Сапар Исаков бир нече министрге катуу сөгүш жарыялады

Azattyk.org 

Өкмөт башчынын буйругу менен финансы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү берилди. Ал эми экономика министри Артем Новиковго, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге, айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамовго жана Архитектура, курулуш жана турак-жай... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *