Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2020

Новости за 01.11.2020

Президент Алиев армян күчтөрүн Тоолуу Карабактан чыгарууну талап кылды

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий Ереванды Тоолуу Карабактан армян күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырып, "эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса азери жоокерлер аягына чейин барат" деп эскертти. Бул тууралуу 1-ноябрда азери президенти жакын өнөктөшү саналган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу баштаган делегация менен жолугушуу учурунда билдирди. Алиев "Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Орусиядан аскердик жардам суроого укугу жок", деп эскертти. Расмий Баку каардуу билдирүүнү... Читать дальше...

Грузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы

Azattyk.org 

31-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил «Грузин кыялы» партиясы алдыга чыкты. Бирок оппозиция мындай жыйынтыкка макул болбой, шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө.

Беларуста оппозициянын жүрүшү кармоо менен коштолууда

Azattyk.org 

Беларустун борбору Минскиде оппозициянын "Террорго каршы жүрүшү" кармоо менен коштолууда. Түмөндөгөн адамдар Минскинин борборунан шаардын жака-белиндеги сталиндик репрессиялардын курмандыктарын эскерүү жайына айланган Куропатыны көздөй багыт алган. Акциянын катышуучулары эки топко бөлүнүп, жүрүшкө чыккан. Беларустун күч кызматкерлери бийликке каршы жүрүштүн катышуучуларынын жолун тороп, кармай баштады. Милиция кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганы кабарланды. Читать дальше...

Ысык-Көл балбандарга дем берет

Azattyk.org 

Пандемияга байланыштуу бир катар эл аралык мелдештер өтпөй, Олимпиада оюндары кийинки жылга калды. Ошентсе да күрөш боюнча курама команда машыгууларын токтоткон жок. Эл аралык күрөш федерациясы дүйнө чемпионаты 12-декабрда өтөөрүн кабарлаган. Мындан улам күрөш боюнча улуттук курама команда Ысык-Көлдө машыгып жатат.

Аймактардын алын кетирген коронавирус

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуп, соңку бир жумадан бери вирус жуктургандардын саны 500дөн түшө элек. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-ноябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 565 адамдан вирус табылды.

Коронавирустан улам Британия карантинге кайтат

Azattyk.org 

Улуу Британия Европадагы башкы өлкөлөр сыяктуу бир айлык карантин жарыялайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрда билдирди. Анын айтымында, карантин 5-ноябрда башталып, бир айга созулат. Бул учурда тургундар “өзгөчө учурда” гана үйүнүн чыгышы керек. Мындай өзгөчө учурга алгачкы зарылдыктагы тамак-аш, буюм-тайым сатып алуу, жумушка, мектепке, ооруканага баруу, көчөдө көнүгүү жасоо кирет. Мектептер, университеттер жана айрым дүкөндөр ачык болот, ал эми ресторандар жабылып, даяр тамакты алып кеткенге гана уруксат берилет.

Бишкекте Франциянын президентине каршы митинг өттү

Azattyk.org 

1-ноябрда Бишкек шаарында 500дөй киши Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акцияга чыгышты. Алар Мухаммед пайгамбарды шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну, президент Макрондун кечирим сурашын талап кылышты. Буга чейин ушул өңүттөгү акциялар Ош шаарында да өткөн.

Словакияда коронавирусту аныктоо боюнча жалпы улуттук тестирлөө өттү

Azattyk.org 

31-октябрда түшкө чейин өлкөнүн бардык аймактарында 830 миңден ашык адам тест тапшырганы кабарланган. Анын ичинен «бир пайызга жакынынан» гана вирус аныкталган. Ишембиде кечке чейин анализ тапшырчу пункттар иштеп жатты. Өлкө боюнча эки миңге жакын атайын унаа тест алуу үчүн керектүү медициналык жабдыктарды жана адистерди жеткирип турду. Словакиянын Коргоо министрлиги булам өнөктүктү өткөрүүгө 6 миңдей аскер, 5 миң полиция кызматкери, 15 миң медицина кызматкери, 4 миңден ашык ыктыярчы тартылганын билдирди. Читать дальше...



Кыргызстанда окуучулар каникулга тарашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мекемеден кабарлашкандай, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болгондуктан, 9-10-ноябрь эс алуу күндөрү деп эсептелинет. Натыйжада II чейрек 11-ноябрда башталат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер 2020-жылдын мартынан баштап карантинге жабылып, окуу аралыктан өткөрүлүп келди. 2020-2021-окуу жылы да ушундай эле тартипте уланды. Читать дальше...

Канададагы кол салуудан эки адам өлдү, беш киши жараат алды

Azattyk.org 

Канаданын Квебек шаарындагы кол салууга шектелген адам 1-ноябрда таңга жуук кармалды. 31-октябрда бычак менен кол салууда эки адам каза болуп, бешөө жараат алды. Кылмышка барган кишинин аракетинин себептери азырынча белгисиз. Кармалган адам болжол менен 25 жашта, ал текшерүү үчүн госпиталга жеткирилди. Шектүүнү кармоо иштери окуянын күбөлөрү полицияга кайрылгандан кийин башталган. Алар кылмышкер «орто кылымдагыдай кийим кийип», колунда канжарга окшогон буюм кармап жүргөнүн айтышкан. Полиция иликтөө... Читать дальше...

Беларус бийлиги чет элдик жарандарга чек арасын жапты

Azattyk.org 

Беларустун бийлиги 1-ноябрдан тартып чек ара тилкелерин чет элдик жарандар үчүн жапканын жарыялады. Расмий Минск буга коронавирус пандемиясы себеп болгонун билдирди. Бирок дипломатиялык паспорту бар жарандар жана Беларуста жашоого күбөлүк алгандар кире алышат. Беларус менен Союздук мамлекет түзүп жаткан Орусиянын жарандарына транзит үчүн гана уруксат берилди, алар Европа Биримдигинен кайтып баратып Орусияга өтүп кетсе болот. Мындан сырткары Минскидеги аэропорт аркылуу өлкөгө киргендерге да чектөө жайылтылбайт. Читать дальше...

Коэн: Кыргызстан бийлик вакуумунда жалгыз калды

Azattyk.org 

Бир катар дүйнөлүк басылмалар жана аналитикалык борборлор Кыргызстандагы соңку окуяларды талдап жатышат. Алар жаңы бийликтин кадамдарынан баштап коронавирустун жайылышына чейинки жагдайларга көңүл бурушууда.

2-ноябрга карата аба ырайы: жамгыр жаабайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 2-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 6...11, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22, Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 14...19, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2° болот. Читать дальше...

Бишкекте Франциянын президентине каршы митинг өттү (видео)

Azattyk.org 

1-ноябрда Бишкек шаарында 500дөй киши Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акцияга чыгышты. Алар Мухаммед пайгамбарды шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну талап кылышты. Акциянын уюштуруучусу, активист Абдулхамид Таштанов француз лидерин дүйнө мусулмандарынан кечирим суроого чакырды. Митингде экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да сөз сүйлөдү. Чогулгандар «Франция, исламдан колуңду тарт», «Биз карикатурага каршыбыз», «Биз исламды кемсинтүүгө жол бербейбиз»... Читать дальше...

Молдовада президенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-ноябрда Молдовада президенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө президенттигине сегиз талапкер ат салышууда. Шайлоо бюллетиндеги катар номер менен алганда Ренато Усатый («Биздин партия»), Андрей Нэстасе («Платформа DA» партиясы), Тудор Делиу (Молдавиянын либерал-демократиялык партиясы), азыркы президент Игорь Додон (көз карандысыз кандидат), Виолетта Иванова («Шор» партиясы), Майя Санду («Аракет жана тилектештик» партиясы), Октавиан Цыку («Улуттук биримдик партиясы») жана Дорин Киртоакэ («Unirea» («Бирикме») шайлоо блогу) шайлоого баратат. Читать дальше...

Францияда чиркөө кызматкерине кол салууга шектелген киши кармалды

Azattyk.org 

Франциянын Лион шаарындагы православдык грек чиркөөсүнүн жанындагы ок атууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Лиондун прокурору Николя Жаке 31-октябрдын кечинде журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, кол салуунун күбөлөрү сүрөттөгөн адамга түспөлдөш болгон адам камакка алынды. Прокурор белгилегендей, кармоо учурунда анын жанында курал болгон эмес. 31-октябрда түштөн кийин белгисиз адам чиркөө кызматкерине ок чыгарган. Эки ок тийген чиркөө кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Читать дальше...

Дин жана саясат: Убада берүү кооптуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын жаңы өкмөтү дин саясатында кайсы маселелерге көңүл бурууга тийиш? Жаңы өкмөттүн диний саясатты жүргүзүүдөгү деңгээли кандай? Абал кандай өзгөрүшү мүмкүн?

БШК президенттик шайлоону өткөрүү планын жарыялады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык планын жарыялады. БШКнын сайтында жазылгандай, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын баштапкы тизмеси жарыяланат. 18-ноябрга чейин тиешелүү добушканаларда тизмелер илинет. Шайлоочулар сайттан же такталардан өзүнүн маалыматтарын текшерип алса болот. Так эмес же ката кеткен учурда жарандар 29-декабрга чейин өз шайлоо тилкесине кайрылууга укуктуу. Мында ал «№1 форма» үлгүсүндөгү... Читать дальше...

COVID-19: Дагы беш адам каза болду, 565 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 565 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 1-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын экөө Бишкек шаарынын, экөө Баткен облусунун тургундары. Бирөө Ош облусунун жашоочусу. Жаңы учурлардын көбү Жалал-Абад облусуна (133) жана Бишкек шаарына (119) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон, айрымдарында 70-80ден катталды. Читать дальше...

Садыр Жапаров Измирдеги кырсыкка байланыштуу Түркиянын президентине көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктарына жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик сайт кабарлады. «Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине... Читать дальше...

Грузиядагы шайлоодо бийликчил партия озуп чыкты

Azattyk.org 

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыктарын жарыялады. Комиссиянын өкүлү Тамар Жвания журналисттерге билдиргендей, протоколдордун 28.2% (3847 тилкенин 1085и) саналып чыкты. Баштапкы көрсөткүчтөргө ылайык, башкаруучу «Грузин кыялы – демократиялык Грузия» партиясы 54.72% добуш алды. Ал эми башкы оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясы 23.61% добушка ээ болду. «Бакрадзе, Угулава, Бокерия – Европалык Грузия» ... Читать дальше...

Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликчил партия алдыга чыкты

Azattyk.org 

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыктарын жарыялады. Комиссиянын өкүлү Тамар Жвания журналисттерге билдиргендей, протоколдордун 28.2% (3847 тилкенин 1085и) саналып чыкты. Баштапкы көрсөткүчтөргө ылайык, башкаруучу «Грузин кыялы – демократиялык Грузия» партиясы  54.72% добуш алды. Ал эми башкы оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясы 23.61% добушка ээ болду. «Бакрадзе, Угулава, Бокерия – Европалык Грузия» ... Читать дальше...

Жаңы бийлик, эл аралык мамиленин эпкини

Azattyk.org 

Саясат талдоочулар Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу болуп, премьер-министрлик кызматка келиши жана анын соңку кадамдары эл аралык коомчулукка түшүнүксүз болуп, ошондуктан башка мамлекеттер шайлоого чейин анын бийлигин таанууга шашпай жатышканын белгилешүүдө.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *