Молдовада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Батышка ыктаган талапкер, өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду жеңип чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын баары саналып бүткөнүн, анын жыйынтыгы менен Сандуну шайлоочулардын 57,75% колдогонун билдирди. Өлкөнүн азыркы президенти, орусиячыл саясатчы Игорь Додон болсо 42,25% добуш алды.
Додон башкы саясий атаандашы Сандуга жеңилип калганын мойнуна ала элек. Ал добуш берүү маалында эреже бузулганын белгилеп... Читать дальше...