“Конституцияны жаңы парламент кабыл алсын”
18-ноябрда Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялады.
18-ноябрда Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялады.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылышы жана Конституцияны өзгөртүү аракеттери боюнча Венеция комиссиясынын ардактуу төрайымы Ханна Сухоцка “Азаттыкка” маек курду.
19-ноябрда Душанбеде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда Казакбаев Кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшү боюнча айтып берген. Эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кеңири өңүттөрүн талкуугалады. Тараптар чек ара маселелери боюнча өкмөт аралык комиссиясынын... Читать дальше...
Дүйнөнү коронавирустун экинчи толкуну каптады. Улуттук өкмөттөр вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн кайрадан катаң чараларды көрүп, кээ бир мамлекеттер жаз айларындагыдай карантин шартында жашап жатышат. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар кандай?
АКШда коронавирустан улам каза болгондор 250 миң адамдан ашты. Бул өлкөдө вирустан улам ооруканага түшкөндөр кескин көбөйүүдө.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бейшембиде Израилдеги сапарынын алкагында Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт конуштарында болду. Ал бул аймакка барган алгачкы мамлекеттик катчы болуп калды. Помпео шарап өндүргөн Псагот ишканасында болду, бул жерде анын урматына «Помпео» деген шарап чыгарылат. Палестиндер бул сапарга каршы нааразылык акцияларын өткөрштү. Палестин автономиясынын өкүлү муну «опурталуу жагдай» деп сыпаттады. Палестиндер Израилди «Иордан дарыясынын Батыш жээгин аннексиялап алган» деп айыптап келет. Читать дальше...
Нейрохирург Рустамбек Уматалиев коронавирустан каза болду. Сонку айда вирустун жайылышы күчөп, күнүнө 20га чукул медицина кызматкеринен аныкталып жатат.
Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги быйыл тогуз айда 11,8 миң казак кайтып келип, кайрылман макамын алганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, алардын теңинен көбү (55,5%) Кытайдан келген. Калгандарын Өзбекстандан (28,8%), Түркмөнстандан (9,1%), Монголиядан (3,4%) жана башка мамлекеттерден кайткандар түзөт. Ушул жылдын май айында өлкөдө миграция мыйзамдары өзгөргөн. Ага ылайык, тарыхый мекенине кайтып келгендерди мындан ары «оралман» (кайрылман) эмес, «кандаш» деп атоо тууралуу эреже кирген. Читать дальше...
Төрт жылга уланган иликтөө австралиялык аскерлердин тандалма бөлүгү ооганстандык 39 туткунду өлтүргөн болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келди. Ал кезде Австралиянын контингенти АКШ баштаган коалиция курамында ооган жергесинде «Талибанга» каршы күрөшкө катышып жүргөн.
19-ноябрда Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда, жолугушууда Казакбаев Кыргызстандагы саясий окуялардын өнүгүшү боюнча айтып берген. Эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка кеңири өңүттөрүн талкууга алган. Тараптар... Читать дальше...
Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуш кылып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, айыл чарба министри Тилек Токтогазиев учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин белгилеген. «Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарлардын кымбатташын эске алып, бул маселени тез арада чечүү маанилүү. Читать дальше...
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жандуу оркестрдин коштоосунда “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмө өттү. Аны музей Чүй камералык оркестри менен биргеликте уюштурган. Музейде Иоганн Себастьян Бах, Вольфганг Амадей Моцарт баштаган атактуу композиторлордун чыгармалары аткарылды. Оркестрдин дирижеру Кыргыз эл артисти Рахатбек Осмоналиев.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан 19-ноябрда Ооганстанга расмий сапар менен келди. Ал Кабул менен «Талибандын» өз ара сүйлөшүүлөрүнөн азырынча майнап чыкпай, зордук-зомбулук күчөгөн чакта ооган президенти Ашраф Гани менен жолукту. Ганинин басма сөз катчысы Дава Хан Минапал эки лидер соода-экономикалык алака-катышты, аймактагы коопсуздукту талкуулай турганын айткан. Бул өкмөт башчы болуп 2018-жылы шайланган Имран Хандын Ооганстандагы алгачкы сапары. Мунун алдында АКШ келерки жылдын башына... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн тастыктады. Мекеменин басма сөз кызматы 19-ноябрда бул тууралуу маалымат таратып, тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбас курал табылганын, ал экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди. УКМК Ош шаарында жана Ош облусунда түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топ боюнча Жазык кодексинин «Уюшкан... Читать дальше...
Орусияда соңку бир күндө коронавирус дагы 23,6 миңден ашык адамдан табылды жана бул кезектеги антирекорд болуп калды. Илдетке кабылгандардын жалпы саны эки миллион кишиден ашты. Баарынан Москвада ооругандар көп катталып жатат, андан кийин Санкт-Петербург шаары менен Москва облусу турат. Акыркы бир күндө өпкөнү сезгенткен вирустан дагы 462 бейтап көз жумду жана бул да пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Коронавирус 35 миңдей адамдын өмүрүн кыйды. Украинада да соңку бир күндүн... Читать дальше...
Парламенттин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда демократияга жана сөз эркиндигине сокку ура турган жерлери бар деп эсептейт. Мындай пикирин экс-депутат «Азаттык» радиосу менен бөлүштү. «Конституциялык реформаны жасабаса болбойт. Бул тарыхый талап, мезгил талабы. Бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасасак болмок. Читать дальше...
АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өзүнүн жаңы китебинде Орусиянын лидери Владимир Путинди кескин сынга алып, аны «кылмыш синдикатын» эске салган өкмөттүн жетекчиси деп атаган. 17-ноябрда жарык көргөн «Кут түшкөн жер» (Promised Land) деген аталыштагы китепте Обама Путинди Америкадагы 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында жетектеген коррупционер мэрлерге окшоштурган. Обама жыйырма жылдан бери Орусияны президент жана өкмөт башчы катары жетектеп келаткан Путин «балким сестенте турган, бирок... Читать дальше...
Австралияда дээрлик төрт жылга созулган иликтөөдө өлкөнүн тандалма аскерлер бөлүгү ооганстандык 39 туткунду өлтүргөн болушу мүмкүн деген корутунду чыгарылды. Өлкөнүн Коргоо күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Ангус Кэмпбэлл армиянын беделине көлөкө түшүргөн бул маалымат 19-ноябрда жарык көргөн баяндамада айтылганын билдирди: "Судья Бреретон 57 эпизодду карап чыкты. 23 окуяда австралиялык жоокерлер 39 кишини мыйзамсыз өлтүрүүгө катышканы тууралуу маалымат ишеним жаратат деп тапты. Ал адамдар аскерлердин... Читать дальше...
«Йота» катуу шамалынан жапа чеккен Колумбия менен Гондураста табыгый кырсыктын кесепетинен дайынсыз жоголгондорду алардын туугандары, жакындары издеп жатат. Кубаты эң жогорку, бешинчи деңгээлге жеткен катуу шамалдын айынан 16-ноябрда Колумбияга караштуу Провиденсия архипелагынын дээрлик 98% кыйрап калган. Бийлик эки жаран каза болгонун ырастады. Куткарылган жергиликтүү тургундардын көбү жакын жердеги аралга көчүрүлдү. Жалпы аймакта ураган бери дегенде 27 адамдын өмүрүн алды. Куткаруучулар бул көрсөткүч көбөйүшү ыктымал экенин... Читать дальше...
Британиядагы «Economist» басылмасы дүйнөдөгү эң кымбат жана эң арзан шаарлардын кезектеги рейтингин жарыялады. Ага ылайык, жашоо-тиричилик кымбат деген шаарлардын сап башына Париж, Гонконг, Цюрих, Сингапур жана Осака чыкты. Акыркы жылдары бул тизмени Азия мамлекеттериндеги шаарлар, тактап айтканда Сингапур менен Осака баштап келген. Эң арзан деген шаарлар деп Дамаск, Ташкент, Лусака, Каракас жана Алматы таанылды. Бул ирет басылма дүйнөнүн 130 шаарындагы негизги деген 140тай азык-түлүк, буюм-тайым... Читать дальше...
Бишкекте үч эм төрөгөн 20 жаштагы келин өзү да, балдары да реанимациядан чыгышты, баарынын абалы жакшы. Бул тууралуу 19-ноябрда “Азаттык” радиосуна Перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамила Марипова билдирди. Анын айтымында, 16-ноябрда ай-күнүнө дээрлик бир ай жетпей, чукул операция жолу менен ара төрөлгөн ымыркайлардын үчөө тең эркек: “Ара төрөлгөндүктөн биринчи күндөрү балдарды реанимация карады. Кечээ ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которулду. Энеси операция убагында кан кеткендиктен реанимацияда болчу. Читать дальше...
АКШнын Жоржия штатында президенттик шайлоодогу добуштардын баары кайра колго саналып бүттү жана расмий бийлик анын жыйынтыгын 19-ноябрда жарыялаганы жатат. Буга чейин президент Дональд Трамп добуштар кайра саналса Жо Байденди утуп чыгарын айтып жаткан. Бирок штаттын катчысы Брэд Раффенспергер добуштардын кайра саналышы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этпей турганын айтты. Анын алдында штаттагы добуш берүү системасынын менежери Габриэл Стерлинг добуштар кайра саналганда Трамптын олуттуу... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалганын кабарлады. Мекеме 19-ноябрда расмий маалымат таратып, «Соцфонддун кызмат адамдарынын тобу материалдык жана башка артыкчылыктарга мыйзамсыз ээ болуу максатында мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан» деп билдирди. Атайын кызмат сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Ирсалиевдин акча талап кылууга катышы тууралуу төгүндөлгүс маалыматы бар экенин жарыялады. Читать дальше...
Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине жооп берди. Ал кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. Жапаровдун кайрылуусунда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү» деп айтылат. «2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып... Читать дальше...