АКШ генералы: Орусиянын Балкан аймагына кийлигишүүсү күчөдү
АКШнын Европадагы күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Кёртис Скапаротти мындай билдирүүнү 8-мартта Сенаттын комитетинде сүйлөгөн учурунда жасады. Анын эскертүүсүнө караганда, Балкан чөлкөмүндөгү мамлекеттер Орусиянын кысым -басымына жашыруун да, ачык дагы кабылып жатат. Андыктан, Вашингтон жана НАТО аймактын дестабилдешүүсүнө жол бербеш үчүн көбүрөөк иш жасоосу керек. “Бул чөлкөм биз келечекте көйгөйгө кабылышыбыз мүмкүн аймак”,- деди америкалык генерал. Балкан аймагынын эң кичинекей өлкөсү - Черногория былтыр НАТОнун 29-мүчөсү болгон.