Бараандуу саясат таануучу жана тарыхчынын алтымышынчы белеси
Кыргызстандагы таанымал саясат таануучу жана тарыхчы илимпоз, саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз.
Кыргызстандагы таанымал саясат таануучу жана тарыхчы илимпоз, саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз.
Киев соту 9-мартта "Офицерлер корпусу" деп аталган туткундарды бошотуу борборунун башчысы Владимир Рубанды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Судья Евгений Мартынов "Рубан жикчилдердин лидери Захарченко менен жакшы алакада болуп, Украина президенти Петро Порошенкону, ички иштер министри Арсен Аваковду өлтүрүүнү көздөгөн деп шектелүүдө" деп билдирди. Документке ылайык, Рубан ошондой эле Жогорку Радага, президенттин администрациясына жана өкмөттүк имараттарга чабуул уюштурууну көздөгөн деп шектелип жатат. Читать дальше...
Сириянын Чыгыш Гута аймагына гуманитардык жардамдын дагы бир бөлүгү жеткирилди. Бул тууралуу Эл аралык Кызыл чырым уюму билдирди. Азык-түлүк жүктөлгөн 13 машина камоодогу чөлкөмгө аткылашуудан улам пландалгандай кечээ жете алган эмес. Эки жумадан бери Сирия армиясы козголоңчулардын колундагы анклавдын көпчүлүк аймагына улам чабуул коюп кайтарып алды. Чек арасыз дарыгерлер уюмунун маалыматы боюнча Дамасктын жака белиндеги бул райондо ошондон бери бир миңден көп киши каза тапты. Гутадагы 400 миңге чукул киши медициналык жардамсыз... Читать дальше...
Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Паралимпиада оюндары ачылды. Бул оюндарда алты спорттун түрү боюнча 80 комплект медал ойнотулат. 18-мартка чейин улана турган мелдештерде жалпысынан 48 мамлекеттен 567 спортчу катышат. Алардын арасында Орусиянын атлеттери да бар. Бул ирет аларга бейтарап туунун алдында катышууга уруксат берилди. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы оюндарга орус курама командасы кызытма чуусунан улам толугу менен катышпай калган. Февраль айында өткөн кышкы олимп оюндарынан айырмаланып... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп май айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга макул болду. Бул тууралуу Трамп менен Ак үйдө кездешкен Түштүк Кореянын жогорку расмий өкүлү жарыялады. Мындай чечимди Кытай менен Орусия кубаттап чыкты.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Тажикстанга "тарыхый" мамлекеттик визити башталды. АКШнын президенти Дональд Трамп май айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушууга макул болду.
Мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында курула баштаган көп кабаттуу турак жайдын бир чарчы метрин 570 доллардан баалаганы талкууга түштү.
Караколдо шаардык кеңеш менен шаар башчынын ортосунда пикир келишпестик болуп жатат.
Нарындын Кочкор районундагы Сары-Булак айылы балык сатып, үй-бүлө багат. Айылда дыйканчылык кылууга жер жок. Мындан улам жалгыз киреше булагы – балык. Бул жайда илгертен Соң-Көлдүн балыгы сатылгандыктан, жайы-кышы киши үзүлбөйт.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик иш сапары 9-мартта эртең менен башталды.
Кошмо Штаттар пакистандык талибдердин лидери Молдо Фазулланын кайда экенине багыт берген маалымат үчүн миллиондогон доллар сыйлык жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент 8-мартта жарыялады. Мекеменин расмий сайтына чыккан маалыматка ылайык, "Техрик-и-Талибан Пакистан" кыймылынын лидери Молдо Фазулла тууралуу маалымат үчүн 5 миллион доллар коюлган. Ошондой эле үч миллион көлөмүндөгү сыйлык "Техрик-и-Талибан Пакистан" кыймылына байланышы бар "Жамаат аль-Ахрар" экстремисттик тобунун согушкери... Читать дальше...
Интернетке көчкөн сойкулук Бишкектин көчөлөрүндө байыркы кесип менен жан баккан кыздардын соодасы солгундай түштү. Интернеттеги онлайн секс индутриясы сойкулардын ишмердүүлүгүнө атаандаштыкты жаратып, денесин саткандардын нанын талашууда.
Бишкек шаарында 10-11-март күндөрү роботтор фестивалы өтөт. "RobotoFest" деп аталган иш-чарага 95 командадагы мектеп окуучулары катышат. Балдар өздөрү даярдаган эки жүзгө жакын роботту түрдүү таймаштарда сынашат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Ислам Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Катышуучулар онлайн каттоодон өтүп, өзү тууралуу маалымат калтырган. Алардын арасында Кыргызстандын бардык аймактарынан окуучулар бар. "Сапат" билим... Читать дальше...
Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Азатбек Исаков айылына бут кийим чыгаруучу кичи цех ачып, он чакты айылдашын жумуш менен камсыз кылды. Алар цехте жасалган өндүрүмүн жакында сатыкка чыгарганы турат.
Соңку он жылда дүйнөдө жашы жете электе никеге тургандардын саны кыскарды. Эрте куракта турмушка чыккан аялдардын үлүшү 15 пайызга – 25 миллионго азайды. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин жаңы баяндамасында айтылат. "Мындай жетишкендиктерге карабастан, жыл сайын дүйнөдө 12 миллион секелек турмушка чыгат" деп белгилейт ЮНИСЕФ. Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7% 18 жашка толо электе турмушка чыгышары белгиленет, бирок канча пайызга азайганы тууралуу маалымат берилген эмес. ЮНИСЕФтин баяндамасында... Читать дальше...
Өзбекстан Тажикстан менен соодасын 500 млн. долларга жеткиргиси келет. Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүгө келгенде акырындап бардык тараптар боюнча мамилесин оңдой турганын айтты. Каримовдун тушунда катташпай калган эки өлкө эми "стратегиялык өнөктөш бололу" деп жатат.
АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы жетекчиси Пол Манафорт 8-мартта өткөн сот жыйынында атайын прокурор Роберт Мюллердин ага таккан айыптарынын баарын четке какты. Атайын прокурордун кеңсеси билдиргендей, Манафортко федералдык чоң жюри "АКШга каршы кутум кылган, жалган билдирүү жасаган, акчаны адалдоо максатында кутумга барган, чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат берген эмес" деген айып койгон. Манафорт анын шайлоого чейинки ишмердигине байланыштуу айып тагуу туура... Читать дальше...
Чехиянын президенти Милош Земан 8-мартта экинчи мөөнөткө киришип жатып ант берди. Мамлекет башчы кайрадан коомдук телерадиокомпанияга, бир катар башка маалымат каражаттарына, саясий опоненттеринин дарегине катуу сын айтты. Земан сөз сүйлөп жатканда айрым саясатчылар менен депутаттар нааразылык иретинде залдан чыгып кетишти. "Ушундай тарыхый жерде, ант берүү салтанатында да мамлекеттик деңгээлдеги билдирүү жасоонун ордуна ал башкача көз караштагыларга, медиа менен журналисттерге чабуул койгону өкүнүчтүү"... Читать дальше...
Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд 9-мартта Орусиянын мурдагы чалгынчысы Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия ууланган жерге барды. Окуя 4-мартта Солсбери шаарындагы соода борбордун жанында болгон. Бир күн мурда министр Эмбер Радд Скрипал менен анын кызынын нервге таасир тийгизчү белгисиз зат менен өлкө аймагында ууланышын "үрөй учуруучу жана акылга сыйбаган кылмыш" деп атаган эле. Жергиликтүү полиция бул окуядан кийин шаардык ооруканага медициналык жардам үчүн 20дай жергиликтүү тургун кайрылганын билдирди. Читать дальше...
Кыргызстандык эки спортчу "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (United World Wrestling) уюмунун март айындагы рейтингинде башкы сапка чыгышты. Алар Каныбек Жолчубеков жана Урмат Аматов. Мындай маалымат биримдиктин расмий сайтына жарыяланды. Каныбек Жолчубеков 60 кг чейин, Урмат Аматов 63 кг чейин салмакта алдыда баратышат. 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон Акжол Махмудов 72 кг салмакка чейинкилердин арасында экинчи орунда турат. Рейтингде... Читать дальше...
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажы жана салык тармагындагы жемкордук схемаларынан улам жети кишини камакка алды. Алар атайын коррупциялык схема ойлоп таап, анын кесепетинен өлкө бюджети 200 миллион сомдон ашык зыян тартканы кабарланууда. Өкмөт буга чейин бажыдагы коррупция менен аткезчиликти азайтууга убада берген эле. Өлкөдө жемкордук жайылган тармак болуп саналган бажыдагы коррупция менен аткезчиликке карата чечкиндүү чара көрүлүп жатабы?
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстандагы мамлекеттик иш сапары 9-мартта эртең менен башталды. Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда өзбек лидерин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон башында турган расмий адамдар тосуп алышты. Эки күнгө созулган иш сапарынын алкагында тараптар 20дан ашуун документтерге кол коюшаарын өзбек президентинин администрациясы билдирди. Алардын арасында өзбек-тажик чек арасынын айрым бөлүктөрү тууралуу да келишим бар. Андан сырткары лидерлер аймактагы жана эл аралык маселелерди талкуулашат. Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулда жанкечтинин жардыруусу кеминде жети кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны ондон ашканын кабарлады. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими өлгөндөрдүн арасында полициянын бир кызматкери бар экенин билдирди. Анын айтымында, окуя 9-мартта шаардын негизинен шииттер отурукташкан аймагында, шиит хазарлардын лидери Абдул Али Мазаринин өлгөн күнүнө арналган иш-чарада болду. Андан мурда, жумага караган түнү өлкөнүн... Читать дальше...
10-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолго муз тоңот. Түштүктөн шамал согуп, ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абаны температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20, Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13, Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...