Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2018

Новости за 28.05.2018

Кемерово: өрт кырсыгына байланыштуу ӨКМдин облустагы жетекчиси камалды

Azattyk.org 

Сот Кемеров облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Александр Мамонтовду "Зимняя вишня" соода борборундагы 60 адам каза тапкан өрт кырсыгына байланыштуу эки айга камады. Ошондой эле ӨКМдин Кемерово шаарынын көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Григорий Терентьевди да эки айга камоо чечими чыкты. Мамонтов менен Терентьев окуядан кийин эки айдан соң, 25-майда кармалган. “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттүн чыгышына күнөөлүү деп кармалгандардын жалпы саны ушуну менен 10 кишиге жетти.  Тергөөнүн материалдарына караганда... Читать дальше...

Сирияда каза тапкан дагы бир орусиялык жоокердин аты аталды

Azattyk.org 

"Conflict Intelligence Team" иликтөө тобу 23-майда Сириядагы атышууда көз жумган дагы бир орусиялык жарандын ысымы белгилүү болгонун маалымдады. Алардын маалыматына караганда, Александр Филимоновду кошкондо Дэйр-эз-Зордогу уруштарда кеминде алты орусиялык  көз жумган. Буга чейин Сирияда Вячеслав Кравченко, Дмитрий Вершинин, Сергей Елин, Игорь Михайлов жана Кирилл Полищук каза тапканы айтылган. Расмий маалымат боюнча 23-майда Сирияда төрт аскер мерт кеткен. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги алардын аттарын атаган эмес. Читать дальше...

Данисте: Жоктон жомок жараткандар

Azattyk.org 

Баткендеги темирге жан салган уста. Нарында окуучуларды китепке кызыктырган активист. Бишкектин четинде жупуну батирде комуз чапкан ата жана башка баяндар бүгүнкү “Данисте” видео топтомуна кирди.

Абакиров: Карызды салык менен жапсак болот

Azattyk.org 

Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын абалы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы чатактын Кытай инвестициясына таасири, Евразия Экономикалык Биримдигинин Кыргызстанга пайда-зыяны тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Алматы соту көз карандысыз "Ratel.kz" сайтын жапты

Azattyk.org 

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун судьясы Гулмира Бейсенова 28-майда шаардык прокуратуранын "Ratel.kz" сайтынын баш редакторунун үстүнөн жазган арызын канааттандырды. - "Ratel.kz" аналитикалык интернет-порталынын кызматы токтотулсун, анын каттоосу жоюлсун жана анын домендерин колдонууга бир жылга тыюу салынсын, - деди судья Гүлмира Бейсенова. Сот чечиминде дагы бир канча интернет сайтка "Ratel.kz" сайтынын материалдарын жарыялоого тыюу салынды. "Ratel.kz" сайты жана анын редактору Марат... Читать дальше...

Германияда улутчулдар азчылыкта калды

Azattyk.org 

Германиянын ашкере оңчулдары 27-май күнү Берлинде жөө жүрүш уюштурду. Ага 5 миңдей адам катышкан. Ал эми Германиянын полициясынын маалыматына караганда, улутчулдардын бул жөө жүрүшүнө каршы уюштурулган антимитингге чыккандардын саны 20 миңге жетти.

Якутиянын башчысы кызматынан кетти

Azattyk.org 

Ыраакы Чыгыштагы Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Егор Борисов кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын 28-майда билдирди. Ал муну "бардык деңгээлде ротация жүрүшү керек" деп түшүндүрдү. 63 жаштагы Борисов Владимир Путин жаңы мөөнөткө президент болуп шайлангандан кийин "аймак да жаңы лидерге муктаж болуп турат" деди. Егор Борисовдун улуту якут, ал Саха Республикасынын башчысы болуп 2014-жылы шайланган. Анын кызмат мөөнөтү 2019-жылы аяктамак. 18-марттагы президенттик шайлоодо Путин кайрадан мамлекет башчы болуп шайланган. Читать дальше...



Түндүк Кипрде комада жаткан кыргызстандык жигит көз жумду

Azattyk.org 

Гирне шаарындагы "Доктор Акчичек" ооруканасында комада жаткан кыргызстандык жаран 27-майда көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.   24-майда Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы "Тез жардам" бөлүмүнө "көп кабаттуу үйдөн кулады" деген себеп менен кыргызстандык жигит жеткирилген. Кийинчерээк шаардагы "Доктор Акчичек" ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдаверди "Азаттыкка" 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеп, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөнүн... Читать дальше...

Москва: Прокурор украин журналистин 14 жылга соттоону өтүндү

Azattyk.org 

Москва шаардык сотунда прокурор 2016-жылы тыңчылыкка байланыштуу айыпталып кармалган украин журналисти Роман Сущенкону 14 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин билдирди. Москва шаардык сотунда дүйшөмбү күнү тараптардын жарыш сөзү башталды. Өкүм июнь айында чыгышы мүмкүн. Адвокат Сущенкону жакында Киевде кармалган "РИА Новости Украина" агенттигинин редактору Кирилл Вышинскийге алмаштыруу мүмкүн экенин четке каккан жок. Киев орусиялык мамлекеттик «РИА Новости» агенттигинин... Читать дальше...

Каарман мигрантты президент кабыл алды

Azattyk.org 

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин болочок жолугушуусуна кайрадан даярдык көрүлө баштады. Германияда мигранттар менен мусулмандарга каршы демонстранттар көчөгө чыгышты. Ошол эле маалда улутчулдардын өздөрүнө каршы да жүрүш өттү. Африкалык мигрант Франциянын каарманына айланды. Көп кабаттуу үйдөн кулаганы калган баланы аман-эсен куткарган Мамудду дүйшөмбүдө өлкө президенти да кабыл алды.

Ырыскысын тойдон тапкандар

Azattyk.org 

Адамдын жашоосундагы маанилүү күндөрдүн бири болгон үйлөнүү тойду өткөрүү Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Келиндин көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун табышты.

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камакка алынды (видео)

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди. Нурбек Айбашев 25-майда ушул кызмат тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөө... Читать дальше...

Алгачкы министр аял - Фатима эже

Azattyk.org 

Кыргыз Совет Энциклопедиясында иштеп калып, авторлорду издеп, үйлөрүнө барып жүрүп же редакцияга кирип келген атактуу кыргыз легендаларын, көптөгөн илимпоздорун көрүп, аптыгып калчу элем. Бүгүн ошолордун бири жөнүндө сөз болмокчу.

АКШ-Түндүк Корея: саммитке кызуу даярдык

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея алардын “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитине даярдык көрүүгө кайра киришти. Бул үчүн Вашингтондон расмий өкүлдөр тобу Түндүк Кореяга да барган. Ал арада ушул дем алыш күндөрү Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери чек арада экинчи ирет жолугушту.

"KAZ Minerals Bozymchak" эки жылдык салыкты төлөп берди

Azattyk.org 

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев кармалып, бошотулганы, тергөө уланып жатканы расмий бышыкталды. Ишкана 2014-2016-жылга карата 55 миллион сомдон ашуун салыкты төлөп берди.  Учурда Тулекеев Кыргызстанда экенин "KAZ Minerals Bozymchak" ишканасынын басма сөз катчысы Елена Трегубова билдирген.  Тулекеев 26-майда "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына камалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кабарлагандай,  ал "салыкты жаап-жашырган" деп шек саналып, ошол күнү айып тагылган. Читать дальше...

Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагын туздуу бороон каптады

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Дашогуз жана Лебап аймактарын кум аралаш туздуу бороон каптады. Катуу шамал Өзбекстандын Арал деңизине жакын жерден, Каракалпакстандын аймагынан башталганы кабарланууда. Өзбекстандын Хорезм, Бухара жана Навои облустарында да ушундай бороон көтөрүлгөн. Бул облустар Түркмөнстандын Лебап облусу менен чектешет. Кум, туз аралаш бороон каптаган Түркмөнстандын дагы бир облусу - Дашогуз экологиялык шарттары оор аймак катары белгилүү. Арал деңизинин кургап калышынын ириде ушул аймакка кесепети көп тийген. Читать дальше...

Астана Кытайда кармалган казактарды бошотууну суранды

Azattyk.org 

Казакстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин консулдук департаменттеринин башчылары Кытайдан Казакстанга келип, жарандык алган казактардын маселесин талкуулады. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кабарына караганда, өткөн аптада Бээжинде болгон жолугушууда тараптар “карым-катнаштын негизги маселелери жана эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо” тууралуу сүйлөшүү өткөргөн. Астанадан барган делегация Кытайдан Казакстанга көчүп келип, жарандык алган казактардын маселесин көтөргөн. Читать дальше...

Ооганстан: шайлоо борборунун кызматкерин өлтүрүп кетишти

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында шайлоочуларды каттоо борборунун кызматкерин белгисиз согушкерлер өлтүрүп кеткен. Провинциянын полиция башчысынын басма сөз катчысы Чишти Шарифтин айтымында, кол салуу 27-май күнү кечинде болгон. Акыркы кол салуу үчүн бир да топ жоопкерчилик ала элек. Буга чейин "Талибан" кыймылы кол салууларын күчөткөнүн жана жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялаган. Ооганстанда парламенттик шайлоо октябрь айында өтөт. Шайлоочуларды каттаган борборлор да согушкердин бутасына алынууда. Читать дальше...

Түндүк Курилде иш таштаган кыргызстандыктардын көбү башка шаарга кетет

Azattyk.org 

Орусиянын Түндүк Курил шаарында маянага байланыштуу иш таштаган кыргызстандыктардын арасынан 24 киши мындан ары Петропавловск-Камчатский шаарында жумуш кылмак болушту. Аларды жергиликтүү бийлик 29-май күнү Түндүк-Курил-Петропавловск-Камчатский багытындагы тик учмада жеткирет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.  Түндүк Курилде курулушта иштеген кыргызстандыктар маяна берилбей жатканына нааразы болуп, 19-майда иш ташташкан. Алар 45 киши экени айтылган.  ... Читать дальше...

Жемилев: Орусия Крымга миллион кишини отурукташтырды

Azattyk.org 

Крым татарларынын жетекчиси жана Крым татарларынын иши боюнча украин президенти Петро Порошенконун атайын өкүлү Мустафа Жемилев Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралына бир миллионго жакын адамды жайгаштырганын кабарлады. Жемилев "Укринформ" агенттиги менен болгон маегинде Москва 2014-жылы басып алган Крымга Орусиянын ар кайсы аймагынан келген адамдарды отурукташтырганын айтты. “Бул аскердик сыр болуп эсептелет. Анткени алар мунун кылмыш экенин билет”, деди Жемилев. Анын эсебинде, соңку төрт... Читать дальше...

Чүйдөгү №16 колонияда үч киши оозун тигип алганы кабарланды

Azattyk.org 

Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алганын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, аталган институтка абактагылардын жакындары кайрылып, алардын абалына көңүл бөлүүнү өтүнүшкөн. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камакта отургандар менен жеринде сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Алар толук маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин берилээрин айтышты.   №16 колонияда жолугушуу өтүп жатканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да "Азаттыкка" ырастады. Читать дальше...

Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин жетекчиси иштен кетти

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Эсенкул Момункулов кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты Момункулов өзү “Азаттыкка” ырастады.  Иштен кетүүнүн себебин ал өзүнүн жеке чечими менен түшүндүрдү. Момункулов ошондой эле кызматтан кетүү тууралуу арызына өкмөт башчы кол койгонун, ал маалымат эмне себептен жарыяланбай жатканынан кабары жоктугун да ырастады. Эсенкул Момункулов аталган кызматка былтыр 16-ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков буйругу менен дайындалган. Читать дальше...

Сергей Собянин Москванын мэринин шайлоосуна дагы катышат

Azattyk.org 

Москванын мэри Сергей Собянин 9-сентябрда өтө турган шайлоого катышат. Орусиянын баш калаасын 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан Собянин бул тууралуу 27-майда расмий сайтында жарыялады. Анда Собянин өз администрациясынын “иштери толук аяктай электигин, ошентсе да, пландалган жумуштун эң кыйыны жана оору артта калганын” белгилеген. Оппозициялык саясатчы Илья Яшин 11-апрель күнү мэр шайлоого катышарын маалымдаган. Анын талапкерлигин оппозиция лидери, жемкорлукка каршы активист Алексей Навальный да колдогон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *