Пхеньян Вашингтонду сүйлөшүүнү бузганга аракет жасап жатат деп айыптады
Түндүк Корея Вашингтондун "Пхеньян сүйлөшүүгө Кошмо Штаттардын басымы алдында макул болду" деген билдирүүсү кырдаалды мурунку абалга алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы 6-майда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттарды азыркы “диалог атмосферасын” бузуу үчүн атайылап чагым жасап жатканы үчүн айыптады. - Корей жарым аралындагы кырдаал тынчтыкка жана элдешүүгө жакындап калганда Кошмо Штаттар атайылап чагып жасап жатат, - деди маалымат бөлүмүнүн өкүлү. Читать дальше...