Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2018

Новости за 01.05.2018

Пашинян элди бийликке баш ийбөөчүлүк акциясына чакырды

Azattyk.org 

Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбөөчүлүк акциясын баштоого чакырды.   "Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба бекеттерди, мамлекеттер жана аймактар аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди бөгөттөө башталышы керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды. Читать дальше...

Пашинян элди бийликке баш ийбестик акциясына чакырды

Azattyk.org 

Армян оппозициясынын лидери, парламент депутаты Никол Пашинян 1-майда өкмөт башчылыкка шайланбай калгандан кийин кечинде аянттагы элге келип, сөз сүйлөдү. Ал өлкө жарандарын бийликке жапырт баш ийбестик акциясын баштоого чакырды. "Эртең саат 8:15тен баштап жапырт иш таштоо, жолдорду, метролорду, аба майдандарын, мамлекеттер жана аймак аралык жолдорду, дегеле тосууга мүмкүн болгон бардык жерди тосо башташ керек", деген оппозиция лидери элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырды. Читать дальше...

Армения: премьерликке сунушталган Пашинян жетиштүү добуш ала алган жок

Azattyk.org 

Оппозиция лидери, өлкөдөгү 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат Никол Пашинянга жыйынга катышкан 45 депутат "ооба", 55 депутат "каршы" добуш берди. Бүгүн парламент жыйынына 102 депутат катышып жатканы айтылган.  Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу. 1-майда Армения парламенти – Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар... Читать дальше...

Армения: премьерликке сунушталган Никол Пашинян жетиштүү добуш ала алган жок

Azattyk.org 

Оппозиция лидери, өлкөдөгү 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат Никол Пашинянга жыйынга катышкан 45 депутат "ооба", 55 депутат "каршы" добуш берди. Бүгүн парламент жыйынына 102 депутат катышып жатканы айтылган.  Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу. 1-майда Армения парламенти – Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болду. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар... Читать дальше...

ЖМК: Германия согушкерлердин балдарын алып келет

Azattyk.org 

Немис өкмөтүнүн Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун жактоочуларынын балдарын алып келүү ниети бар. Бул тууралуу Bild am Sonntag гезити Ички иштер министрлигинин буйругуна таянып жазып чыкты. Балдар алынып келинип, “дерадикализациядан” өткөндөн кийин туугандарынын же социалдык мекемелердин кароосуна берилет.    Гезиттин маалыматында Сириянын жана Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында немистердин паспортуна ээ кеминде 270 балалуу аял бар. «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму... Читать дальше...

Швецияда теракт жасамакчы болгон деген өзбекстандыктар кармалды

Azattyk.org 

Армения парламенти өкмөт башчысын тандоодо. Ирандын өзөктүк курал чыгарууга умтулганы тууралуу Израил көрсөткөн документтерди АКШ кубаттаcа, Европа өлкөлөрү алардын маанилүүлүгүнөн күмөн санайт. Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулуп, анын Бишкекте өтүүчү кийинки жыйынына катышуу ниетин билдирди.

Армения жаңы премьерин шайлап жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Армениянын парламенти оппозиция лидери, өлкөдөгү 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат Никол Пашиняндын өкмөт башчылыкка талапкерлигин карап жатат. Ал премьер-министрликке сунушталган жалгыз талапкер. Пашинян парламентте өз программасы менен тааныштырып, суроолорго жооп берди. Парламентте көпчүлүктү түзгөн Республикалык партия Пашинянды колдоор-колдобосу белгисиз болууда.



Түркмөнстан: кыздар чыпташкан көйнөк кийбесин

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Өзбекстанда расмий сапарда болду. "Согуш болбойт, тынчтыктын жаңы доору башталат!" – Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин саммити өттү. Украинада кызылча оорусуна чалдыккан алты бала чарчап калды. Түркмөнстанда кыз-келиндерге денеге чыпташкан көйнөк кийүүгө тыюу салынды. Иракта согушкерлерге жасалган чабуулдан кийин томолой жетим калган тажик кызы Марьям үйүнө кайтты. Грузиялык ишкер учактын ичинде бала бакча ачты.

Баткендин жана Оштун айылдарында жумуртка кагыштыруу оюну өттү

Azattyk.org 

Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда бир катар айылдарда 1-май эмгекчилердин майрамына карата жумуртка кагыштыруу оюну өттү. Бул тууралуу аталган райондордун жергиликтүү бийликтери кабарлашты. Айыл округдарда катышкан бул таймашка жер-жерлерде жүздөгөн кишилер, балдар жана аялдар катышты. Алар үйлөрүнөн бышырып, ар кандай түстөргө боёп келген жумурткаларын башкалардын жумурткалары менен уруштурат. Кимдин жумурткасы эки тарабынан тең сынып калса... Читать дальше...

ЖЭБ: депкомиссиянын талаштуу тыянагы

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган насыянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады.

"Kazakh TV" кыргызча берүүлөрүн көрсөтө баштады (видео)

Azattyk.org 

1-майдан тарта Казакстандын "Kazakh TV" телеканалынын санариптик добуш жолчосуна кыргыз тили да кошулду. Бул тууралуу аталган телеканалдан “Азаттыкка” билдиришти. Ага ылайык, эми канал спутниктен эфир кетип жаткан убакта мултмедиалык пультта көрсөтүүлөрдүн төрт тилдеги чыгарылышы тең бирдей тизилип турат. Көрүүчүлөр программалардын казакча, орусча, англисче же кыргызча версияларынын каалаганын түз эфир учурунда тандап көрө берет. Ал эми телеканалдын www.kazakh-tv.kz сайтына жана Youtube  баракчасына берүү ар бир тилде өзүнчө жарыяланып турат.

Ош шаарында  "Шайыр апалар” фестивалынын гала концерти өтүп жатат

Azattyk.org 

Фестивалдын жыйынтыктоочу концертине жети облустан 500дөй энелер катышууда. Алар улуттук  ыр-бийлерди жана башка түрдүү өнөрлөрүн тартуулашууда. Бул тууралуу концертти уюштуруп жаткан Оштогу шайыр апалар тобунан кабарлашты. 50 жаштан 80 жашка чейинки таланттуу апалар ар бир аймактан сынакка катышып, утуп, жеңүүчү болуп келишкен. Ушул эле фестивалдын алкагында Коомдук биринчи каналдын “Маданият” каналы телефестивал тартып жатат. Телеканалдын редактору Назира Аалы кызы билдиргендей, саамалык энелердин башын бириктирүү... Читать дальше...

Тегеран: Нетаньяхунун айтканы - “суу кечпеген калп”

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун "Тегерандын өзөктүк курал программасынын жашыруун планы бар" деп айтканын Иран “уяты жок калпычынын сөзү” деп айыптады. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Гасеми 1-майдагы өз билдирүүсүндө Израилдин "Тегеран өзөктүк курал жасоо дымагынан кайткан эмес" деп айыптаганын “суу кечпеген калп” деп баалады. Ал Израилдин өкмөт башчысын “калптан башка айта турган эч нерсеси жок" деп күнөөлөдү.    Премьер-министри Нетаньяху 30-апрелде Тель-Авивде басма сөз жыйынын өткөрүп... Читать дальше...

2-майга карата аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

"Кыргыз гидромет" мекемеси билдиргендей, 1-майда башталган туруксуз аба ырайы 2-майда да уланат. 2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Кар күрткү түшүү коркунучу бар. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Читать дальше...

Токмоктон качкандар токойдон кармалды

Azattyk.org 

1-май күнү эртең менен ИИМдин Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен, кылмышка шектүү үч улан шаардын четиндеги токойдон кармалды.

Убактылуу кармоочу жайдан качкандар кармалды

Azattyk.org 

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үч шектүү кайрадан колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева “Азаттыкка” билдирди.  Качкандар Токмок шаарынын жакасындагы токойлордун биринен кармалган.  Шектүүлөр бүгүн эртең менен саат 07:00дөрдө качып кеткен болчу. Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамы дароо эле издөө иштерин баштаган. ИИМ алардын аты-жөнүн жана сүрөтүн Интернетке чыгарып, издөө жарыялаган. Читать дальше...

Депутат Токторов: ЖЭБ боюнча тыянак айыптууларды актагандай болуп калды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоону жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөсү Алмазбек Токторов комиссиянын акыркы корутундусу менен макул болбой, документке кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу депутат өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссиянын тыянагы ЖЭБдеги кырдаалга айыптуу жетекчилерди актагандай болуп калган: - Биз документтин ар бир үтүр, чекитин коюп атканда макулдашуу кылганбыз да. Анан карап көрсөм, тыянак кайра жетекчилерди актагандай болуп калыптыр.

АКШ Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Ооганстанда журналисттердин өлтүрүлүшүн айыптады. Вашингтон жоочулар “демократиянын өзөгүнө” кол салуу менен парламенттик шайлоону "үзгүлтүккө учураткысы келет" деп билдирди. Мамлекеттик катчы Майк Помпео Кабулда дүйшөмбүдө болгон кош жардырууну "жапайычылык жана маанисиз аракет" деп атады. "Ислам мамлекети" радикал уюму уюштурган теракттан 25 киши, анын ичинде тогуз журналист курман болгон. Алардын экөө Абдулла Хананзай менен Сабавун "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кабулдагы бюросунда иштечү. Читать дальше...

Израил менен Ирандын айтышы күчөдү

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк курал чыгарууга умтулганы тууралуу Израил көрсөткөн документтерди АКШ кубаттаcа, Европа өлкөлөрү алардын маанилүү экенинен күмөн санашты. Иран болсо Израил эски айыптоолорун кайталап жатат дейт.

Кытайлар Айда гүл өстүрөт

Azattyk.org 

Айда картөшкө айдалып, жибек курт багылат. Египетте Рим императору Марк Аврелийдин бюсту табылды. Дарактарды түнкүсүн сөңгөгүндөгү суу терметип турат.

Кытайлар Айда багбанчылык кылат

Azattyk.org 

Айда картөшкө айдалып, жибек курт багылат. Египетте Рим императору Марк Аврелийдин бюсту табылды. Дарактарды түнкүсүн сөңгөгүндөгү суу термелтип турат.

Эки Корея бирдей саат тилкесине өтөт

Azattyk.org 

Түндүк Корея Түштүк Корея менен бирдей саат тилкесине өтүүдө. 5-майда сааттын жебеси 30 мүнөт артка жылдырылат. Бул - эки коңшунун жакындашуусунун дагы бир белгиси болуп калмакчы. Кечээ Пхеньян өзүнүн саат зонасынан баш тартаарын жарыялады. Мамлекеттик телеканалдын диктору “Урматтуу жогорку лидер эки Кореянын саммити маалында эки башка саат көрсөтүлүп жатканын көрүп, абдан капаланып, бир алкакка өтүүнү сунуш кылды” деп билдирди.  Түндүк Корея 2015-жылы “жапон оторчулугунун мурасынан арылуу үчүн” өзүнүн саат тилкесин киргизген. Читать дальше...

Швецияда теракт пландоого шектүү өзбекстандыктар кармалды

Azattyk.org 

30-апрелдин таңында Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (Säpo) баш калаа Стокгольмдун түндүгүндө атайын операция жүргүзүп, анда үч адам кармалып, дагы бир нече киши суракка алынганын мекеменин басма сөз катчысы Карл Мелин «Азаттыктын» өзбек кызматына билдирди.  Атайын операцияны жүргүзүүгө түздөн-түз тиешеси бар швед бийлигинин өкүлүнүн "Азаттыкка» билдиргенине караганда, кармалган үч киши өзбекстандыктар жана алар Стокгольмдун түндүгүндөгү Акалла районунда турушкан. «Алар Рахмат Акилов... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *