Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2018

Новости за 14.05.2018

Кыргыз кыздарын Түркияга түрткөн турмуш

Azattyk.org 

Кийинки жылдары Түркия кыргызстандык эмгек мигранттары көп каттаган өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул өлкөгө иштегени агылган кыргызстандык кыз-келиндер кандай даярдык менен барат жана аларды кандай кооптуу жагдайлар күтөт?

Европа Биримдиги Крымда шайлоо өткөргөндөргө санкция салды

Azattyk.org 

Санкциялык тизмеге киргизилген адамдардын аты-жөнү Европа Кеңешинин сайтына жарыяланды. Ага Крымдын жана Севастаполдун шайлоо комиссияларынын жетекчилери кошулган. Ал эми Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузган деген себеп менен Еврошаркеттин “кара тизмесинде” учурда орусиялык 155 адам жана 40 компания бар. Украин президенти Петро Порошенко санкциялык тизме ал Франция президенти жана Германия канцлери менен жакында жолугушкандан кийин кеңейтилгенин билдирди. Украинанын прокуратурасы Крымда добуш... Читать дальше...

Топ тээп бугун чыгарган жеңелер

Azattyk.org 

Өнөрү менен өкүттү жеңген каракөлдүк мугалим. Футбол ойноп эс алган баткендик кыз-келиндер. Чүйдө элден арзан алынып, дүкөндө кымбат сатылган сүт. Орусияга барып сатирасы менен атагы чыккан бишкектик келин. Жол кырсыгына каршы жаңы технология сунуштаган окуучулар. Кыргызстандык еврейлер. Ушул темаларды бул жолу “Данисте” берүүсүнө топтодук.

Каталонияда аймактык өкмөттүн жаңы башчысы шайланды

Azattyk.org 

Каталонияда аймактык өкмөттүн башчысы болуп Жоаким Торра шайланды. Испаниялык "El Pais" гезитинин маалыматы боюнча, Торранын талапкерлигин 66 депутат колдоп, 65и каршы чыккан. Төрт депутат арсар пикирин билдирген. Торра каталон парламентинин депутаты болуп былтыр декабрда өткөн кезексиз шайлоодо келген. "El Pais" Торра учурда эч бир партияга мүчө эмес экенин, бирок Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемондун досу экенин жазды. Шайлоодо болсо ал Пучдемон жетектеген “Каталония үчүн бирге” деген партиянын тизмесинде болгон. Читать дальше...

Орусиянын маданият ишмерлери укук коргоочу Оюб Титиевге байланыштуу президентке кайрылды

Azattyk.org 

Журналисттер, маданият өкүлдөрү жана илимпоздор Орусия президенти Владимир Путинге "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Оюб Титиевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу кат менен кайрылышты. Бул тууралуу укук коргоо борборунан маалымдашты. Катка кол койгондор ишти федералдык деңгээлде кароону жана "Мемориалдын" артынан сая түшүүнү токтотууну талап кылышкан.  Катка 60 адам кол койгон. Арасында актриса Лия Ахеджакова, жазуучу Дмитрий Быков, Москванын муфтийи Илдар Аляутдинов... Читать дальше...

Грузин полициясы жаштардан кечирим сурады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар бүгүн Тел-Авивдеги элчилигин Иерусалимге расмий көчүрдү. Ирактагы парламенттик шайлоодо шийит динаятчы Муктада Ас-Садрдын блогу жеңди. Грузиянын ички иштер министри Тблисидеги митинг катышуучуларына кайрылып, полициянын түнкү клубдардагы атайын операциясы үчүн кечирим сурады.

Сооронбай Жээнбеков армян премьери Никол Пашинян менен жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сочиде Армениянын жаңы шайланган премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей,  Жээнбеков жолугушууда Никол Пашинянды премьер-министрлик кызматка шайланышы менен куттуктады. Ошондой эле ал эки мамлекеттин ортосунда "достук мамиле бекемделип, өнүгөт" деген ишенээрин айтты.  Никол Пашинян Жээнбеков менен таанышканына кубанычта экенин жана куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди. Читать дальше...



Фастфуд тукум улоого жолтоо болот

Azattyk.org 

Кыңкайса да кулабаган Пиза мунарасынын “касиети”. Үч өлчөмдөгү толук голограмма - видео жыйындарды уюштуруунун жаңы формасы. Астероиддер менен Жер кагышканда суу пайда болгонбу? Фастфуд балалуу болгусу келген аялга зыян.

Жээнбеков: Орусия менен кызматташтык багытыбыз сакталат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Cочидеги Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык, ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Путин өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулаганга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи. Мындан тышкары эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканын айтып... Читать дальше...

Газадагы кагылыш, АКШ элчилигинин көчүшү

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар бүгүн Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге расмий көчүрүп жатат. Бул иш-чара Израилдин мамлекет катары түптөлгөнүнүн жетимиш жылдыгына туш келди.

Газа секторундагы кагылыштан 30дан ашык адам мерт болду

Azattyk.org 

АКШнын Иерусалимде элчилигин ачып жатканына каршы уюштурулган Газа секторундагы нааразылык акциясынын учурунда Израилдин күч түзүмдөрүнүн колунан кеминде 37 палестиналык мерт болду. Андан тышкары 500дөй адам жарадар болуп, 35ине ок тийген. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.   АКШ бүгүн, 14-майда Иерусалимде элчилигин расмий ачып жатат. “Аль-Жазира” телеканалынын маалыматы боюнча, бүгүнкү жүрүштөргө болжол менен 10 миңдей палестин катышууда. Читать дальше...

Газа секторундагы кагылыштан 40тай адам мерт болду

Azattyk.org 

АКШнын Иерусалимде элчилигин ачып жатканына каршы уюштурулган Газа секторундагы нааразылык акциясынын учурунда Израилдин күч түзүмдөрүнүн колунан кеминде 41 палестиналык мерт болду. Андан тышкары 500дөй адам жарадар болуп, 35ине ок тийген. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.   АКШ бүгүн, 14-майда Иерусалимде элчилигин расмий ачып жатат. “Аль-Жазира” телеканалынын маалыматы боюнча, бүгүнкү жүрүштөргө болжол менен 10 миңдей палестин катышууда. Читать дальше...

Жогорку сот Жакупованын коттежин сатыкка коюу боюнча ишти кайра кароого жөнөттү

Azattyk.org 

Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жукупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына 3 млн. сом өндүрүү үчүн Ысык-Көлдөгү коттежин сатуу боюнча райондук, шаардык соттун чечимин жокко чыгарды. Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, иш Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Буга процессуалдык жол-жоболор бузулганы себеп болгон.  Буга чейин Жогорку сот “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын... Читать дальше...

Газа тилкесиндеги кагылыш

Azattyk.org 

АКШнын Иерусалимде элчилигин ачып жатканына каршы уюштурулган Газа секторундагы нааразылыктар учурунда Израил күчтөрүнүн колунан кеминде 37 палестиналык мерт кетти. Андан тышкары 500дөй адам жаракат алса, 35ине ок тийген.

Майып балдарга белекке алынган чөнтөк телефондор уурдалды

Azattyk.org 

Атайын долбоордун алкагында майып балдарга арналып алынган 10 смартфон уурдалды. Бул тууралуу жарандык активст Айнагүл Абдрахманова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, ар бири 5820 сомго алынган чөнтөк телефондорду Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө машинадан уурдап кеткен. - Ошто окуган майып балдарга деп 10 телефон сатып алдым эле. Балдарды таштап коюу үчүн үйгө кирип, кайра чыкканда телефондорду таппай калдым, - деди Абдрахманова.  Жарандык активисттин айтымында... Читать дальше...

Исаков: УКМКда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча маселе көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча өзүнөн мурдагы өкмөт иштегенин кошумчалады. - Менден мурдагы өкмөт бул иштер менен алектенген. Себеби мен күзүндө келгем. Мыйзам боюнча башка нерселерди айта албайм. Бүгүн эртең менен УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин... Читать дальше...

Исаков: УКМКда ЖЭБдеги авария боюнча маселе көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык боюнча маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча өзүнөн мурдагы өкмөт иштегенин кошумчалады. - Менден мурдагы өкмөт бул иштер менен алектенген. Себеби мен күзүндө келгем. Мыйзам боюнча башка нерселерди айта албайм. Бүгүн эртең менен УКМКга кирип баратып Сапар Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин... Читать дальше...

Исаков: УКМКда ЖЭБдеги кырсык тууралуу сөз болду

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Үч сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсык тууралуу маселе көтөрүлгөнүн, бул боюнча өзүнөн мурдагы өкмөт иштегенин кошумчалады.

Кулматов: Иштен кетишим саясатка байланыштуу болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов кызматтан кетиши боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал муну саясатка байланыштырып, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешеси жок экенин айтты. - Кызматтан кетерим менен УКМКга суракка чакырылганымдын тиешеси жок. Бул жерде кичине саясатка кирип кеттик. "Калыс-Ордодогу мектеп" деп жазып жатышат. Буга эч байланыштуу эмес. 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен Кулматов азырынча эч жакка кызматка барбай турганын билдирди. Читать дальше...

Ак-Талаа: аркы өйүзгө аркан менен өткөн эл

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат – Куртка - Тоголок Молдо - Казарман айылдарын байланыштырган көпүрө чала курулган бойдон бүтпөй турат. Айылдыктар жамгыр жаап, суу киргенден бери эки жакка аркан менен өтүүгө аргасыз.

15-майга карата аба ырай тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматына караганда, ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болот. Алар бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдашты. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 17-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метри түзөт, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 20 метрге жетет. Читать дальше...

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматына караганда, ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болот. Алар бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдашты. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 17-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метри түзөт, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 20 метрге жетет. Читать дальше...

Молдокадыров: Элди түйшүккө салган көпүрө ушул айда бүтөт

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Акталчат – Куртка - Тоголок Молдо - Казарман айылдарын байланыштырчу, жарым-жартылай бүтпөй турган көпүрө ушул айдын аягында бүткөрүлүп, колдонууга берилет. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров “Азаттыкка” билдирди. Казарман – Акталчат унаа жолундагы көпүрө былтыр июнь айында "кооптуу, кулап калышы толук мүмкүн" деп бааланып, кайра оңдоодон өтмөк болгон. Бир жылга жакындап калса да курулуш иштери бүтпөй токтоп турат. Көпүрөнүн эки жагы жаңыртылып келип... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *